Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Малабаев: мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө кеңеш өкмөтүнөн үлгү алса болот

© Sputnik / Асылбек БактыбековТарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, педагог Саламат Малабаев
Тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, педагог Саламат Малабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Жазылуу
Тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, педагог Саламат Малабаев кыргыз тилин сапаттуу өнүктүрүүдө СССРден үлгү алса болорун айтты.
1918-жылы совет бийлиги түрк тилдерин өз өлкөлөрүндө мамлекеттик тил кылуу боюнча декрет чыгарган. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндө Абдыкерим Орозбеков ошол декреттин негизинде кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун берген. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Малабаев: мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө Кеңеш өкмөтүнөн үлгү алса болот
Анын айтымында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн тарта кыргыздарга жетекчилик кызматка келген башка улут өкүлдөрүнө жергиликтүү элдин тилин үйрөнүү милдети тагылган.

"Орус бийлиги жергиликтүү калктын тилин урматтоого өзгөчө көңүл бурган. Буга мисал катары 1920-жылдардагы азыркы Кыргызстан чөлкөмүндө ачылган калмак, немец, дунган мектептерин айтсак болот. Бул жалпы жергиликтүү калкты агартуу маселесинин алкагында кыргыз тилинде билим берген мектептерден сырткары, ушул жерди жердеген башка этносторго бурулган көңүл болууда. Мына ушунусу менен элдин алкышына арзыган. Кыргыздар тууралуу айта турган болсок, Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин деле жергиликтүү калк совет өкмөтүн курууга активдүү катыша берген эмес. Мурдагыдай эле жергиликтүү төбөлдөр салыгын салып, бийлигин жүргүзүп, эл баш ийип жашоосун уланта беришкен. Больщевиктер келип, жалпы коомду агартууга басым жасап мектептерди ачып, мусулман калкы болгон соң жакыныраак болсун деп, дароо өз арибине өткөрбөй араб жазуусун киргизишкен. Андан соң 1928-жылы латын тамгасына өткөрүшкөн. Андан кийин гана 1939-40-жылдары кириллицаны киргизишкен. Муну менен катар элдин кат-сабатын жоюуга өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыз тили мамлекеттик тил статусунда кызмат кылган. Сырттан келген жетекчилер мамлекеттик тилди үйрөнүшкөн. Ал эми азыр эгемен Кыргызстанда өзүбүздөн чыккан эле уул-кыздар башкармалык кызматтарда отурат. Өлкө ичиндеги башка этностордон деле жетекчилер аз. Бирок эмнегедир кыргыздар өзүбүз чогулуп алып кыргыз тилинин деңгээлин көтөрө албай жатабыз", — деди Малабаев.

Ал улуттук тилдин баркын жогорулатууда эч качан башка тилдер тоскоол болбой турганын, совет бийлигине окшоп билим берүү саясатын туура жүргүзгөн учурда гана мамлекеттик тил өнүгөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0