00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как учат ИИ говорить по-кыргызски и зачем стране свой «Айран»
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров АКШ мамкатчысына: өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүБишкектеги эски аянтта кишилер Кыргызстан желектери менен. Архив
Бишкектеги эски аянтта кишилер Кыргызстан желектери менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
АКШ тарап жолдогон кайрылууда бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөрүүлөрдүн киргизилишине кабатыр болуп жатканын билдирген.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жазган катында АКШны Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды. Катты мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялаган.
"Биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм. Болгону, менин бир эле өтүнүчүм бар – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер", — деп айтылган катта.
Эскерте кетсек, мамкатчы Блинкендин жолдогон кайрылуусунда бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөрүүлөрдүн киргизилишине кабатыр болуп жатканын билдирген. Өзгөрүлгөн мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн каржыланып саясий ишмердүүлүккө аралашкан коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөнүн өкүлчүлүгү деген макам алып, атайын реестрге киргизилет.
"Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, мамлекет өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уставдык ишине кийлигишпейт жана кийлигишүүгө умтулбайт. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, кантип ал сиз жазгандай "АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырып жаткан программалар аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоо үчүн маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарыбыздын алуусуна коркунуч жаратары" мага түшүнүксүз болууда", — деген ал.
Жапаров өлкөдө көпчүлүк өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар татыктуу жана ачык-айкын иштеп жатканын белгилеген.
"Алардын аз гана бөлүгү, чет мамлекеттерден каржыланып жаткан, курулай кыйкырганды билген бир ууч тобу жана алардын айрым өкүлдөрү гана өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө туура эмес маалыматтарды таратып жатышат", — деген ал.
Президент мыйзам долбооруна түшүндүрмө берип, ал АКШнын мыйзамына үндөш экенин белгилеген.
"Ошол эле учурда кыргыз парламентинин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин баса белгилейм. Белгилүү болгондой, FARA мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. Каттоодон кечиксе же баш тартса административдик эле эмес, ал тургай кылмыш жоопкерчилигин да тартат деп турат. Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат, эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?" — деген өлкө башчы.
Мындан сырткары, Кыргызстандын президенти АКШнын мамлекеттик катчысына Кыргызстанда иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарга аудит жүргүзүүнү сунуштаган.
Президент сөзүнүн соңунда Блинкенди Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиги Конституция жана мыйзамдар менен бекем корголуп жатканын көрүп кетүүгө чакырган.
Бизде башаламан боло берсинби? Жапаровдун элчилерди какшыктаган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Бизде башаламан боло берсинби? Жапаровдун элчилерди какшыктаган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0