Жаа жасаган уста Сүйөркулов: байыркы баалуулуктарыбызды тарттырып жиберүүдөбүз

© Фото / предоставлено Саматом СуйоркуловымЖаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов
Жаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жазылуу
Кыргыздар байыртан жоокер мүнөз, баатыр калк болгон. Элибиз бир катар согуштук куралдарды ойлоп таап, аны турмушта мыкты пайдаланып эле тим болбостон өзүнчө билгичтик, технология менен жасай билишкен.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто жаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов болду. Биз жаа атуу өнөрүнүн азыркы абалы, келечеги тууралуу маек курдук.
— Жаа атууга кандайча кызыгып калдыңыз?
— Өзүм Арашанда (Чүй облусу) турам. Кичинемден эле жаага кызыкчумун. Бирок аны кийин, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болгон соң кармадым. Кесибим боюнча теологмун, бирок ал жаатта иштеген жокмун. Илгертен ашканага кызыгам. Тамакты бүт дитимди коюп, шыктануу менен жасайм. Колумдан даам сызган адам ыраазы болсо ырахат алам. Ортодо ошол ашпозчулук менен алектенип калып, жаа өнөрүнө кеч бардым. Бир ирет мылтыгым бузулуп, айылдагы Марат устага барып калсам дубалда жаа илинип туруптур. Кызыгып сураштырсам Республикалык дене тарбия жана спорт дирекциясынын эмгек резервинде спорттук жаа атуу секциясы бар экен. Мен да ошого бара баштадым. Алгач, Асел Шарбекова менен Анатолий Ивановичтин кол астында тарбияланып, үйрөндүм. Өзүм салттуу түрүнө көбүрөөк кызыкчу элем. Бизде, тилекке каршы, бул боюнча китептер аз. Интернеттен издеп, аталган куралдын кантип жасаларын иликтедим. Жаа атуу спортко киргендиктен ийримдер иштээрин билдим. Жыйынтык жакшы болсун десеңиз жумасына үч жолу барып, талбай машыгуу керек экен. Бирок үй-бүлөнү багуу зарыл, ар кандай иштер чыгып бошобой каласың. Кыскасы, жетише албай салттуу жаа атууга өтүп кеттим. Көп өтпөй "Салбуурун" федерациясына кошулуп, жаанын жасалышы боюнча маалымат издеп музейлерди да кыдырдым. Көптөгөн көөнө буюмдарыбыз, курал-жарактарыбыздын үлгүлөрү сыртка чыгып кетиптир. Кыргыздын байыркы саадагын, жаасын таппай интернеттен издөөгө туура келди. Европадагы усталар биздин улуттук курал-жарактарыбызга сырттан карап эле абдан маани берип, мыкты өздөштүрүп алышкан. Жакшы жасашат экен.
© Фото / предоставлено Саматом СуйоркуловымСамат Сүйөркулов (сүрөттө оңдо)Кыргызстандагы жаа жасаган усталардын бири.
Лучник и мастер по лукам Самат Суйоркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Самат Сүйөркулов (сүрөттө оңдо)Кыргызстандагы жаа жасаган усталардын бири.
Негизи жаа атуу технологиясы түрктөрдүн Осмон империясында жогорку чегине жеткен. Алар үчүн аталган куралды ата билүү руханий негизги багыт болгон. Муну теолог катары изилдеп чыккам. Ал эми бүгүнкү күнү эң узак жашоочулар катары эсептелген япондордо спорттун түрү көп. Ошонун ичинен жаа атуу менен алектенген спортчуларынын саны эле 1,5 миллиондун тегерегинде тура. Башкача айтканда, 10 жаштан 95-100 жашка чейинкилер машыгат экен. Ушуларды карап отуруп жоокерчилик тарыхы бай кыргыз эли ушул сапатын сактап кала албаганына өкүнүп кетем.
Дастан Сарыгуловдун изилдөөсүнө таянсак, XI-XIII кылымда кыргыздар жаа атуу боюнча азыркы Көчмөндөр оюндары өңдүү жарыштарды уюштурчу экен. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө "кыргыз" деген титул берилип, ал "кыргыздай баатыр, жоокер" болдуң дегенди туюндурган.
— Сиздин кыргыз жаасын жасаганыңызга күбө болгон элек. Кийинки өзгөргөн жаалар илгеркиден канчалык айырмаланат?
