Эрозия кайсы учурда ракка айланат. Адистердин маеги

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУЗИ аппаратынан өтүп жаткан бейтап. Архив
УЗИ аппаратынан өтүп жаткан бейтап. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Жатын моюнчасынын рагы, эрозия ушу тапта аялзаты үчүн өтө маанилүү темага айланды. Учурда аялдар арасында бул дарт эмчек безинин рагынан кийинки эле орунда турат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров жана окутуучу, доцент Изабелла Асанова болду. Биз аялдар арасында көп кездешкен жатын моюнчасынын рагы, эрозиясы жана оорунун табияты тууралуу маселеге үңүлүп, суроолорубузга жооп алдык.
© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров
Президент Ассоциации акушеров-гинекологов и неонатологов Кыргызстана, доктор медицинских наук, профессор Арсен Аскеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров
— Арсен Аскерович, алгач эрозия тууралуу айтып берсеңиз?
Арсен Аскеров: — Эрозия — бул жатын моюнчасындагы бир айлык же 2-3 жумалык илдет. Муну көбүнчө эктопия менен алмаштыра берет. Эктопия да зыяндуу жана зыянсыз болуп бөлүнөт. Жатын моюнчасынын рагы аялдарды өлүмгө да алып келери шексиз. Папилломалардын ичинен беш-алтоосу гана ракка алып барат. Эрозияга (эктопияга) жыныстык карым-катнашка барган ар бир айым кабылышы мүмкүн. Бирок ал өзүнөн өзү эле ракка айлана бербейт. Жатын моюнчасындагы бактериялар жана вирустардан улам келип чыккан сезгенүүлөр ага таасир этет. Муну менен катар стресс, адамдын иммундук системасынын начарлашынан да көз каранды. Ушулардын кесепетинен зыяндуу эктопия эки-үч жылдан 10 жылга чейинки аралыкта ракка өтө баштайт.
— Акыркы учурда эрозияны күйгүзүү жана күйгүзбөө керек деген эки ача пикир айтылууда. Кайсынысы туура?
А.А.: — Эрозия (зыянсыз эктопия) өспүрүм кезден төрөгөн мезгилге чейин жүрө бериши мүмкүн. Эгер аялдын иммундук системасы жакшы, козгоочу вирустар жок болсо күйгүзүүнүн кереги жок. Ал эми эктопиянын жаман түрүн ( дисплазия — А.Аскеров) кольпоскопиянын жардамы менен текшерип, кестирип алып салуу абзел. Мурда гинекологдор дароо онкологдорго жиберип, ракка чейинки эктопияны деле толук алып салышчу. Азыр илимдин жетишкендиги менен эктопиянын ракка чейинки жаман түрүн (дисплазия) тереңдигине, өлчөмүнө жараша күйгүзүп коюшат. Мында вирус өлөт да, жаңы клеткалар анын ордун жаба баштайт. Көпчүлүк учурда ракка жеткирбей дарыласа болот.
© Sputnik / Асылбек БактыбековОкутуучу, медицина илимдеринин доценти Изабелла Асанова
Преподаватель, доцент медицинских наук Изабелла Асанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Окутуучу, медицина илимдеринин доценти Изабелла Асанова
— Изабелла Эсенгуловна, эрозиянын ракка чейинки түрү менен кайрылгандардын саны канчалык?
Изабелла Асанова: — Негизинен бизде аялдар гинекологго келип текшерилип турууну билбейт. Качан гана ооруганда келишет. Өз убактысы менен цитологиядан өтүп, скрининг жасатпайт. Цитологиядан жаман типтеги вирустар табылса кольпоскопиядан өткөрөбүз. Андан кийин жатын моюнчасында өзгөрүүлөр байкалса гана дарылоого алабыз. Вирустар дароо эле ракка айланбайт, убактысы менен өрчүйт. Ошол себептен алгач консервативдүү ыкма менен дарыланат. Ал эми ракка өтүшүп бара жатканын байкасак гана оперативдүү дарылоого киришебиз. Кистологияга да жиберебиз.
