Трихолог чачты элдик ыкмалар менен "дарылоонун" кесепеттерин айтты

© Фото / Unsplash / Element5 DigitalЧачын кармап турган кыз. Архив
Чачын кармап турган кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Адис чачтын түшүү себебин трихологго кайрылып аныктоо зарылдыгын билдирген.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чач кубаттуу, калың болушу үчүн көптөр баш териге тамак-аш азыктарын, түрдүү майларды, чөп чайларды сүйкөшөт. Бирок мындай элдик медицина чачты жакшырта албай турганын, ал тургай ар кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин трихолог Ольга Кохас Sputnik радиосундагы маегинде айтып берди.
Кохастын билдирүүсүнө ылайык, үйдөн адамдар чачка көбүнчө коньяк, горчица, кызыл калемпир, пияз, сарымсак, жумуртка жана башкаларды сүйкөшөт.
"Үй шартында эле кайсы бир чөптү кайнатып алып, анын суусун чачка сүйкөп койгондон эч кандай пайда болбойт. Ромашка, чалкан, кайың, пияз, сарымсак, кызыл калемпир өңдүү өсүмдүктөрдөн чачка зарыл концентрацияларды өз алдыбызча "сыгып" ала албайбыз. Ошондуктан өндүрүштүк экстракция жасалат. Мисалы, ошол эле пияз кислота бөлүп чыгарат да, ал кислота баш терини күйгүзүп, иммундук коргонуучу ткандарды бузат, андан кийин чачтын өсүшү жайлап, кубаты кетет", – деп түшүндүргөн Ольга Кохас.
Адис айрымдар өз алдынча түрдүү майларды да колдонушарын, алар косметикалык каражаттын курамында колдонулбаса чачка зыянын тийгизерин белгилеген.
"Чач түшүп жатса май сүйкөгөнгө такыр болбойт. Себеби май чачтагы нымдуулукту тартып алат да, ого бетер көп түшө баштайт. Мындай көйгөй болсо атайын өндүрүштөн чыгарылган майларды колдонууну сунуштайм, себеби ага чачтан оңой жуула турган, чачтын түптөрүн башка заттардан сактай турган да ингредиенттер кошулат", – деген Ольга Кохас.
Айтымында, чачтын түшүшү организмдеги кайсы бир көрүнүштөн кабар берет. Аны аныктоо зарыл.
"Кээ бирлер башы какач болуп жатса дароо барып какачка каршы шампунь ала калат, анын курамында грибокко каршы заттар бар. Эгер башында грибок болбосо бул шампунду алуунун зарылчылыгы жок. Ушундай көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн трихологдор иштешет. Диагнозун аныктоо үчүн адиске кайрылгандар өздөрүнүн оюна келбеген себептерден улам болуп жатканын түшүнүшөт", – деген дарыгер.
Трихолог Аида Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Радио
Трихолог: эркектер арасында чач түшкөн көйгөй күчөп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0