Ителгинин тебүү техникасын камера да тартып жетишпейт. Мүнүшкөрдүн кызыктуу маеги

© Фото / предоставлено Муратом АбдылдаевымСокольник Мурат Абдылдаев
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Кыргыздар атам замандан бери алдындагы атын, алгыр кушун, күлүк тайганын барктап келген. Мүнүшкөрлүк менен саяпкерлик кыргыздын каны-жаны менен жаралган өнөр.
Sputnik Кыргызстан редакциясында мейманда жакында Баткенде өткөрүлгөн сынакта ителги салуу боюнча мыктылыгын көрсөтүп, 1-орунга татыган мүнүшкөр Мурат Абдылдаев болду. Биз ата-бабадан бери келе жаткан мүнүшкөрлүк кесиптин маани-маңызы, тарыхы тууралуу сүйлөштүк.
Кириш сөз катары айта кетсек, Салбурун оюну кыргыздарда ХХ кылымдын башында унутулуп, жоголуп кеткен. Бирок спорттун чебери Алмазбек Акуновдун жеке демилгеси менен федерация түзүлүп, 2006-жылы Ысык-Көлдө алгач ирет фестиваль өткөрүлөт. Анда өлкө боюнча алгыр куш, тайган таптагандар жана кыргыз жаасын атууга кызыккандар чогулуп, эрежелери такталып спорттук оюндарга киргизилген. Алардын арасында далба ойнотуу (шумкардын азгырыкка учуусу — ред.) да бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековМүнүшкөр Мурат Абдылдаев: Негизи кесибим боюнча мугалиммин. Мүнүшкөрлүк — ата-бабадан калган өнөр. Атам ителги, куш таптачу. Төрөлгөндөн кийин дагы куштар менен кошо чоңоюптурмун.
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев: Негизи кесибим боюнча мугалиммин. Мүнүшкөрлүк — ата-бабадан калган өнөр. Атам ителги, куш таптачу. Төрөлгөндөн кийин дагы куштар менен кошо чоңоюптурмун.
— Мурат мырза, сиз кандайча мүнүшкөр болуп калгансыз?
— Негизи кесибим боюнча мугалиммин. Мүнүшкөрлүк — ата-бабадан калган өнөр. Өзүмдүн атамды көрүп калдым. Ал киши да согушка катышкан, кыргызга таандык көп өнөрлөрдү алып жүрчү. Ат таптаган саяпкер, элдик медицина боюнча табып да эле. Анан негизинен мүнүшкөр катары ителги, куш таптачу. Төрөлгөндө эле куштар менен кошо чоңоюптурмун. Илгери бизди аябай калың кийинтчү да, анан жөрмөлөп жүргөн кезимде атам аркы бөлмөдө отурса, берки бөлмөдө кыткылыктап каткырган эле үнүм чыгат имиш. Акырын карашса, чоң көк куш мени тытмалап жатыптыр. Жегенге аракет кылган окшойт. Мен баламын да, кытыгылагандай көрүп каткырып ойноп жатсам керек. Ошондон бери эле куштар менен байланыштамын. Эсим кирип калгандан тарта куштарга, тайгандарга кызыга баштадым.
Нарындык классташым экөөбүз 5-классыбызда чала жан көгүчкөндү алып ителгиге кылтак салганы талаага бардык. Ал кезде ителги, куштар көп окшойт. Атам ага чейин аттын куйругунан кылтак салганды үйрөткөн. Баягы көгүчкөн менен биринчи жолу ителги кармап, жаман фуфайкам менен ороп, үйдү көздөй жөнөдүк. Сүйүнүчтөн ыйлап алганбыз. Ат менен үйгө чаап барсак атам жок экен. Күтүп жатып тимеле убакыт өтпөй койду. Атам келип көрүп алып сүйүнүп, "мүнүшкөр болгон турбайсыңбы, болгондо да кара чаар жакшысын, чоң ителги кармаптырсың" деп аябай мактады. Андан бетер кызыгуум артты. Атам экөөбүз ээрчишип жүрүп, көп жакшы нерселерин үйрөттү. Ал киши 84 жашында каза болгон. Ал ортодо мен дагы мугалим болуп иштеп жүрүп кичине мүнүшкөрлүктөн алыстап кеткем. Анан 2016-жылы "Салбурун" федерациясынын Нарын облусундагы ителги, куш таптоо боюнча өкүлү болдум.
— Сиз улак да тартат экенсиз ээ?
— Ооба, көк бөрү боюнча командам да бар. Өзүм улакка да түшөм. Велосипед да тебем. Кыскасы, убактымды текке кетирбейм. Бир жылга календардык план түзүп коём. Жашоо ошонусу менен кызык да.
