https://sputnik.kg/20240127/afganchy-sayfutdin-azizov-kaza-bolgon-zholdoshtorumdu-krp-nes-boldum-1082239945.html
"Афганчы" Сайфутдин Азизов: каза болгон жолдошторумду көрүп, нес болдум
"Афганчы" Сайфутдин Азизов: каза болгон жолдошторумду көрүп, нес болдум
Sputnik Кыргызстан
1979-жылы СССР Афганстанга 40-армиясын киргизип, өлкөнүн жарандык согушуна аргасыздан катышкан.Тогуз жылдан ашык убакытка созулган кандуу тирешүүгө 600 миңден... 27.01.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-01-27T20:23+0600
2024-01-27T20:23+0600
2024-01-28T10:52+0600
афганистан
кыргызстан
тоолуу карабах
жарандык согуш
учкуч
тик учак
согушкер
https://sputnik.kg/img/07e8/01/1b/1082239044_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_581c1a5a1a7d76e9135dc3589e4e96b9.jpg
— Аскердик жолуңуз кандай башталды?— 1977-жылы Кара-Көл шаарында орто мектепти аяктаган соң Саратов калаасындагы тик учак айдоочу адистерди даярдаган Жогорку аскердик авиациялык училищеге өттүм. Аны 1981-жылы аяктагандан кийин командачылык Телави (Чыгыш Грузия) шаарында жайгашкан 739-өзүнчө аскердик транспорттук тик учактар полкуна бөлүштүрдү.Бир жылдан кийин Түндүк Афганстандын Кундуз аймагындагы тик учактар полкуна которулуп, МИ-8 тик учактын штурман-учкучу болдум.— Кан майданга алгачкы жолу кирген кездеги коркуу сезими унутулбаса керек?— Биринчи жолу асманга көтөрүлүп, согушкерлер жерден аткылаганда кадимкидей коркком. Бирок акырындык менен буга деле көнөт экенсиң. Анын үстүнө Афганстанда тик учактар жалгыздап уччу эмес. Эки тик учак бири-бирин коштоп жүрчү. Мындай тажрыйба Улуу Ата Мекендик согуштан бери колдонулган.Бир ирет Балх (Түндүк Афганстан) аймагында эки тик учак чогуу учуп чыктык. Коюу тумандан улам бири-бирибизди көрбөй калдык. Таш-Курган гарнизонуна учуп келсек, экинчи тик учак жок. Жоокерлерди бортко салып, кайра аларды издеп учтук. Бир айылдын жанында талкаланып жатканын көрдүк. Көрсө, согушкерлер аткылап, жерге түшүрүптүр. Натыйжада үч куралдашыбыз курман болгон экен. Үчөөнүн сөөгүн алып кайра учтук. Каза болгон жолдошторумду көрүп нес болгом.Дагы бир жолу эки тик учак бири-бирибизди коштоп Мазари-Шариф (Түндүк Афганстан) шаарынын жанындагы өрөөнгө учтук. Ошондо кудум 1920-жылдардагы басмачылар тууралуу тартылган көркөм тасмадагыдай окуяга кабылганбыз. Алдыда учуп бара жатып жерден эки жүздөн ашык чылгый кара кийим кийип, селде оронгон атчандарды көрдүк. Биз алардан элүү метр өйдө элек. Моджахеддер бизди байкап калып, аткылай башташты. Жанталашып өйдө көтөрүлдүк. Буга карабастан тик учактын көп жерине ок өтүп кетти, ал тургай бортмеханиктин курткасын бир ок тешип кетиптир. Аэропортко аман-эсен учуп келдик. Ошол учурда тик учакта бизден тышкары дагы бир офицер бар эле. Аны такыр унутуп калыптырбыз. Жеткенден кийин "амансыңбы" десек, "козголоңчулар аткылай баштаганда жүрөгүм оозума тыгылып, тик учактын ичинде калдастап жүгүрдүм. Аягында баарынан түңүлүп, полго жатып калдым" деп күлүп жооп берген эле. Анын айтып бергенин угуп, учкучтар каткырып жибердик. Бычактын мизинде жүргөнүбүздү, коркуу сезимин жаштыктын курч деми менен жеңген экенбиз деп ойлойм.1982-жылы кайра Телави калаасына кайттым. Себеби аскердик учкучтардын жумушу аябай оор болгондуктан аскер жетекчилиги учкучтар бул согушта бир жыл гана кызмат өтөйт деген чечим кабыл алган. 