ЖМК: Шольц менен Макрондун суук селки мамилеси эми ачык эрегишке өттү

© AP Photo / Ebrahim NorooziГермания канцлери Олаф Шольц
Германия канцлери Олаф Шольц  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
Politico немец аткаминерлерине таянып, Макрон Берлинге салыштырмалуу жетиштүү кадам жасабаганы менен Украина тууралуу "катуу билдирүү кылууга" даярданып жатканын жазды.
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц менен Франция президенти Эммануэль Макрондун ортосундагы Украина боюнча пикир келишпеген мамилеси француз лидеринин Киевге аскер жөнөтүү боюнча билдирүүсүнөн кийин ачык эрегишке өттү. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып жазды.
Буга чейин Макрон ЕБ соккуларды тереңирээк уруш үчүн тогузунчу — бомба жана ракеталар менен камсыздоочу коалицияны түзүүнү чечкенин билдирген. Андан сырткары, Франция "бул согушта Россиянын жеңилиши үчүн" болгон күчүн жумшаарын кошумчалаган. Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери аскер жөнөтүүнү талкуулап жатканын, бирок бир пикирге келе электигин да айткан эле.
Макрондун билдирүүсүнөн көп өтпөй эле Олаф Шольц менен анын коргоо министри Борис Писториус Германия аскерлерин Украинага жөнөтпөй тургандыктарын жар салды. Канцлер жалпысынан НАТО мындай нерсени жасоого кам урбаганын билдирген. Шольц Киевге алыска атыла турган канаттуу Taurus ракеталарын жөнөтүү планы жоктугун кошумчалаган.
"Украинага берилчү жардам боюнча Шольц менен Макрондун ортосундагы пикир келишпестик ачык душмандашууга өтүп баратат", — деп белгилеген басылма.
Politico немец аткаминерлерине таянып, Макрон Берлинге салыштырмалуу жетиштүү кадам жасабаганы менен Украина тууралуу "катуу билдирүү кылууга" даярданып жатканын жазды.
Дүйнөлүк экономика боюнча Киль институтунун маалыматтарына таянган басылма Германия Украинага 17 миллиард евро убада кылганын, ал эми Францияныкы 640 миллион сумма экенин жазган.
"Француз аткаминерлери алар чындап керек боло турган курал-жарак менен камсыздап, анысын немецтерге караганда өтө кылчактап отурбастан жасашарын айтышат", — деп жазган Politico.
Басылма аны менен катар эле эки мамлекеттин Украинага карай турган жардамы жаатындагы кадамдарын салыштырып, Германия бир катар куралдарды жөнөтүп жатканын, маселен, Taurus ракеталарында чечкинсизирээктигин белгилеген.
Politico Париждеги саммитте Макрон Шольцту Киевге курал берүүдө "тарыхый чечкинсиздиги үчүн" артынан түшүп алганын жазган.
Андан мурдараак Шольц видеокайрылуу жасап, НАТО Украинадагы чатактын тарабына туруп албастыгын, ал эми немец аскерлери Киевге жиберилбей турганын айткан.
Владимир Зеленский, Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Париждеги жолугушууда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадан улам Франция менен Германияда чатак чыгып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0