© Фото / предоставлено Муратом АбдылдаевымМүнүшкөр Мурат Абдылдаев: Көк бөрү боюнча командам да бар. Өзүм улакка да түшөм. Велосипед да тебем. Кыскасы, убактымды текке кетирбейм. Бир жылга календардык план түзүп коём. Жашоо ошонусу менен кызык да.
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев: Көк бөрү боюнча командам да бар. Өзүм улакка да түшөм. Велосипед да тебем. Кыскасы, убактымды текке кетирбейм. Бир жылга календардык план түзүп коём. Жашоо ошонусу менен кызык да.
— 2016-жылдан баштап мүнүшкөрлүктү кайрадан колго алган турбайсызбы?
— 2018-жылы Чолпон-Атада өткөн көчмөндөрдүн Дүйнөлүк III оюнунда 1-орунду алдым. 2016-жылдагы Көчмөндөр оюнуна жөн гана барып таанышкам. Көрүп, катышса болоруна көзүм жетти. Өзгөлөр таарынбасын, ал убакта мүнүшкөрлөр абдан алсыз эле. Дамба оюнунда үч мүнөттө ташталган жемге ителгиси 15-16 жолу гана учуп келгендер 1-орунду алган. Эң алдынкы көрсөткүч ушундай болду. Азыркы көрсөткүч 30дан ашып, кыркка жетип калды.
— Дамба оюну тууралуу окурмандарга түшүндүрмө берип кетсеңиз?
— Дамба оюну — бул шумкардын азгырыкка учуусу болуп саналат. Муну Алмаз Акунов эрежелерин түзүп спорт катары негиздеген.
Мелдеште азгырыкка коё берилген шумкардын учуу ылдамдыгы бааланат. Ар бир кушчуга өзүнүн шумкарын сынаганга 3 мүнөт берилет. Ушул убакыттын ичинде куш өйдө учуп, кушчу жиптеги азгырыкты тегеретип кармап турганда, ага кол салганды имитация кылышы керек. Азгырык кекиликтин, кыргоолдун жана көгүчкөндүн куйругунан жана канаттарынын жүнүнөн даярдалат. Эрежеге ылайык, калыстар шумкар азгырыкка канча жолу учуп келип кол салганын белгилейт. Жеңүүчү упайлардын негизинде аныкталат.
Кушту колго чакырса акырын жай учуп келет, ал эми ителгини антип колго чакырууга болбойт. Анткени колду сындыра тебет. Ошондуктун ушундай эреже киргизилген.
— Сиз Көчмөндөр оюнунда 1-орунду алганда, ителгиңиз 3 мүнөттө канча жолу азгырыкка учуп келди?
— Ошондо 3-орунда 20 менен Өзбекстан, 2-орунду 24 менен ысык-көлдүк мүнүшкөр Түгөл алды. Ал эми мен 27 менен 1-орунга чыккам. Арабдар 20га да жетпей калышты. Биз азыр жылына тажрыйба топтоп жатабыз. Учурда мүнүшкөрлөр абдан көбөйгөн. Жаш балдар да кызыгып жатат. Азыр биз сакалдууларга кирип калдык. Өткөндө Чолпон-Атада 38 менен 1-орунду алсак, Баткенде 33 менен 1-орунду камсыздадык. Мурунку ителгимдин аты да Ташчайнар эле. Ага ыраазычылыгымды билдирип, талаага коё бердим. Эркиндикке чыкты. Азыркы ителгимди былтыр кармагам, мунун аты да Ташчайнар.
© Фото / предоставлено Муратом АбдылдаевымМүнүшкөр Мурат Абдылдаев: азыр үйдөгү ителгим 1 кг. 50 грамм менен оюнга чыгат. Буларга өз колуң менен тамак берип, көңүл буруп туруу керек. Ошону жакшы көрөт. Ага чыдап, баладан да артык карайсың. Анткени балага тамакты алдына коюп койсоң жеп алат да. Булардын көзүн карап турасың. Канча жылуу-жумшак сүйлөсөң, ошончолук жакындашат. Ачуулансаң да сезет.
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев: азыр үйдөгү ителгим 1 кг. 50 грамм менен оюнга чыгат. Буларга өз колуң менен тамак берип, көңүл буруп туруу керек. Ошону жакшы көрөт. Ага чыдап, баладан да артык карайсың. Анткени балага тамакты алдына коюп койсоң жеп алат да. Булардын көзүн карап турасың. Канча жылуу-жумшак сүйлөсөң, ошончолук жакындашат. Ачуулансаң да сезет.
— Ителгини багып, кароонун сырлары менен бөлүшсөңүз?
