Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Трихолог: эркектер арасында чач түшкөн көйгөй күчөп жатат

© SputnikТрихолог Аида Жапарова
Трихолог Аида Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Трихолог Аида Жапарова акыркы учурда стресстен улам чач түшүү көйгөйү менен жигиттер көп кайрылып жатканын айтты.
Стресс болгондо кортизол гормону көбөйүп, ал жаштыкты сактоочу гиалурон кычкылын азайтат. Мындан улам бетке эрте бырыш түшүп, чач түшө баштайт. Бул тууралуу Аида Жапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Трихолог: эркектер арасында чач түшкөн көйгөй күчөп жатат
Анын айтымында, чачтын агаруусу тукум кууйт. Витаминдердин жардамы менен чачты эрте агаруудан сактаса болот, бирок өңүн түбөлүк сактап калуу мүмкүн эмес.
"Трихология бул чач жана андагы ооруларды дарылоочу илим болуп эсептелинет. Акыркы кезде кыз-келиндер гана эмес, эркектер да чачка көп көңүл буруп калышты. Стресстенби же экология бузулганданбы, айтор, чачтын түшүүсү (алопеция) менен кайрылгандар көп. Стресс болгондо организмде кортизол гормону көп бөлүнө баштайт. Адамдын терисин жакшыртып туруучу гиалурон кычкылын ошол кортизол азайтат. Андан улам беттин бырышы көбөйүп, чач түшө баштайт. Экинчиден, витаминдин аздыгы, анион, катиондор да таасир этет. Анан да ферритинге, темирге да анализ алынат. Темирөткү (чакалай) оорулары, гормондун дисбалансы да себеп болот. Муну менен катар коронавирус пандемиясынан кийин көп адамдар чачы түшүп жатканына даттанып келишти. Анда вирустан улам канда тромбоз болгону белгилүү. Кандын жетишсиздигинен да чач түшө баштайт. Чач да өзүнчө орган, ошол себептен ага да кам көрүү кажет. Темирөткүнүн дагы бир түрү какачты пайда кылат. Ал эми себарикалык дерматоз оорусу чачты тез-тез майланыштырып, ар кандай жагымсыз жыт бөлүп чыгарат. Бул ооруну айыктырса болот. Айрым учурда аялдардын организминде эркектин гормону көп болуп кеткенде да чач түшүп, какачтайт. Ошол эле учурда кичине балдар арасында чачтын паразиттик оорулары көп", — деди Жапарова.
Ал аял менен эркектер эки башка косметикалык жуунучу каражаттарын колдонушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0