19-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОштогу Сулайман-Тоонун этегинде өрүк гүлдөгөн учуру. Архив
Оштогу Сулайман-Тоонун этегинде өрүк гүлдөгөн учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
19-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 19-мартта күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +7...+12, Нарын жергесинде +2...+7 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +17...+19 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +20...+22 градус жылуу болот.
Жолдорго кар көчкүнүн түшүсү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Эскертүү! Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда көчкү түшөт
Жаңылыктар түрмөгү
0