00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстандын КРде лицензацияланган продукцияны киргизбөө ниети. Министрликтин жообу

© Sputnik / Акылбек БатырбековЭкономика министрлигинин имараты. Архив
Экономика министрлигинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Эгер Казакстан өкмөтүнүн токтом долбоору кабыл алынса, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлеринин биримдиктин ички рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстан өкмөтүнүн Кыргызстанда лицензияланган продукцияны ташып келүүнү чектөө боюнча токтом долбоорун соодага тоскоолдук деп атады.
Буга чейин Казакстан 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензацияланган продукцияларды киргизүүгө тыюу салууга белсенип жатканы кабарланган. Токтом долбоорун коңшу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги жарыялаган. Ведомство Кыргызстанда товарлардын сапатка дал келүүсүн тастыктоочу орган эреже бузуу менен коопсуздук боюнча сыноолорду өткөрбөй туруп эле документтерди берип жатканын билдирген. Ошондой эле Кыргызстанда сыноо лабораториялары 10 эсе аз экени, бирок уруксат кагаздары казакстандык органдардан да көп берилери белгиленген. Казак тараптын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жасалган документтердин дээрлик 40%ы коңшу өлкөнүн компанияларына берилген.
Бул документтин долбооруна карата КР Экономика министрлиги тынчсыздануусун билдирди.

"Казакстанда мындай токтомдун кабыл алынышы ЕАЭБдин ички рыногундагы барьерлерди пайда кылган тоскоолдук катары бааланат. Мындай чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги ишкерлердин бутун тушайт. Ошондой эле биримдиктин алкагындагы документтерди тааныбай коюу прецеденти жаралышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик сертификаттарды берүүдө эрежелер бузулбашы үчүн кандай иштер аткарылып жатканын тизмектеди:
Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги тарабынан аккредитацияны эреже бузуу менен жүргүзгөн субъектилер менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлган;
ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарды киргизүү/чыгарып салуу жөнүндө чечимди аккредитациялоо боюнча улуттук органдын тартиби жана негиздери жөнүндө жобо бекитилди;
Кыргызстанда буга чейин Кыргызстандын лабораториялары тарабынан берилген сыноолордун протоколдорунун реестри түзүлгөн;
КР Экономика министрлиги казак тарапка лицензияга байланыштуу органдар тарабынан колдонулган тесттердин отчетторунун мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн улуттук тестирлөөнүн отчетторунун реестрин түзүү сунуш кылынган;
Сертификаттоо боюнча органдарга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлүп, 6 органга 1,5 миллион сом айып салынып, 8 органдын аккредитациялык сертификаты токтотулуп, документтердин жарактуулугу жокко чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Садыр Жапаров ЕАЭБде кандай көйгөйлөр бар экенин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0