— Азыркы жаа менен илгерки жаанын үлгүсү бир болгону менен материалы ар башка. Бирок баягы эле жыгач колдонулат. Биздин чөлкөмдөгү археологиялык казуу иштеринде гунн тибиндеги жаалар чыгат. Алардын чоңдугу 130 сантиметрден 160 сантиметрге чейин болгон. Кыргыздар эски жаага сөөк (кадимки аттын кабыргаларын, сөөктөрүн) колдонгон экен. Бирок, тилекке каршы, 1980-жылдары Европада өздөрүн гунндардын урпактары катары көргөзгөн венгрлер тарыхка эрте кирип, Азия чөлкөмүндөгү жаалардын баарын изилдеп, менчиктеп дүйнөгө өз атынан таратышкан. Азыр интернетте гунн жааларынын баары тең "Мадияр жаасы" деген ат менен чыгат. Бирок алар гунндардын мыкты үлгүдөгү жаасын так өзүндөй жасап чыгыша элек. Азыр иликтеп, эски үлгүдө жаа жасап жатам. Кыргыздар күчтүү жоокерлерге жаанын мүйүзү менен тарамышын калыңдатып жасап берген. Анткени ага күч керек, жебеси алыска кетет. Илгери жааны 70-90 метрге эле атышкан. Мамлюктардын учурунда 1,5 секундада үч жебени катары менен 75 метрге атышкан экен. Мурда жаа атуу чоң спортко кирген.
© Фото / предоставлено Саматом СуйоркуловымЖаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов: Карап көрсөк, ар бир адам таланттуу. Бирок жашоодо ошол түпкүрдө жаткан талантын ойготуп, өзү сүйгөн ишин жасамайынча ийгилик жарата албайт.
Лучник и мастер по лукам Самат Суйоркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов: Карап көрсөк, ар бир адам таланттуу. Бирок жашоодо ошол түпкүрдө жаткан талантын ойготуп, өзү сүйгөн ишин жасамайынча ийгилик жарата албайт.
Тарыхыбызды терең изилдеп, ата-бабанын курал жасоо технологиясына маани бермейинче заманбап жаңысын өндүрө албайбыз. Ушу тапта да геосаясатта куралдын күчтүүлүгү чоң мааниге ээ экенин түшүндүк. Кыргыздар кенебестиктен байыркы өнөрлөрүбүздү, баалуулуктарыбызды башкаларга тарттырып жиберүүдөбүз.
— Салттуу жаа жасоо боюнча көп долбоорлоруңуз бар экен. Үлгүлөрү музейлерде сакталабы?
— Жаалар жалгыз эле бир киши тарабынан жасалып эле сакталып тура бербей, колдонулушу да керек. Мен жаа атуу боюнча Европанын эки мамлекетине мелдешке барып келдим. Бул спортту категорияларга бөлүп коюшуптур. Юниорлор, орто муун жана ардагерлер болуп жарышат. Жааларды да тарыхый, спорттук жана заманбап материалдан жасалган деп үчкө бөлөт. Өзүң жасап же сатып алган куралың менен да катышсаң болот. Бул жагынан кыргыз эли абдан арттабыз, маани бербейбиз. Себеби үй салуу, автоунаа алуу өңдүү күнүмдүк көр оокатка абдан берилип алдык. Керек болсо тарыхыбызды жакшы окуган эмеспиз. Өткөнүн билбеген адам келечекке да даяр эмес.
Карап көрсөк, ар бир адам таланттуу, бирок жашоодо ошол түпкүрдө жаткан талантын ойготуп, өзү сүйгөн ишин жасамайынча ийгилик жарата албайт. Бир кезде балдарды кыйнап эле экономист, юрист кылышкан. Анын кесепетин эми көрүп жатабыз. Жөнөкөй эле кийиз, үзөңгү жасап бутка тургандар бар. Мен деле жааларымды оңой акчага саткан жокмун. Кореядан жаа чебери менин таанышып калдым. Анын жаалары 2 500 доллардан 15 миң долларга чейин сатылат экен. Муну менен ата-бабанын өнөрүн, каадасын, өзүбүзгө тийиштүү мурасты башкаларга алдырып жибербейли дегим келет.
© Фото / предоставлено Саматом СуйоркуловымЖаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов кезектеги иш-чарада кесиптештери менен.
