Юрист соцтармакта мактануунун же кайгы менен бөлүшүүнүн кесепетин айтты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКызды сүрөткө тартып жаткан киши. Архив
Кызды сүрөткө тартып жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
Адис пост жарыялоодо мүмкүн болушунча жеке маалыматтарды аз жазууга чакырган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Интернет-колдонуучулардын баракчаларына жарыялаган публикациялары шылуундарга кара өзгөй максаттарына жетиш үчүн курал болуп берет. Бул тууралуу россиялык юрист Иван Соловьев Sputnik радиосуна курган маегинде түшүндүрүп берди.
Ал баракчага адам кайгылуу окуясы тууралуу жазабы же балдарынын ийгилиги жөнүндөбү, же жөн гана деңиз жээгинде эс алып жатканын жарыялайбы, айтор, шылуундар үчүн алдамчылык схемасын түзүүгө жол ачып берерин белгилеген.
"Адамдар кымбат баалуу буюм алганын ийгилик катары жаңылык кылып жарыялашы мүмкүн, балким саякаттап жүргөнүн билдириши ыктымал. Колунда бар экенине көзү жетип бул кишини базасына киргизиши мүмкүн. "Курмандыкка илинчү" адамдын эсебинде ири суммадагы каражат болорун түшүнгөн соң аны алуунун амалын ойлоно башташат", — деген Соловьев.
Юрист соцтармактагы маалыматтарды колдонуу менен шылуундар башка ыкмаларды да ишке ашырарын белгилеген. Мисалы, адам чет өлкөдө эс алып жүргөн видео, сүрөттөрүн жарыяласа алдамчылар ага чалып, эсебиңизден акчаңызды уурдап жатышат, башка эсепке которуңуз деген сунушту айтат. Чет мамлекетте жүргөндө банкка барып эсепти текшертүүгө шарт болбогондуктан айрымдар бул тузакка илинип калышы мүмкүн. Шылуундардын максатына жетишине түзүлгөн дагы бир шарт — алар сиздин үйдө эмес экениңизди билген соң уурулукка да кириши ыктымал.
"Интернет-шылуундар колдонгон дагы бир ыкма – сизге кызык болгон жазуулары бар шилтемени жөнөтүү. Мисалы, сиз балаңыз жакын арада сынактан жеңгенин же түгөйүңүз менен мамилеңиз жакшы болбой жатканын жаздыңыз дейли. Муну аңдып турган алдамчылар "балам сынакка катышууда, добуш бериңиз" деген сыяктуу маалымат жазылган шилтеме жөнөтүшү мүмкүн. Шилтеме аркылуу өткөндө алар сиздин каражаттын маалыматын алат. Же жакын адамыңыз менен мамилени оңдоо үчүн тренингдин шилтемесин жөнөтөт, сиздин көкөйүңүздөгү тема болуп жаткандан кийин ага баш багасыз. Мына ушул жерден аларга каржылык маалыматтарыңызга ээ болуу ыктымалдуулугу жаралат", — деп эскерткен юрист.
Ошондой эле ал жакын адамын жоготкон адамдар түрдүү манипуляцияга оңой илинишерин, муну билген алдамчылар аларга да кайырмак ыргытарын кошумчалаган. Юрист аккаунттагы достордун санын ашыкча көп кылуунун кажети жок экенин белгилеп, пост жарыялоодо мүмкүн болушунча жеке маалыматтарды аз жазууга чакырган. Ал адамдын кесибине байланышкан же нейтралдуу темаларда пост жазуу коопсуз деп эсептейт.
Телефон менен сүйлошуп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
"Кырсыктадык" деп акча алат. ИИМ телефон шылуундарынан сак болууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0