Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводу мамлекетке кайтарылды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРТаш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводу мамлекетке кайтарылды
Таш-Көмүр шаарындагы Кристалл заводу мамлекетке кайтарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Заводдун аймагында майнинг-ферма уюштуруу үчүн атайын "Компьютер Павер центр" аттуу ЖЧК түзүлүп, ал Көлбаевдин кылмыштуу иштерин каржылап турганы айтылды.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводу мамлекетке кайтарылганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, заводдун аймагында майнинг-ферма уюштуруу үчүн атайын "Компьютер Павер центр" аттуу ЖЧК түзүлүп, компания 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын октябрына чейин уруксат кагаздары жок мыйзамсыз майнинг-ферманы техникалык жактан жабдып келген.
"Компаниянын аткаруучу директору Таш-Көмүр шаарынын О.М. аттуу тургуну болгону менен анын финансы маселесин иш жүзүндө Көлбаевдин өкүл баласынын Т.А.К. аттуу жакын адамы башкарып турган. Майнинг-ферманын иши Көлбаевдин кылмыштуу иштерин каржылоого багытталган", — деп билдиришти атайын кызматтан.
Маалым болгондой, ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн "Аю холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган. "НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет. Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырганы кошумчаланды.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Маалым болгондой, ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн "Аю холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган

Маалым болгондой, ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн "Аю холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган - Sputnik Кыргызстан
1/4

Маалым болгондой, ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн "Аю холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

"НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет

"НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет - Sputnik Кыргызстан
2/4

"НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырганы кошумчаланды

Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырганы кошумчаланды - Sputnik Кыргызстан
3/4

Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырганы кошумчаланды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

УКМКдан "Кристалл" заводу заманбап электротехникаларды өндүрүүгө керектелген кремнийди чыгарган стратегиялык мааниге ээ объект экенин белгилеп, ишкана чет элдик инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын билдиришкен

УКМКдан "Кристалл" заводу заманбап электротехникаларды өндүрүүгө керектелген кремнийди чыгарган стратегиялык мааниге ээ объект экенин белгилеп, ишкана чет элдик инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын билдиришкен - Sputnik Кыргызстан
4/4

УКМКдан "Кристалл" заводу заманбап электротехникаларды өндүрүүгө керектелген кремнийди чыгарган стратегиялык мааниге ээ объект экенин белгилеп, ишкана чет элдик инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын билдиришкен

1/4

Маалым болгондой, ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн "Аю холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган

2/4

"НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет

3/4

Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырганы кошумчаланды

4/4

УКМКдан "Кристалл" заводу заманбап электротехникаларды өндүрүүгө керектелген кремнийди чыгарган стратегиялык мааниге ээ объект экенин белгилеп, ишкана чет элдик инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын билдиришкен

"Ошол эле учурда "Кристалл" заводу "Компьютер Пауэр Центр" ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткен. Таш-Көмүр райондук сотунун чечими менен завод мамлекеттин менчигине кайтарылды", — деп жазылат кабарда.
УКМКдан "Кристалл" заводу заманбап электротехникаларды өндүрүүгө керектелген кремнийди чыгарган стратегиялык мааниге ээ объект экенин белгилеп, ишкана чет элдик инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын билдиришкен.
Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
УКМК: Көлбаев "Кумтөрдөн" тымызын пайда көрүп турган
Жаңылыктар түрмөгү
0