Блинкендин каты анын компетенттүүлүгү боюнча суроо жаратат. Эксперттердин маеги

© AP Photo / Saul LoebАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Жакында эле Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп узаткан. Анда Блинкен өлкөнүн "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" ички мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна карата "пикирин" билдирген эле.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясында коопсуздук жаатында эксперт, саясат таануу илимдеринин доктору Токон Мамытов жана саясий серепчи Бакытбек Жумагулов болду. Биз аталган жагдай тууралуу баарлаштык.
— Токон Болотбекович, бул дипломатиялык кат алышуу кандайча коомчулукка чыгып кетиши мүмкүн? Мисалы, КР ТИМи же мамлекеттик катчы ушундай жүйө менен АКШнын президентине түз кат жөнөтсө болобу?
Токон Мамытов: — Бул нерсе Блинкендин карьерасындагы алгачкы учуру эмес. Америкада мамлекеттик катчы статусу боюнча төртүнчү орунда турат. Ошону менен бирге АКШнын ичинде президентке тиешелүү өзүнчө бир мыйзам бар. Эгер кандайдыр бир себеп менен мамлекет башчысы кызматтан кетип калса, Блинкен алдыңкы эки кишиден кийин өлкөнүн тагдырын колуна алуучу адам. Ошол эле учурда сырткы мамиле, багыттарды көзөмөлдөп иш жүзүнө ашыруу ушул кишинин департаментине жүктөлгөн. Бул кат да дароо пайда болгон жок. Буга чейин кайсы бир элчилик аркылуу маалымат алмашуу, кийин Тышкы иштер министрликтери арасында баарлашуу болгондур. Маселе чечилбегенде гана өкмөт, парламент, анан президентке жетет. Бул ирет кат коомчулукка жарыяланып кетти. Негизи мындан да орчундуу көйгөйлөр жабык чечилип калчу. Кат ачыкталып, ошондой эле президентибиздин "биздин ички маселеге киришпегиле" деген катуу жообунан улам маселе курч коюлса керек деген божомол бар. Садыр Жапаров мыйзамды түшүндүрүп, алардын да мыйзамын келтирип, дипломатиялык тилде жооп узатты. Блинкен мындай жоопту биринчи жолу уккан жок. 2023-жылы Россия ЛГБТга каршы мыйзам кабыл алганда да Блинкен кайрылуу жөнөткөн. Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин "Блинкен биздин ички ишке кийлигишип жатат, ага жооп иретинде баарыбыз бир добуштан колдойлу" деп парламентке кайрылган. Натыйжада мыйзам бир добуштан өтүп кеткен. Мунун өзү Энтони Блинкенге белги болушу керек эле. Бул киши көп жылдардан бери кызматта, бирок араб өлкөлөрүбү же Россия, Кыргызстанбы, айтор, эл аралык мамилелерде жолу катуу болуп жатат.
© Sputnik / Асель СыдыковаКоопсуздук жаатында эксперт, саясат таануу илимдеринин доктору Токон Мамытов
Общественный и политический деятель Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Коопсуздук жаатында эксперт, саясат таануу илимдеринин доктору Токон Мамытов
Бакытбек Жумагулов: — Башка мамлекеттин ички ишине киришүүгө БУУ Уставынын 2-беренесинин 7-пунктунда да толугу менен тыюу салынган. Декларация да кабыл алынган. Бирок бейөкмөт уюмдар ттуралуу айта турган болсок, алардын деле жасаган жакшы иштери бар. Ден соолук, энергетика жаатында жардам берген дүйнөлүк фонддор бар. Муну президент да белгилеп жатат.
— Блинкенге мыйзамдын мазмуну кандай жол менен, кандай өңүттө жеткени суроо жаратууда. Себеби мыйзамда эгер бейөкмөт уюмдар саясатка аралашса жоопкерчилик каралганы айтылууда...
Б.Ж.: — Жогорку Кеңеш бул мыйзамды түшүндүрүү, жеткирүү жаатында маалыматтык жактан утулуп жатат. Саясий аспектиден алганда "чет элдик агент" деген терминди киргизбей деле койсо болот. Себеби бизде шайлоого катышып, бийликке саясий партиялар умтулат. Аларды чет өлкөдөн каржылоого тыюу салынган. 30 жылдын ичинде өлкөдө бейөкмөт уюмдардын системасы жакшы отурукташып калды. Эң ириде булардын саясатка аралашуу жол-жобосун тактап алсак болмок. Андан кийин ошого жараша жазалоо чечими белгиленет.
— Бирок бул уюмдардын саясий пикир жаратып туруп, айрым маселелерди артка кайрып койгон учуру көп эле да...
Б.Ж.: — Андайда айкындуулук керек. Башкача айтканда, укук коргоо органдарына кандай мыйзам бузууда кайсы жаза колдонулары боюнча так түшүндүрмө, көрсөтмө болушу керек.
© SputnikСаясий серепчи Бакытбек Жумагулов
Политолог Бакытбек Жумагулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Саясий серепчи Бакытбек Жумагулов
— АКШнын кош стандарт саясат жүргүзөрүн баарыбыз эле билебиз. Алардын Жогорку Кеңештин саясий чечимдерине аралашуусуна кандай баа бериш керек?
