Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кашкар шаарына барды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРАкылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кашгар шаарына барды
Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кашгар шаарына барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кашкар шаарына (КЭР СУАР) барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров сапардын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь-Уйгур автономдуу районунун (КЭР) өкмөттөрүнүн үч тараптуу жолугушуусуна катыша турганы айтылат.
Мындан тышкары, “Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына, Кашкардагы "Нарын" эркин экономикалык аймагынын кампасына жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун бондалык кампасына баруусу күтүлүүдө.
Камбар-Ата ГЭСи. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Минкаб төрагасы: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 млрд. доллар табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0