Кыргызстан суу ташкынынан жабыркаган казак элине гумжардам жөнөтөт

© Фото / пресс-служба акима Павлодарской области / Валерий БугаевКазакстандын Павлодар облусунда сел жүрдү
Казакстандын Павлодар облусунда сел жүрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстан суу ташкынынан жабыркаган казак элине гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн-эртең өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды жүктөп алып жеткирип берет.
"Бишкек ТЭЦинде авария болгондо биз көмөк сурабасак дагы коңшку өлкөлөр жардамдарды жөнөтүшкөн. Биз дагы Казакстан өзү жардам сурабаса да жиберип жатабыз. Ошондой эле 8-апрелде премьер-министри Бишкекке келет, ошондо дагы бизден кандай көмөк керектигин талкуулайбыз", — деди Жапаров.
ӨКМдин куткаруучулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2024
ӨКМ казак кесиптештерине селдин кесепетин жоюуга жардам сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0