Кыргызстандын азык-түлүгү жаңы рынокторду багынта алабы? Сереп

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусундагы бакма канаттуулар фабрикасынын иштеши. Архив
Ысык-Көл облусундагы бакма канаттуулар фабрикасынын иштеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жазылуу
Эксперттер айыл чарба продукциясын экспорттоодо Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү кеңири дешет. Ал тургай буга чейин экспортко жөнөтүүгө болот деп каралбаган азык-түлүктөр боюнча да чоң пландар бар.
Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигинин басым жасоочу багыттарынын бири экспорт болорун билдирди. Анын айтымында, тизме түзүлүп, ага экспорттук товардын 60 аталышы киргизилмекчи. Бул жерде Кыргызстан жаңы рынок издейби жана экспортту ЕАЭБ мамлекеттерине, биринчи кезекте Россия менен Казакстанга көбөйтөбү деген эки суроо жаралат.
Өткөн жумада Бишкекте "Агродиалог-2024" форуму өтүп, анын бир нече секциясына Sputnik кабарчысы да катышкан.

Потенциал барбы?

Сурамжылоого алынган адистердин баары бир ооздон жергиликтүү айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалы абдан чоң экенин айтышты. Бакыт Төрөбаев өзү да бул товарлар жалпы экспорттун болгону 13 пайызын гана түзөрүн белгилеген.
© Sputnik / Бакыт ТолкановМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев
Форум Агродиалог 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев
"Экспорттун көлөмүн кескин жогорулатууга болот, дал ушул көлөмдү камсыздоо үчүн кооперативдердин зарылдыгы тууралуу кеп кылып жатабыз. Күн, суу, жумушчу күч бар, ушул үч ресурсту туура пайдалануу керек. Мындай артыкчылык бардык эле мамлекеттерге берилген эмес", — деди министр.
Тармактын потенциалы толук ачыла алектигине "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти Бакытбек Мамытканов мыкты мисал келтирди. Ал совет мезгилинде Кыргызстан эт менен миллиондогон калкы бар Ленинград облусун камсыздап келгенин эске салып, муну кайрадан колго алууга мүмкүн экенин белгиледи. Республикада жайыт жердин аянты 9 миллион гектарды түзүп, бодо малдын башынын саны 2 миллионго жетерин, Ирландияда 7,5 миллион баш уйга 2 миллион гектар жайыт туура келерин эсептеп берген. Анын үстүнө Кыргызстанда колдогу малдын потенциалы толук колдонулбайт.
© Sputnik / Бакыт Толканов"Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти Бакытбек Мамытканов
Форум Агродиалог 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
"Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти Бакытбек Мамытканов
"Бир учур бар: ички рынок үчүн 250 килограмм эт берген букалар багылат, андан ашпайт. Мында кеп соода түйүндөрү бир суткада ашып кетсе 200 килограмм эт сатып, фермерлерден этти чакан көлөмдө талап кылганында. Демек, өз өндүрүшүбүздү өзүбүз чектеп жатабыз", — деди Мамытканов.
Ал эми ири көлөм талап кылган экспортко багыт алганда учурда салмагы бир тонналык же андан ашкан букаларды багууга жол ачылмактыгын кошумчалады.
"Мындай мүмкүнчүлүк экспортко иштөөгө жол ачып, соода балансын жакшыртат, эт менен өзүбүздү толук камсыздоого болот. Кыргызстандан беш эсе кичине болгон Голландия бизден беш эсе көп эт өндүрөт. Демек, биз дагы азыркы 267 миң тонналык көрсөткүчтү кеминде эле беш эсе көбөйтө алабыз", — деди Мамытканов.

Амбициялуу пландар

Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн көбү (май, кумшекер, буудай ж.б.) менен камсыздай албай турганы маалым, анткен менен акыркы жылдары импортко болгон көз карандылык акарындап кыскарууда. Ал тургай өзүбүздү камсыздоочу деңгээлге жетүү менен чектелбей, азык-түлүктүн айрым түрүн экспортко да чыгаруу боюнча пландар пайда боло баштады. Бул тууралуу "Кошой" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана "Кайыңды-Кант" директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев аталган форумда билдирди.
Эскерте кетсек, өлкө былтыр 80 миң тонна кумшекер чыгарып, өзүн керектүү көлөмдүн жарымынан көбүрөөгү менен камсыздаган.
© Sputnik / Бакыт Толканов"Кошой" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана "Кайыңды-Кант" директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев
Форум Агродиалог 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
"Кошой" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана "Кайыңды-Кант" директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев
"Башкы максатыбыз — азыр биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо — бул ички рынок үчүн 150 миң тонна, андан кийин экспорт үчүн кеминде 50 тонна кумшекер өндүрүү", — деди Алтыбаев.
Sputnik кабарчысы менен сүйлөшүп жатып ал кеп 2030-жылга чейинки пландар тууралуу болуп жатканын айтып берди.
"Бул үчүн 25 гектар жерге кант кызылчасын айдоо керек. Продукцияны Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга чыгарууга болот, алардын заводдору калкын камсыздап жетише албай жатат. Мисалы, Казакстанда керектөө 450 миң тоннаны түзүп үч эсеге көп, өздөрү айдаган кызылчадан бизден да аз көлөмдө — 57-58 миң тонна гана кант алышат", — деди маектеш.
"Евразиялык куш фабрикасы" ЖЧКсынын ээси Артур Фархутдинов Кыргызстанда тоок этин керектөө 55 миң тоннаны түзөрүн, бирок республика өзүн бул эт менен толук камсыз кыла албай турганын айтып берди. Аталган компания жылына 10 миң тонна тоок этин чыгарат, буга кошумча, РКӨФтүн колдоосу менен Ысык-Көл облусунда дагы бир тоок фабрикасы (жылына 20 миң тонна) курулууда.
© Sputnik / Бакыт Толканов"Евразиялык куш фабрикасы" ЖЧКсынын ээси Артур Фархутдинов (микрофон менен)
Форум Агродиалог 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
"Евразиялык куш фабрикасы" ЖЧКсынын ээси Артур Фархутдинов (микрофон менен)
"Үч-төрт жылдын ичинде ички муктаждыгыбызды жабабыз деген ишеним бар. Кытай компаниясы менен экспорт боюнча келишимге кол коюлду. Товарды чет өлкөгө сатуу керек. Биздин тоок этине Афганстан менен Тажикстандан суроо-талап бар", — деди Фархутдинов.

