Батыш глобалдык жаңжалды беттеп баратат. Бүлүк салууга эмне себеп?

© AP Photo / Tsafrir AbayovГаза тилкеси менен чек арасында позицияда турган израильдик аскер. Архив
Газа тилкеси менен чек арасында позицияда турган израильдик аскер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
Жазылуу
Батыш ушул тапта дүйнөлүк кайра куруу аракеттерине жигердүү катышкан өлкөлөрдү алагды кылып, оюн, ресурстарын бөлүү үчүн чыңалган жана жаңжалдуу аймактарды жаратууга болушунча далалат кылат.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун январь айындагы басма сөз жыйыны дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда болду. Ал адаттагы ачык-айрымдыгы менен өткөн жылдагы россиялык дипломатиянын жыйынтыгына гана токтолбостон, Москванын тышкы саясий ишмердигин талдоодо эске алына турган негизги эл аралык саясий принциптерин да эске салды.
Атап айтканда, Россия Батышты түк кеп-сөзгө келбеген, ынанымсыз өнөктөш катары санай турганы жашыруун эмес. Бул держава "ачык диалог, кызыкчылыктардын тең салмактуулугун издөөгө багытталган сүйлөшүүлөр аркылуу тең ата, өз ара пайдалуу, ич ара сый-урмат менен иш жүргүзүүгө даяр өнөктөштөр" менен мамилени өрчүтүүгө кызыкдар. РФ, анын жакын өнөктөштөрү жана союздаштары түптөөгө тырышкан эл аралык алакалардын жаңы тутумун, албетте, Батыштын кыртышы сүйбөйт.
Январдын соңку он күнү Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донецкинин жай калкына каршы террордук актылары, Белгороддун четинде украиналык аскер туткундары учуп бараткан россиялык транспорттук учактын талкаланышы менен коштолду. Башкача айтканда, Киев фронттогу акыбалы начарлаган сайын аскердик максатын жоготуп, коркутуу жана дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурууга гана кынык алып алды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы Донецкинин жай тургундарынын өлтүрүлүшү жөнүндөгү Лавровдун сөзүнө АКШ жана Европа биримдиги кулак жапырып койгонуна да ушундан улам таң калуунун кажети жок. Бул – Батыштын чоочун, "европалык" эмес өмүрлөрдү барк албаган көнүмүш адаты. Кошмо Штаттар менен Европада батыш цивилизациясынын артыкчылыгы туурасындагы пикир кайрадан кеңири тарап, ал эми башка мамлекеттердеги неонацизм идеологиясын алар айыптоонун ордуна кайра кубаттоодо.

Акыры боло турган өзгөрүүлөр

Азыр дүйнөдө чечим кабыл алуучу ар кандай борборлордун жаралышына алып келе турган жай, бирок туура өзгөрүүлөр жүрүүдө. Булар дүйнөлүк саясий жана экономикалык процесстерге таасир этип жатат. АКШ менен Батыш мамлекеттерине альтернатива боло турган "дүйнөнүн лидерлик борборлордун", атап айтканда, Россия, Кытай Эл республикасы, Индия, Иран жана башка өлкөлөр, ЕАЭБ, БРИКС, ШКУ сымал бирикмелердин пайда болушу кыйла туура атаандаштыкты түзүүдө. Ал эми бул жагдай мамлекеттерди кызматташтык жана өз ара аракет этүү үчүн чек жана негиздерди издөөгө түртөт. Тилекке каршы, Батышта мындай атаандаштык эч кандай негизи жок туруп, жаңжалга кептеп кое турган курч теңтайлашуу катары кабылданууда.
АКШ менен Европа биримдигинин бир катар расмий өкүлдөрү дайым "Россия тараптан коркунуч" болорун билдирип, ал түгүл Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) аскер комитетинин башчысы баарын жакынкы он жылдыктарда РФ менен согушка камынууга чакырганы да ушундан.
Өз алдынча жана күчтүү, жаңы, глобалдык байланыштардын альтернативдик архитектурасын активдүү түптөп келе жаткан Россия — Батыш үчүн экзистенциалык коркунуч. Аны түз жок кыла албай келет. Украинада Батыш тарабынан шыкакталып отуруп тутанган куралдуу жаңжал алар күткөндөй болбой, тескерисинче, РФтин эл аралык позициясын бекемдеп койду. Ошол эле учурда эл аралык кызматташуунун жаңы түзүмдөрүнө дагы көп өлкөлөрдү тартууга мүмкүнчүлүк түздү.
Азыркы шартта эрегишкен аң-сезим жана Батыштын ушундай риторикасы дүйнө түзүмүнүн алдыдагы өзгөрүүлөрүнө жооп катары каралышы ыктымал. Канткен күндө да ал процессти токтото албасы айдан ачык, бирок болушунча создуктурууга тырышары турулуу.
Азыр Батыш эң оболу дүйнөлүк кайра курууларга жигердүү катышып жаткан өлкөлөрдүн оюн жана ресурстарын бөлүү үчүн чыңалган жана жаңжал аймактарын жаратууга аракет кылары бышык. Албетте, Россия үчүн Украина, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия да алардын эсебинде болушу мүмкүн. Кытай үчүн — Тайвань жана Корей жарым аралынын тегерегиндеги чыңалуунун күч алышы. Ал эми Иран үчүн — Газа секторундагы Израилдин агрессиясы, АКШ менен Улуу Британиянын Йемендеги согуштук аракеттери. Булар жетишсиз болсо планетанын каалаган бурчунда кырдаал курчуп кетиши мүмкүн, себеби АКШнын глобалдык аскердик орду буга шарт түзө алат.
Евразия экономикалык форумуну өтүүчү жердеги ЕАЭБдин логотиби. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
ЕАЭБ менен БРИКС дүйнөнүн глобалдык өзөгүн өзгөртүүдө. Серепчинин пикири

