Адис айрым азыктарга зыянын билип туруп тартыла берүүнүн себебин түшүндүрдү

© Фото / Unsplash / Nathan DumlaoКартошка фрини бышыруу. Иллюстративдик сүрөт
Картошка фрини бышыруу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Жазылуу
Диетолог ооруга кептей турган тамак-ашты жей бергиси келгендер организмге жетишпей жаткан витаминдерди толукташ керектигин эскертти.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Адам кээде камыр, туздуу, таттуу, майлуу тамактарга тартылып калат. "Туура эмес" тамактарга тартылуу көп учурда адамдын организминде кандайдыр бир витамин, микроэлементтердин жетишсиздигинен кабар берерин диетолог Ольга Перевалова Spunik радиосуна курган маегинде айтып берди.
"Мисалы, тез даярдалган лапша, гамбургер, чүчпара же дагы башка ушул сыяктуу азыктарды алып турабыз. Анын курамында химиялык заттар, даам күчөткүчтөр, ашыкча май, трансмай, туз, шекер ашыкча көп экенин билип туруп жейбиз. Себеби организмге зарыл заттар жетишсиз", – деген Ольга Перевалова.
Диетолог таттууга, фастфудга жана башка ден соолукка зыян алып келген азыктарга тартылууну кантип калтырса болорун түшүндүргөн. Анын айтымында, организмде магний жетишсиз болсо адамдын шоколад, таттуу тортторду жегиси келет.
"Мындайда конфет-шоколад сатып алып жебей, аптекадан магний В6 алып ичүү сунушталат. Туздууну каалай берүү натрий, хлордун жетишсиздигинен кабар берет. Мындайда минералдарды ичүү зарыл. Трансмайларды каалай бергендердин организминде май жетишсиз, аны алуу үчүн каймак май жана өсүмдүк майларын көбүрөөк колдонуу кажет, алар А, D жана Е витаминдеринин булагы. Эт, камырга тартыла бергендер белокту толуктаганы оң, ал жумурткада көп", – дейт адис.
Ошондой эле дарыгер аялдарда айыздан 2-3 күн мурун да табит өзгөрөрүн кошумчалаган. Бул аялдын организми кан, аны менен кошо темир жоготууга даярданып жатканынан болот. Бул учурда айымдарга боор, эт, өзгөчө уйдун этин көп жесе жардамы чоң.
Төшөктө бир топ кыздар чипсы жеп отурушат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Таттуу, туздууну көп жегендердин тамак-аштын анык даамын сезүүсү начарлайт
Жаңылыктар түрмөгү
0