Жаңы рынок барбы?

Эксперттердин көбүнүн бул суроого жообу окшош болду: негизинен Кытай, араб өлкөлөрү менен коңшу мамлекеттер аталды.
"Кытай, араб өлкөлөрү бизден бал, мөмө-жемиш алышат", — деди Бакыт Төрөбаев.
РКӨФ башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков кытай рыногу Made in KG продукциясы үчүн артыкчылыктуу деген тараптардын сап башында турарын айтты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовРКӨФ башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков
Брифинг Какие проекты реализует РКФР в 2024 году - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
РКӨФ башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков
"Бул жакка экспорттун көлөмү барган сайын жогорулат жатат. Биздин маалымат боюнча, кытайлыктардын этке, сүт, жашылча-жемиш, айтор, көп нерсеге кызыгуусу күч. Товар катуу көзөмөлдөн өтөт, бул жогорку сапатты кепилдейт. Айыл чарба продукциясын ири көлөмдө экспорттой алабыз, албетте, ЕАЭБ рыногу да четте калбайт", — деди ал.
Бакытбек Мамытканов рыноктор барган сайын кеңейип жатканын белгиледи.
"ЕАЭБ жана жакын коңшу болгон Тажикстан, Өзбекстан, Кытай жана Афганстан бар", — деди ал.

Кыргызстан ЕАЭБге жасалган экспорттун структурасын өзгөртүү ниетинде

Эксперттер Евразиялык экономикалык биримдиктин рыногуна жогорку баасын беришти. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Рустам Балтабаев Казакстан менен Россия Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү, муну менен бирге экспорт структурасында артыкчылыктуу орду бар "салттуу жана баалуу рынок" экенин белгиледи. Балтабаевге кошулган бир катар адистер да ири көлөмгө жетүү үчүн кайра иштетилген продукциянын экспорту менен кооперацияга басым жасоо керектигин айтышууда.
© Sputnik / Бакыт ТолкановАгроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Рустам Балтабаев
Форум Агродиалог 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Рустам Балтабаев
"Мында кеп ЕАЭБге сырье эле эмес, кошумча нарктын чынжырчасы өзүбүздө калгыдай кылып кайра иштетилген продукцияны да жөнөтүү тууралуу болууда", — деп түшүндүрдү Балтабаев.
Интеграциялык бирикмеге кирген мамлекеттерге жасалчу экспорт маселесине Бакыт Төрөбаев да токтолгон.
"Максатыбыз — продукцияны мезгилге карабай жыл бою жеткирип тургудай деңгээлге жеткирүү. Бул үчүн көлөм жана кайра иштетүүнү колго алуу керек. Бизде продукциянын 10 пайызга жетпеген көлөмү гана кайра иштетилип, 5 пайызы эле сакталат", — деди өкмөттүн өкүлү.
Бакыт Курманбеков өз кезегинде ЕАЭБге чыккан товардын түрүн көбөйтүүнүн зарылдыгы жоктугун, ириде көлөмдү жогорулатуу керектигин белгиледи.
"Буга жөнөкөй эле жашылча-жемиш сактаган кампалар жардам берет. Мында айыл чарба продукциясынын түшүмүн кийинки жылдын жаз-жай айларына чейин сактоого мүмкүн болот. Масштабга басым жасаганыбыз оң", — деди ал.
Мөмө-жемиш, жашылча саткан "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын башчысы Максат Белошаров бүгүнкү күндө кайра иштетилген продукциянын тоңдурулган, консервацияланган жана кургатылган түрүнүн келечеги кең экенин билдирди.
© Sputnik / Бакыт ТолкановМөмө-жемиш, жашылча саткан "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын башчысы Максат Белошаров
Форум Агродиалог 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Мөмө-жемиш, жашылча саткан "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын башчысы Максат Белошаров
"Биздин рынок — Россия, Казакстан, Өзбекстандын айрым бөлүгү. Азырынча жетет, алыскы чет өлкөлөрдү карай элекпиз", — деди бизнесмен.
"Россия менен Казакстанга сатылган товардын көлөмүн көбөйтүүгө болобу?" деген суроого Белошаров оң жооп берди. Анын айтымында, аталган өлкөлөрдө суроо-талап жогору болгон маржиналдык азык-түлүктүн тизмеси түзүлгөн.
Алчанын түшүмүн жыйноо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Адис экспорт үчүн ыңгайлуу, кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн санады
Жаңылыктар түрмөгү
0