Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дефектолог: убагында логопедге барбаган балдар дислекция, дисграфияга учурайт

© Sputnik / Асель СыдыковаЛогопед-дефектолог Айзат Нурланова
Логопед-дефектолог Айзат Нурланова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Логопед-дефектолог Айзат Нурланова логопед менен невролог бирге иштешкенде гана жакшы натыйжа болорун айтты.
Сөздөрдү ката жазган окуучуларды жазалоодон майнап чыкпайт. Анткени баланын жазуусу, кабыл алуусу сүйлөгөнүнө жараша калыптанат. Бул тууралуу Айзат Нурланова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Дефектолог: убагында логопедге барбаган балдар дислекция, дисграфияга учурайт
Анын айтымында, бала 1-класстан 4-класска чейин жеке инсан катары калыптанат. Бирок айрым ата-энелер неврологго баруудан качып, жазган дарысын да бербей коёт.
"Тили кеч чыккан баланы убагында адистерге алып барып, жок дегенде 6-8 ай логопед-дефектологдор менен иштешүү керек. Айрымдар бир-эки ай алып барып эле токтотуп коюшат. Андай болбойт. Жылдап баласын логопедге ташыган ата-энелер бар. Бул да диагноздон көз каранды. Сүйлөбөгөн, түшүнбөгөн, оюн так билдире албаган, кекеч, чулдурап сүйлөгөн, таңдайы жыртык же жаак булчуңдары жакшы иштебеген балдар болот. Адистерге аз убакыт эле барып же туура эмес сабак алып калган балдар мектепке барганда дислекция, дисграфияга кабылышат. Азыркы муунду психологдор "чынчыл жана таш боор" деп мүнөздөйт. Анткени булар эмнени көрсө, байкаса баарын айтышат. Мурункудай "кой, айтпай эле коеюн, жаман болуп калат" деп жашырганды, аяганды билбейт. Ошол себептен тилинде мандеми бар балдар мектепке барганда теңтуштары күлүп же сындап койсо эмоционалдык жактан жабыркайт. Андайга маани бербеген балдар чанда болот. Окуучу бара-бара кысылып, кыйнала баштайт. Дислекцияда бала окуп жатканда же укканда сөздөрдү, айрым тамгаларды ажырата албайт. Ошондуктан туура жаза албайт. Жат жазуудан абдан кыйналат. Ал эми дисграфия – бул жазуу процессинин жарым-жартылай бузулушу, анда такай кайталануучу каталар байкалат. Мисалы, айрым сөздөрдү дайыма ката жазат. Анткени анын сүйлөгөнү да ошондой. Муну түшүнгөн мугалимдер ата-энеге баланы логопедге алып барууну сунуштайт. Ал эми айрымдары окуучусун урушуп эле "2" коё берет. Ата-энелерге айтарым, сөздү ката жазган баланы урушуп, жазалоодон алыс болуңуздар. Убакытты созбой адистерге алып келүү керек", — деди Нурланова.
Ал кошумчалагандай, мектепте таза сүйлөй албаганынан шылдыңга калган балдар түнт, тартынчаак же агрессивдүү болуп кетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0