Эскертүү! Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда көчкү түшөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖолдорго кар көчкүнүн түшүсү. Архив
Жолдорго кар көчкүнүн түшүсү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болгондор күнү-түнү иштеген 112 акысыз номерине чала алышат.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 18-19-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыктагы кыймыл чектелиши зарылдыгы белгиленди.

"Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот", — деди ӨКМ.

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алуу сунушталат. Кандайдыр бир кырсыкка күбө болгондор күнү-түнү иштеген 112 акысыз номерине чала алышат.
Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Бишкек — Ош жолунда автоунаалар үчүн чектөө киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0