Дүйнөгө бүлүк салгандар

Былтыр октябрь айында башталган Газа секторундагы Израилдин аскердик аракеттерин ар кандай талдоого болот: аны Кошмо Штаттар менен Европа биримдигинин Украинадагы майнапсыз кадамдарынан көңүл буруу да, Иранга каршы согуш баштоо үчүн ага чагым да болушу ыктымал. Ошондой эле көз карандысыз мамлекет куруу кыялдарын талкалап, палестиналык маселени так кесе чечүү аракети катары да кароого болот. Ушундай ниеттерди бир убакта ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн да эске алсак, булардын баары — укуктук эле эмес, бүтүндөй эл аралык укуктарды толук ревизиялоонун масштабдуу планынын бир гана бөлүгү деп боолголоого болот.
Газа секторунда карапайым калкты массалык өлтүрүү уланууда, бирок бүткүл дүйнө аны токтото албай келет. Анткени эл аралык укуктун тийиштүү жоболору Израилди колдогон АКШ, Европа биримдиги жана бүтүндөй батыш коомчулугунун саясатынын айынан иштебей турат.
Былтыр НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс Кытай тараптан келер коркунуч эпкининен улам Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен өнөктөштүктү өрчүтөрүн айткан. Аталган уюм Азия тарапка карай кеңейүүнү пландабай турганына да ынанууга таптакыр болбойт, анткени Японияда НАТОнун кеңсесин ачуу, альянс менен байланыш тутумдарын жайгаштыруу маселеси кызуу талкууланып келет.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары боюнча өткөргөн басма сөз жыйынында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалыктар аталган чөлкөмгө аскердик блоктун инфраструктурасын активдүү түрдө жылдырып жатканын белгилегени да ошондон. Азия-Тынч океан аймагындагы чыңалуунун көбөйүшү РФ менен Кытайдын кызыкчылыктарын гана козгобостон, Корей жарым аралындагы туруктуулукка да таасир этип коюшу толук ыктымал.
Чөлкөмдүн өзү Экинчи дүйнөлүк согуштан калган курч жана чечилиши татаал маселелердин топтолмосу эмеспи. Демек, бул АКШ менен Япония тарабынан жасалма түрдө күчөтүлүп жаткан Тайвандын гана тургай, Япония өзүнө алгысы келген Чыгыш-Кытай деңизиндеги Дяоюйдао аралдарынын макамынын тегерегиндеги чыңалууну да туюндурат. Ал эми буга АКШ — Түштүк Корея — Япония "үч бурчтугундагы" аскер байланышынын чыңдалышын да кошо белгилесек, өзүнүн улуттук кызыкчылыгындагы аймактагы коркунучка Кытай Эл Республикасынын кандай жооп кайтарарын болжоо кыйын деле эмес. Булардын баары Азия-Тынч океан чөлкөмүн согуштан кийинки дүйнө түзүлүшүнө тете масштабдуу өзгөрүүлөргө кептей турганы түшүнүктүү.

Болжолдуу болочок жаңжалдардын чийими

Батыш Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык укук институттары алсыз болсо жаңжалдарды жөнгө сала ала турган жаңы жобо жана эрежелерди колдонуу керек деген ойду Батыш күчтөп киргизип жаткандай. Кыязы, бул анын "эрежелерге негизделген жаңы дүйнө түзүмү" жөнүндөгү көз карашы өңдөнөт. Батыш муну эскилерди кайра жаратуу же жаңы жаңжалдарды тутантуу жолу менен орнотууга ниеттенет. Бирок ошол жаңжалдар Батыштын пайдасына же ал койгон шарттарда жөнгө салынары башка кеп.
Дүйнө евроатлантикалык гегемонияны кыйрагыс жана адилеттүү деп эсептебей калганына бир топ болду. Бул Батыш азырынча кабылдоого дарманы жок жаңы реалдуулукка ыңгайлашууга тийиш экенин туюндурат. Дал ушул себептен планетанын улам бир бурчунда жаңжалдар тутанышы ыктымал. Тилекке каршы, Борбор Азия да потенциалдуу туруксуз мейкиндикке кирет.
Биздин чөлкөмдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен АКШ жана Европа биримдиги үчүн негизги бөгөт Россия менен тыгыз соода-экономикалык, саясий, маданий, тил жана билим берүү байланыштары экенин белгилесек болот. Батыш өлкөлөрүндөгүлөр алигүнчө буга түшүнө албай келишет, себеби байланыш туруктуу гана эмес, барган сайын тереңдеп келет. Аларды буза да алышкан жок, бирок Батыш андай аракеттерин токтотпой турганы ырас. Анткен менен дал ушул тапта чөлкөмдөгү мамлекеттер Евразиядагы кызматташтык жана өз ара байланыш түзүүнүн ушунча жылдан берки күжүрмөн процесси учурдун көптөгөн чакырыктары жана коркунучтарына туруштук берүүнүн жападан жалгыз кепилдиги болушу мүмкүн.
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Кыргызстан аймактык жана дүйнөлүк саясаттын чордонунда. Жылды жыйынтыктоо
Жаңылыктар түрмөгү
0