Б.Ж.: — Ооба. АКШ гегемон катары өзүн-өзү дүйнөлүк полиция жарыялап алганы баарыбызга маалым. Ошол кезде эки стандарт абдан өнүккөн. Американын ички кызматтарынын туура эмес иштерин ачыктап койгондор куугунтукка кабылган жагдайлар бар. Мисалга Россиянын "Шереметьево" аэропортунда эки жыл жашап, жакында эле жарандык алган Эдвард Сноудендин, андан кийин Жулиан Ассанждын мисалын алсак болот. Ооба, бул чоң маселе. Азыр дүйнө өзгөрүүдө. Эки полярдуу дүйнө болору да айтылууда. Мында Кыргызстан өз ордун сактап, жолун аныктап алышы зарыл. Америка деле азыр кризиске учурап жатат.
— Бул кат алмашуу АКШ менен Кыргызстандын мамилесине терс таасирин тийгизбейби?
Б.Ж.: — АКШ, Европа биримдиги — системалуу түрдө иштеп келе жаткан өлкөлөр. Ири мамлекеттер мененби же чөлкөмдөрбү, булар стратегиялык аймактар менен атайын пландын негизинде иштешет. Анын ичинде Борбордук Азияда эгемендүүлүктү күчөтүүгө, колдоого артыкчылык берилет. Экинчиден, бул өлкөлөргө Кытай менен Россиянын таасирин азайтуу планы бар. Бул стратегия 2025-жылга чейин деп кабыл алынган. Ал ар бир беш жыл сайын өзгөрүп турат. Президент болуп ким келсе деле ошол стратегия менен иштей берет. Бул кат көп деле нерсе чечпейт, бирок кайсы бир маселеде таасири байкалат.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Садыр Жапаровдун АКШ мамкатчысы Блинкенге берген жообу. Негизги учурлар
— Токон Болотбекович, эгемендүү өлкөнүн башчысы катары Садыр Жапаровдун Блинкенге берген жообуна кандай баа бердиңиз?
Т.М.: — Блинкендин каты толук жарыяланса, анда жоопко баа бере алат элем. Мен үзүк-үзүк бөлүктөрү менен гана тааныштым. АКШнын мамлекеттик катчысы катты жазардан мурда ага маалымат келгени белгилүү да. Ал аны кайдан алды, ким, кандай негизде жеткиргени маанилүү. Ошону анализдешибиз керек. Бизде бейөкмөт уюмдардын саны канча экенин коомчулукка так айтуу зарыл. Анын ичинен канчасы саясий, диний, маданий, эл аралык мамиле, зомбулук боюнча иш алып барарын тактоо кажет. Мунун баары эле саясат менен аралашпайт да. Президент да арасында саясий туруктуулукка терс таасирин тийгизгендери бар экенин белгиледи. Ал эми буларга канча каражат кайдан келип, ким жеткирип турганы өзүнчө каралуучу маселе. 1999-жылдагы эски мыйзам боюнча, салык инспекциясына отчёт бериши керектиги айтылган. Ошол жактан билип турчубуз. Бейөкмөт уюмдардын ниетин, кызматын аныктап алуу зарыл. Мөңгүлөр, таза суулар, ооруган балдарды чет мамлекетте операция жасатуу жаатында иштегендерге тоскоолдук жок. Бирок Кыргызстан эгемендүү өлкө катары ички саясатына, улуттук мыйзамдарына таасирин тийгизе турган кандайдыр бир топторго мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жол бербей койгонго толук укуктуу да. Ошол эле АКШ баш болуп бардык өлкөлөрдө улуттук кызыкчылыктарын коргогон мыйзамдар иштеп келет эмеспи.
Б.Ж.: — Бейөкмөт уюмдарды классификациялап койсо жакшы болот эле. Мүмкүн 20-30 уюмдун ичинен эки-үчөө эле лобби жаратып жаткандыр. Алардын ишмердигин ачыктап койсо элге да түшүнүктүү болот.
Т.М.: — Бир убактарда чет элден каржыланган фонддордун биринин жетекчиси гезитке бүт отчётун жарыялап койчу. Бир жылда канча акча келип каякка жумшалганын органдар, журналисттер, өкмөт деле ошол гезиттеги маалымат аркылуу алчу. Ошол принцип менен иштеш керек.
— Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарга койгон талабы ушул болуп жатпайбы. Каржы булагын жана анын каякка коротулганын ачыктап коюуну талап кылууда. Сырттан каржыланып, каржы булагын ачыктагысы келбегендер буга нааразы болушууда...
Т.М.: — Ооба. Мындай мыйзамдар дерлик бардык өлкөлөрдө эле бар. Ошол эле Америка да мындан туура 200 жыл мурун Монро доктринасын (декларация) кабыл алган. Бирок өздөрү башка өлкөнүн ишине кийлигишип кетүүдө.
Канча жыл Америка менен СССР тирешип турушту, бирок бир да жолу мындай маселе сыртка чыккан эмес. Ич ара териштирүү аркылуу эле телефон менен бүтчү. Блинкен муну өз статусунда эле чечип койсо болмок. Өлкө башчысына кат жолдогону — анын профессионалдык компетенттүүлүгүнүн чабалдыгын билдирет. Өлкө башчысы өз кезегинде аны келип каржылык аудит жүргүзүүгө чакырды. Бул мыйзам долбоорунун асмандан түшүп калбагандыгын, башка мамлекеттерде иштеп эле турганын билдирет.
Бишкектеги эски аянтта кишилер Кыргызстан желектери менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Садыр Жапаров АКШ мамкатчысына: өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер
Жаңылыктар түрмөгү
0