00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:08
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улгайган адам ден соолугун сактоо үчүн тамактануусундагы 10 эреже

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУлгайган аял дүкөндөн сүт азыктарын тандап жатат. Архив
Улгайган аял дүкөндөн сүт азыктарын тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Жазылуу
Карыялар тишинин жоктугунан гана эмес, шилекейдин аз бөлүнүп чыкканынан улам да катуураак азыктарды чайнап жутууда кыйналышат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору карылыктагы туура тамактануунун 10 эрежесин тизмектеди.
Улгайгандар тузду азыраак колдонушу керек. Аны ашыкча колдонуу кан басымды жогорулатып, бөйрөккө күч келтирет. Туздун ордуна татымалдарды жана жыпар жыттуу майларды пайдаланса болот.
Эртең мененки тамакка жакшылап маани берүү зарыл. Улгайган адамда ичеги-карын системасынын иштеши жайлайт, шилекей, ашказандан суюктуктун бөлүнүп чыгышы азаят. Айрым заттарды, мисалы, В тобундагы витаминдерди, фолий кислоталарын сиңирүү кыйынга турат. Бул заттарды жашылча жана дан азыктарын тамакка колдонуу менен алса болот.
Дары-дармекти туура ичүү. Улгайгандарда даам сезүү тынымсыз дары ичүүдөн да начарлашы ыктымал. Бул абал боюнча дарыгердин кеңешин алып, аны туура ичүүнү баштоо зарыл.
80 жаштан ашкан карыяларда тамак-ашты чайноодо да көйгөй жаралат. Бул тиштин жоктугунан гана эмес, дем алуу, жөтөлүү, шилекейдин аз бөлүнүп чыгышынан улам жутуунун кыйындашы менен да байланыштуу. Андыктан бул курактагылар үчүн майда тууралган, эзилип бышырылган жумшак тамактарды даярдоо туура.
Суу балансы. Адамдын жашы өткөн сайын суусап жатканын сезүүсү да төмөндөйт. Бирок эч качан суусаган жокмун деп суюктуктун күнүмдүк нормасын азайтып жиберүүгө болбойт.
Тамак-ашта белок болушу керек. Картайдым деп эт жебей коюуга болбойт. Торпоктун, тооктун, коёндун жана үндүктүн эти улгайгандар үчүн жакшы. Күн сайын эркектер 60 грамм, аялдар 45 грамм белок алуусу шарт.
Организмде кальций жетиштүү болушун шарттоо кажет. Бул зат остеопорозду алдын алууда маанилүү ролду ойнойт. Ага сүт азыктарын ичүү сунушталат.
Май кислоталары (омега-3). Аталган зат балыкта бар, аны жумасына эки жолудан кем эмес жеген туура.
Калорияны эсепке алуу зарыл. Жаш өткөн сайын организмдин калорияга болгон муктаждыгы азаят, ага карабастан норманы азайтууга жол бербөө сунушталат. Калория азайганда муундар бузулуп, жүрөк-кан тамыр системасына күч келет.
Дасторкон четиндеги жакшы маанай. Улгайган адамга тамактануу учурунда тынчсызданууга жол бербеш керек. Бул тамак сиңирүүгө таасир этет.
Төшөктө кары киши отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Эмне үчүн улгайган сайын уйку качат? Адистин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0