Ноорузда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкекте Нооруз майрамына карата майрам алдындагы иш-чарадагы артисттер. Архив
Бишкекте Нооруз майрамына карата майрам алдындагы иш-чарадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
21-мартта өлкө боюнча күндүз жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 23-мартка чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, борбор калаа Бишкекте жуманын алгачкы күндөрү күн ачык болот. 20-марттан тарта жума аягына чейин мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлүүдө. Апта ичи абанын температурасы күндүз 12...19 градуска чейин жылуу болот.

Чүй жана Талас облустары

Өрөөндөрдө 17-18-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 19-мартта тоолуу райондорго кар жаап, андан соң жуманын аягына чейин жаан-чачын болот. Шамалдын ылдамдыгы 21-мартта айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндө дагы апта башында күн ачык болот. 20, 21 жана 23-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Нооруз күнү айрым жерлерде катуу шамал болушу мүмкүн.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Аймактарда 17-19-март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. 20-23-мартта көпчүлүк жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 21-мартта айрым жерлерде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу мүмкүн.
Бишкекте аял баласы менен тротуарда бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Күн жылыйбы? Март айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0