— Муну талаадан келгенден баштап жакшылап байлайбыз. Биз оң колго кондурабыз, арабдар учурашканына, оокат жасаганына карап сол колго кондурат. Биз аттын жалынан жана ээрдин кашынан кармап туруп сол жагынан аттанабыз, ошондо ителги конгон колубуз тоскоол болбошу керек. Ителгилер жапайы келгендиктен адам баласынан качат, ошондуктан буларды акырын сылап-сыйпап, чочутпай аярлайбыз. Жылуу-жумшак мамиле кылганды жакшы көрүшөт. Өйдөдөн ылдый сылайт. Томогону да шарт эле кийгизбей, өйдөдөн ылдый кийгизгенде оңой кетет. Жаңы кармап келгенде бир-эки күн тамак жебей коёт. Андан коркпош керек. Анткени булар майлуу, семиз болот. Таптаганда спортчулардай кармап, тап менен майларын кетиребиз. Курсак жок, өзүнүн гана кара эти калгыдай абалга жеткиришибиз керек. Этке акырын кумшекер кошуп койсо, ал булардын организмине таасир берип ичин өткөрөт. Ошондо булар бат арыктайт. Бирок аны колдонбой деле калдым. Анткени шашып кереги жок. Шашсаң 15 күндө, болбосо бир айда тапка келтирип аласың. Канатынын астынан, төш этинен жана куйругунан этин кармап билсе болот. Бирок азыр арабдардай эле таразага тартууга өттүк. Граммынан бери так билинет. Ташчайнардын (ителгиси — ред.) салмагы 700 грамм. Ар биринин өз салмагы болот. Үйдөгү ителгим 1 кило 50 грамм менен оюнга чыгат. Буларга өз колуң менен тамак берип, көңүл буруп туруу керек. Ошону жакшы көрөт. Ага чыдап, баладан да артык карайсың. Анткени балага тамакты алдына коюп койсоң жеп алат да. Булардын көзүн карап турасың. Канча жылуу-жумшак сүйлөсөң, ошончолук жакындашат. Ачуулансаң да сезет. Үйдөгү идиш-аяк кагышканды да буларга көргөзбөйбүз, тимеле артисттей күлүп-жайнап мамиле жасайбыз. Андан кийин чыргага (чырга — бул ар кандай майда айбанаттын терисинен, көбүнчө түлкүгө окшотуп жасалган кеп, сөлөкөт. Чырга бүркүттү, ителгини ууга салууга көнүктүрүү жана алардын тапка киргенин билүү үчүн колдонулат — ред.) чакыра баштайбыз. Эшиктен таптаган жакшы. Анан улам жерин өзгөртүп, ар кандай аба ырайында да машыктыруу керек. Ителги шамалга да көп моюн бербейт. Чыргага салганда кармаган тамагын жедириш керек. Антпесе ишенбей калат.
Булардын арасында да кара мүртөздөрү бар. Мүнөздөрү да ар кандай. Өңүнө да байланыштуу болот, агыш түстөгүлөр тапка бат келет. Кара ителгилер кара мүртөзүрөөк келип, чалкасынан көп кетет.
© Sputnik / Табылды КадырбековМүнүшкөр Мурат Абдылдаев: Ителгинин олжосун тээп түшүргөн техникасын камера да тартып жетише албайт экен. Саатына 300 чакырым учат. Алыстан жемин көрөт да, ушундай ылдамдык менен мелжеген бутасынын бир жерин сындыра тээп түшүрөт.
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев: Ителгинин олжосун тээп түшүргөн техникасын камера да тартып жетише албайт экен. Саатына 300 чакырым учат. Алыстан жемин көрөт да, ушундай ылдамдык менен мелжеген бутасынын бир жерин сындыра тээп түшүрөт.
— Канча жашка чейин спорттук мүмкүнчүлүгүн сактап жүрө алат?
— Ителги, куштардын 20 жашка чейин мүмкүнчүлүгү бар. Кээде ашыкча же майлуу тамак берип алып жаңылабыз. Анан кээде койосун (койо — бул организмге сиңбей калган ашыкча тамактын калдыгы — М.Абдылдаев) тыштай электе тамак берип албаш керек. Ошондон булар айныйт. Табында турганда эч жакка кетпейт. Алгыр куштарга канаттуунун этин берген оң. Түлөп жатканда суурдун эти жакшы. Жылкы менен койдуку күчтүүрөөк кылгандыктан, кышкысын берсе болот. Булардын жүнү да эскирип, түлөгөндө жаңы кийим кийгендей болуп калат. Ителгиники жыл өткөн сайын жүндөрү агарат. Ал эми куштуку бат эле бир жылда өзгөрүп кетет. Барган сайын булардын мурдунун үстү, көзүнүн кычыктары саргая баштайт. Карыганын ошондон карап билет.
— Куш да таптайт турбайсызбы?