1985-1986-жылдары экинчи ирет Түштүк Афганстандагы кан майданда болдум.— Кийин Тоолуу Карабахта кызматыңызды уланткан экенсиз. Кандай жумуш аткардыңыз?— 1987-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабах талашка түшүп, кандуу тиреш башталды. Илгертеден камыр-жумур болгон эки эл эрегишип, касташканын көрүп ичибизден кан өттү. Биздин бөлүк СССРдин Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүн абадан кошточу. Милдетебиз аскерлерди тамак-аш менен камсыздап, абадан көзөмөл кылуу жана жарадарларды алып чыгуу эле. Каршылашкан эки тараптын тең аскердик учкучтарга мамилеси жакшы болду. Мени менен чогуу теги кыргыз офицерлер Данияр Борончиев жана Азиз Жунусов кызмат өтөштү. 1991-жылы үчөөбүз МИ-8МТ тик учагы менен Тоолуу Карабахтын Келбаджар кыштагынан улуту азербайжан 47 качкынды Азербайжандын башка чөлкөмүнө жеткиргенбиз. Алардын тагдыры кандай болду экен деп ойлоно берем. 1992-жылы мен КР Коргоо министрлигине которулуп, кызматымды уланттым. Ал эми Данияр Борончиев менен Азиз Жунусов РФтин армиясына которулушту.1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына да катыштым. Менин пикиримде, сабак үчүн Афганстан жана Тоолуу Карабахтагы кандуу тирешүүнүн себептерин кыргызстандык саясатчылар, тарыхчылар жана серепчилер аябай изилдеши абзел.
https://sputnik.kg/20231202/tynchtyk-ornotuuchu-almazbek-bazarovdun-maegi-1080935398.html
https://sputnik.kg/20231130/afganchy-dujshonbek-orzhokeev-menen-maek-1080872811.html
афганистан
тоолуу карабах
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_6d37951a1bcf8d565551fa13daabd17f.jpg
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_6d37951a1bcf8d565551fa13daabd17f.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/1b/1082239044_206:0:2937:2048_1920x0_80_0_0_47d7e7968c10a43b69589012043bc8ae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Алмаз Батилов
https://sputnik.kg/img/103775/51/1037755107_495:176:1631:1313_100x100_80_0_0_6d37951a1bcf8d565551fa13daabd17f.jpg
афганистан, кыргызстан, тоолуу карабах, жарандык согуш, учкуч, тик учак, согушкер
афганистан, кыргызстан, тоолуу карабах, жарандык согуш, учкуч, тик учак, согушкер
"Афганчы" Сайфутдин Азизов: каза болгон жолдошторумду көрүп, нес болдум
20:23 27.01.2024 (Жаңыртылды: 10:52 28.01.2024) 1979-жылы СССР Афганстанга 40-армиясын киргизип, өлкөнүн жарандык согушуна аргасыздан катышкан.Тогуз жылдан ашык убакытка созулган кандуу тирешүүгө 600 миңден ашык советтик жоокер аттанып, 15 миңден ашуун аскер каза болгон.
— Аскердик жолуңуз кандай башталды?
— 1977-жылы Кара-Көл шаарында орто мектепти аяктаган соң Саратов калаасындагы тик учак айдоочу адистерди даярдаган Жогорку аскердик авиациялык училищеге өттүм. Аны 1981-жылы аяктагандан кийин командачылык Телави (Чыгыш Грузия) шаарында жайгашкан 739-өзүнчө аскердик транспорттук тик учактар полкуна бөлүштүрдү.
Бир жылдан кийин Түндүк Афганстандын Кундуз аймагындагы тик учактар полкуна которулуп, МИ-8 тик учактын штурман-учкучу болдум.
— Кан майданга алгачкы жолу кирген кездеги коркуу сезими унутулбаса керек?