— Бул дарт алгач жанды оорутпай, билинбей жүрө берет экен. Кандай белгилеринен улам байкаса болот?
И.А.: — Ооба, алгач билинбейт. Ракка айланып кеткенде контакт болгондо канай баштайт. Ошол себептен убагында ден соолугун текшертип, турмушка чыккандан кийин жок дегенде эки жылда бир гинекологго көрүнүп туруу кажет.
А.А.: — Жатындын өзүнүн да рагы бар. Бирок ага салыштырганда эмчек безинин рагы менен жатын моюнчасынын рагы көп кездешет. Эрте аныкталган эмчек безинин рагын 40 жашка чейинкилер арасында нур менен дарылап, аялдын өмүрүн сактап калса болот. Ал эми 40 жаштан кийин дарт жеңилирээк өтөт деген көз караш бар. Ошол себептен кыз-келиндер ооруса да, оорубаса да маммологго көрүнүп турушу зарыл. Кичине эле тынчсыздануу болсо (кармаганда бүртүкчө байкалып, мезгил-мезгили менен бир аз ооруксунуу же үрпүнөн суюктуктун бөлүнүп чыгуусу — А.Аскеров) маммографиядан өтүү сунушталат. Анан да күзгүнүн алдында туруп өзүн-өзү текшерүүчү эң жөнөкөй ыкмаларды да өздөштүрүп алуу керек. Ал эми жатын моюнчасын, тескерисинче, 40 жаштан кийин гинекологго көбүрөөк барып, текшерилип туруу кажет.
Магниттик-резонанстык томография (МРТ) аппараты. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Кыргызстандагы өзөктүк медицина. Ракты дарылоого "Росатомдун" көмөгү
— Бул ооруларга сексуалдык жүрүм-турум да таасир этеби?
А.А.: — Сексуалдык жүрүм-турумга да байланыштуу болуп калат. Бирок хламидия, герпес өңдүү бактериялар папилломанын айрым түрлөрүнүн ракка айланышына түрткү болот. Мындан тышкары, вагиналдык табигый бактериялар бар. Алардын пайдалуусу да, зыяндуусу да кездешет. Туура эмес тамактанган, каны аз, иммундук системасы начар аялдардын вагиналдык экологиясы начар болот. Бул жытынын өзгөрүүсүнөн, айыздын көбүрөөк келе башташынан байкалат. Зыяндуу бактериялар туура эмес тамактануудан, аз кыймылдагандан, таттууну көп жегенден же стресстен улам көбөйөт.
— Жатын моюнчасынын рагынан адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнбү?
И.А.: — Вагиналдык экологияны таза сактап, туура жашоо образы менен жүрсө вирус өзү эле кетип калат. Оорунун ракка чейинки бардык стадияларын жана жаңы башталган ракты, I, II стадиясын дарылоого болот, III, IV стадиясы өрчүп кеткен түрү болуп эсептелинет. Жатын моюнчасындагы эрозияны кесип алып салуу төрөткө эч кандай таасир этпейт. Айрым учурда ал төрөгөндөн кийин өзү эле кетип калат.
А.А.: — Учурда 11-13 жаштагы кыздарга 4 түрдүү вируска каршы вакцина сайдыруу жүрүп жатат. Өлүү вирустарды жамбашка сайып койсо 6 айдын ичинде иммунитет пайда болот. Кийин турмушка чыкканда вирус кирсе да оору кабылдап кетпейт. Экинчиден, убагында дарыгерге көрүнүп, жакшы адистерге барып туруу керек. Мыкты гинекологдор эрозиянын жаман түрүн өздөрү эле дарылап коёт.
— Азыр эрозияны айыктыруучу ар кандай маздарды да сатып жатышат. Ага ишенген айымдар да аз эмес...