— Ооба, тапталган ителги менен куштарды спортчулар жана мергенчилер деп экиге бөлүп калдык. Жаштарын далба оюнуна үйрөтүп алса болот. Ал эми чоңоюп калганда кармалгандары далбаны тоготпойт. Алар талаадан тирүү жандык жегенди эле эңсей беришет. Асманга чыкканда тамак издей башташат. Куштар сууну аябай жакшы көрөт. Кыздан бетер эле таранып, жасанып турат. Ал эми ителгилер суу ичпейт. Эттин, абанын курамындагы суу менен эле жүрө беришет.
© Фото / предоставлено Муратом АбдылдаевымМүшүкөр Мурат Абдылдаев: Мүнүшкөрлүктүн көп сырын барган сайын билип жатам. Мага улам жаңы ачылыш болуп турат.
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Мүшүкөр Мурат Абдылдаев: Мүнүшкөрлүктүн көп сырын барган сайын билип жатам. Мага улам жаңы ачылыш болуп турат.
— Жалпысынан канча ителги, куш таптадыңыз?
— Мүнүшкөрлүктүн көп сырын барган сайын билип жатам. Мага улам жаңы ачылыш болуп турат. Буга чейин үч шумкар, 10 ителги таптагам. Бирөө да өзүмө жаккан жок. Аларды таратып салдым. Качырып да жиберишти. Андан кийин төрт ителги кармадым. Төртөө тең жакшы чыкты. Бирөөнү көлгө бергем, азыр күчтүү атаандашым ошол болуп жатат. Биз бир көргөндө эле сынап, рентгендей эле мүнөзүн, күчүн, дараметин билип коёбуз. Тумшугу канчалык кенен болсо өпкөсү ошончо жакшы. Далылуусун да караш керек. Уядан алынган ителги аңчылыкка жарабайт. Анткени ата-энеси үйрөтө элек кези болот. Ошондуктан спортко акырын даярдоо керек.
Колумдагы бир жаштагы ителгим коён, үндүк алып арабдарды таң калтырды. Булардын тебүү техникасын камера да тартып жетише албайт экен. Ителгилер саатына 300 чакырым учат. Алыстан жемин көрөт да ушундай ылдамдык менен жеминин бир жерин сындыра тээп түшүрөт. Тепкендеги кубаты жагынан кыраан куштардан эң биринчи ылаачын турат. Экинчиси — ителги. Булардын күчүн, шамдагайлыгын изилдеп, үйрөнүп бүтө албай жатабыз. Ителгинин соккусун илим да изилдеп, түшүндүрүп, далилдей албай келет.
— Арабдардын мүнүшкөрлүгү менен биздин кандай айырмабыз бар экен?
— Алар кыргыздардан угуп, көрүп жатып ителгини кийин таптай башташты. Келип негизинен биздин ителгилерди алып кетишет. Инкубациялык жол менен аппак шумкарларды чыгарышат. Аларды сулуулук үчүн эле кармаса болот. Алары бизге эмес, өздөрүнө да жакпайт. Жолукканда көп нерсени бизден сурап үйрөнүшөт. Кыргыздын мүнүшкөрлөрү күчтүү. Бул биздин каны-жаныбыз менен кошо жаралган окшойт.
Азыр мүнүшкөрлүккө жаштарды да даярдап жатабыз. Онлайн сабак өтүп, куш таптоонун сырларын үйрөтөбүз. Таптаган ителгилерин видеодон көрсөтүп, кеңеш алышат. Башкысы качырып жибербей, туура тамактандырып, кароо зарыл. Кача турган ителги башкача болуп калат. Аны дароо билебиз.
© Sputnik / Табылды КадырбековСокольник Мурат Абдылдаев
Сокольник Мурат Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Сокольник Мурат Абдылдаев
— Үй жандыктарга тийиштүү көп оорулар бар го. Андан кантип сактайсыздар?
— Буларды биз үйгө көп кармабайбыз. Көбүнчө таза жерге, таза абага багабыз. Анан башкаларга көп карматпайбыз. Ит, мышыкка жолотпойбуз. Ордун атайын даярдап койгонбуз. Таза тамак беребиз. Жуунганга күнүнө суу куюп коёбуз. Ар биринин кадимкидей паспорту бар.
Ителгимди эркелетип, кагылып-согулуп турам да. Кээде неберелерим кызганып кетет (күлүп). Анан аларды да эркелетип коём. Азыр неберелериме да үйрөтүп, акырындан мүнүшкөрлүктүн сырын айтып берип жатам.
Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Кемел Ашыралиев: кыргыздар жигиттин ким экенин ат жабдыгынан билген
Манас эпосунун 1000 жылдык маараке. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Ашхабаддан Таласка чейинки ат чабыш. Кемел Ашыралиевдин тарыхый окуя тууралуу маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0