Лучник и мастер по лукам Самат Суйоркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов кезектеги иш-чарада кесиптештери менен.
Азыр жаа атуу спорту боюнча федерация ачканбыз. Кудайга шүгүр, Казакстанга барганда мелдештерде биринчиликти бере элекпиз. Дүйнө жүзү боюнча күчтүү саналган венгрлер муну моюндап жатат. Командалык оюнда аларды утуп кеттик. Япондун беш жыл машыгып көрсөткөн жыйынтыгын кыргыздар бир жылда көрсөтөт. Анткени каныбызда жоокерлик бар. Болгону аны жолго коюп кетүү кажет. Эң кызыгы, азыр кыз-келиндер күчтүү чыгып жатат. Асел Садырова Түркиядан 2-орунду алды. Ал 18 жылдан бери машыгып жүргөн венгр аял менен таймашып, атаандашы тажрыйбалуулук кылды. Ошентсе да аны бир топ титиретип, болгону 5 сантиметр айырма менен утулуп калды.
— Мелдештерге жаачылар жеке демилге менен барышабы же аны уюштуруп беришеби?
— Республикада өткөн ар кандай майрамдардын программасынын жылдык планына жаа атуу да кирип калган. Анын салттуу түрүн мамлекет колдойт. Дүйнөдө жаа атуу өнөрүнө баа берип, түрк элдеринин арасында уюштурган сынактар бар. Барып өнөрүбүздү тартуулап, элибизди таанытып жатабыз.
Азырынча атайын машыгуучу залыбыз жок, бирок буга да жетебиз. Жаа атууда сыртка корогон энергияңды топтойсуң, бир жерге кадалып, бир багыттуу умтуласың. Денеңдин үстүңкү бөлүгүндөгү булчуңдар жакшы иштеп, чыңдалат. Мааниси абдан чоң. Осмон империясында гиперактивдүү балдарды жаа атуу спортуна беришчү экен. Муну бир адам эле ата бербейт. Сабырдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү талап кылат. Ал кишини максатка жетүүгө өзүн-өзү тарбиялашын шарттайт.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЖаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов
Лучник и мастер по лукам Самат Суйоркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Жаачы, жаа жасаган уста Самат Сүйөркулов
— Жаа жасаган усталар да бизде аз болсо керек?
— Тилекке каршы, Кыргызстанда эски технология менен жасагандар жок. Кызыккандар болсо үйрөтөт элем. Ал эми жаңы технология боюнча жасап баштагандар бар. Алар там-туң басып, өздөштүрүп жатышат. Бара-бара чыйралышат да.
Бул иш абдан татаал болгондуктан бир жылдан эки жылга чейинки убакытты алат. Жаага малдын тарамышы, жыгачтын түрлөрү, мүйүз керек. Мен жылкынын тарамышын, текенин мүйүзүн колдоном. Түркияда уйдун тарамышынан жасашат экен. Илгеркилер тарамыш менен терини кайнатып клей жасашыптыр. Мен сазан балыктын ичиндеги көбүкчөлөрүн колдонуп, аны керамикада кайнатам. Мунун да технологиясы бар. Алгач жаа жасап баштаганда ата-энемден тил уккам. Анткени элдин баары үй салып, машина алып жатса, мен жаа жасап отурчумун. "Устамын" деп да толук айта албайм, дагы бышуу керек. Кыргыз жаасынын так үлгүсүн издеп жүрөм. Пандемияда акча керек болуп Татарстандын музейине бир жаамды сатып жибердим. Азыр ал "татар улуттук жаасы" деп илинип турат.
— Жаа атуу спорту боюнча мектеп ачуу зарылдыгын айтыптырсыз...
— Бул өтө зарыл. Буга чейин көбүнчө шаардагы балдарды тарбиялап жүрүп, өз айылыма көңүл бурбаптырмын. Директордун колдоосу менен мектептен кабинет алып, жаа жасоо боюнча курс ачтым. Тарыхый гана жааларды жасайм. Ар бир ата-эне баласын спорттун бир түрүнө берсе деп тилейм. Анткени мекенчил, дени сак балдар спортто тарбияланат.
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Ителгинин тебүү техникасын камера да тартып жетишпейт. Мүнүшкөрдүн кызыктуу маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0