— Биринчи жолу асманга көтөрүлүп, согушкерлер жерден аткылаганда кадимкидей коркком. Бирок акырындык менен буга деле көнөт экенсиң. Анын үстүнө Афганстанда тик учактар жалгыздап уччу эмес. Эки тик учак бири-бирин коштоп жүрчү. Мындай тажрыйба Улуу Ата Мекендик согуштан бери колдонулган.
Бир ирет Балх (Түндүк Афганстан) аймагында эки тик учак чогуу учуп чыктык. Коюу тумандан улам бири-бирибизди көрбөй калдык. Таш-Курган гарнизонуна учуп келсек, экинчи тик учак жок. Жоокерлерди бортко салып, кайра аларды издеп учтук. Бир айылдын жанында талкаланып жатканын көрдүк. Көрсө, согушкерлер аткылап, жерге түшүрүптүр. Натыйжада үч куралдашыбыз курман болгон экен. Үчөөнүн сөөгүн алып кайра учтук. Каза болгон жолдошторумду көрүп нес болгом.
Дагы бир жолу эки тик учак бири-бирибизди коштоп Мазари-Шариф (Түндүк Афганстан) шаарынын жанындагы өрөөнгө учтук. Ошондо кудум 1920-жылдардагы басмачылар тууралуу тартылган көркөм тасмадагыдай окуяга кабылганбыз. Алдыда учуп бара жатып жерден эки жүздөн ашык чылгый кара кийим кийип, селде оронгон атчандарды көрдүк. Биз алардан элүү метр өйдө элек. Моджахеддер бизди байкап калып, аткылай башташты. Жанталашып өйдө көтөрүлдүк. Буга карабастан тик учактын көп жерине ок өтүп кетти, ал тургай бортмеханиктин курткасын бир ок тешип кетиптир. Аэропортко аман-эсен учуп келдик. Ошол учурда тик учакта бизден тышкары дагы бир офицер бар эле. Аны такыр унутуп калыптырбыз. Жеткенден кийин "амансыңбы" десек, "козголоңчулар аткылай баштаганда жүрөгүм оозума тыгылып, тик учактын ичинде калдастап жүгүрдүм. Аягында баарынан түңүлүп, полго жатып калдым" деп күлүп жооп берген эле. Анын айтып бергенин угуп, учкучтар каткырып жибердик. Бычактын мизинде жүргөнүбүздү, коркуу сезимин жаштыктын курч деми менен жеңген экенбиз деп ойлойм.
1982-жылы кайра Телави калаасына кайттым. Себеби аскердик учкучтардын жумушу аябай оор болгондуктан аскер жетекчилиги учкучтар бул согушта бир жыл гана кызмат өтөйт деген чечим кабыл алган. 1985-1986-жылдары экинчи ирет Түштүк Афганстандагы кан майданда болдум.
— Кийин Тоолуу Карабахта кызматыңызды уланткан экенсиз. Кандай жумуш аткардыңыз?
— 1987-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабах талашка түшүп, кандуу тиреш башталды. Илгертеден камыр-жумур болгон эки эл эрегишип, касташканын көрүп ичибизден кан өттү. Биздин бөлүк СССРдин Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүн абадан кошточу. Милдетебиз аскерлерди тамак-аш менен камсыздап, абадан көзөмөл кылуу жана жарадарларды алып чыгуу эле. Каршылашкан эки тараптын тең аскердик учкучтарга мамилеси жакшы болду. Мени менен чогуу теги кыргыз офицерлер Данияр Борончиев жана Азиз Жунусов кызмат өтөштү. 1991-жылы үчөөбүз МИ-8МТ тик учагы менен Тоолуу Карабахтын Келбаджар кыштагынан улуту азербайжан 47 качкынды Азербайжандын башка чөлкөмүнө жеткиргенбиз. Алардын тагдыры кандай болду экен деп ойлоно берем. 1992-жылы мен КР Коргоо министрлигине которулуп, кызматымды уланттым. Ал эми Данияр Борончиев менен Азиз Жунусов РФтин армиясына которулушту.
1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына да катыштым. Менин пикиримде, сабак үчүн Афганстан жана Тоолуу Карабахтагы кандуу тирешүүнүн себептерин кыргызстандык саясатчылар, тарыхчылар жана серепчилер аябай изилдеши абзел.

30 Жетинин айы 2023, 17:08