А.А.: — Көп аялдар өздөрү диагноз коюп алып эле дарылана беришет. Анатомияны билбеген соң тобокелдикке барбаш керек. Дарыгерлер кылдат текшерип, анан кесип алып салуу менен дарылап жаткан ооруну мазь сүйкөп айыктырууга болбойт да. Бул жөн гана жарнама, акча табуу. Ишенүүгө болбойт. Туура эмес дарылануу менен оорууну күчөтүп алышыңар мүмкүн. Ар кандай жуунуучу каражаттарды колдонуу менен вагиналдык бактерияларды сезгентип алышат. Химиялык жол менен жасалган косметикалык каражаттар пайдалуу бактерияларды жок кылып коёт. Андан кийин калыбына келтирүү кыйын.
© Sputnik / Асылбек БактыбековАрсен Аскеров: — Аялдар бойго бүткөн мезгилде дароо каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө болушу шарт. Себеби жеке кайдыгерлигинен улам дарыгерди күнөөлөп чыккан учурлар абдан көп. Ушул себептен аялдарды сабаттуу болууга чакырам. Ооруну алдын алуу өтө маанилүү
Президент Ассоциации акушеров-гинекологов и неонатологов Кыргызстана, доктор медицинских наук, профессор Арсен Аскеров и преподаватель, доцент медицинских наук Изабелла Асанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Арсен Аскеров: — Аялдар бойго бүткөн мезгилде дароо каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө болушу шарт. Себеби жеке кайдыгерлигинен улам дарыгерди күнөөлөп чыккан учурлар абдан көп. Ушул себептен аялдарды сабаттуу болууга чакырам. Ооруну алдын алуу өтө маанилүү
— Учурда жатын моюнчасына байланышкан дарттарды дарылаган адистер жетиштүүбү? Деңгээлдери кандай?
И.А.: — Ар кандай деңгээлдеги адистерди кезиктиребиз. Бирок гинекологдор жатын моюнчасына байланыштуу оорулар боюнча атайын курстан өтүшү керек. Бул квалификацияны жогорулатууга кирет. Сертификат берилет. Кольпоскопиядан өткөрүүнү да өзүнчө окушат. Ушундан кийин гана жогорку деңгээлдеги адис болушат. Бейтаптар да атайын окуудан өткөн дарыгерлерге көрүнсө сапаттуу жардам алат. Муну врачтар жеке каалоосу менен окуйт. Ал эми кадимки гинекологдор карап, оорунун белгилерин тапса гана керектүү адиске жибериши керек.
— Ар кандай тар, ыңгайсыз кийимдердин да бул ооруларга таасири барбы?
А.А.: — Бул тууралуу көп эле айтылат. Албетте, түздөн-түз себеп болот деп айта албайм, бирок өбөлгө болушу мүмкүн. Мисалы, жумурткалардын сезгенүүсүнө алып келет. Акыркы кезде аялдардын жумурткасынын резерви төмөндөп баратканы маалым. Ал айыздын көзөмөлгө алынбаганынан, туура эмес журүм-турумдан улам болууда. Өтө тыкыс жынсыларды кийишет. Негизи вагиналдык экология кысылбай, желдеп турушу да өтө маанилүү. Тумчулап салганда зыяндуу бактериялар көбөйө баштайт. Жамбаш көңдөйүндө жаткан омурткалар нерв системаларынын жайгашышына таасир этет.
Ошондой эле белгилеп кетүүчү жагдай, аялдар бойго бүткөн мезгилде дароо каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө болушу шарт. Себеби жеке кайдыгерлигинен улам дарыгерди күнөөлөп чыккан учурлар абдан көп. Ушул себептен аялдарды сабаттуу болууга чакырам. Ооруну алдын алуу өтө маанилүү. Экинчиден, аялдардын эрте эле жумуртка резервинин төмөндөп баратканына стресс, депрессия да таасир этет. Кеч турмушка чыкканда да балалуу болуу мүмкүнчүлүгү азаят. Гормоналдык таблеткалар эрте картаюуну токтотуп турат. Ушул жагын да байкоо керек.
Киши эки колу менен бетин жаап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Организмде темирдин жетишсиздиги 38 ооруну шартташы мүмкүн. Гематологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0