Бадахшанда кыргыз туусу желбиреп... Тажик-афган чегин кайтарган Алмазбек Базаров
19:10 02.12.2023 (Жаңыртылды: 16:07 05.12.2023)
© Sputnik / Жоомарт Ураимов1993-1999-жылдары Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальону ТТАОнун Ишкашим районунда тажик-афган чек арасын кайтарат. Бул батальон өлкөнүн чек ара кызматынын негизин түздү. Жогорудагы тактикалык бирикменин ага сержанты Алмазбек Базаро
Жазылуу
1993-жылы Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан Тажикстандын Бадахшанындагы Афганстан менен чек араны кайтарууга тынчтык орнотуучу батальондорун киргизүү чечимин кабыл алышат. Бул демилгени БУУ колдогон.
1992-жылы Кыргызстан саясий жана социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Куралдуу күчтөрүн түптөй баштаган. Ошол учурда коңшу Тажикстанда кандуу тирешүү тутанып, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна (ТТБАО) Афганстандан согушкерлер кире баштаган. Мындан сырткары, Ош — Хорог жолу аркылуу кылмыштуу топтор курал-жарак, апийим ташып, Борбордук Азия жана Россиянын коопсуздугуна коркунуч жаралган эле. Дал ушул себептен улам 1993-жылы Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан Тажикстандын Бадахшан автоном чөлкөмүндөгү Афганстан менен чек араны кайтарууга тынчтык орнотуучу батальондорун киргизүү тууралуу бир чечимге келишет. Бул демилгени Бириккен Улуттар Уюму колдогон.
1993-1999-жылдары Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальону ТТБАОнун Ишкашим районунда тажик-афган чек арасын кайтарат. Бул батальон өлкөнүн чек ара кызматынын негизин түздү. Жогорудагы тактикалык бирикменин ага сержанты Алмазбек Базаров менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— Ошол учурда Советтер Союзу урап, армиянын кадыр-баркы кетип бараткан учур эле. Аскердик кызматка өз ыктыярыңыз менен эле бардыңыз беле?
— Албетте. 1991-жылы Кара-Суу районундагы Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатын бүтүрдүм. Андан кийин Ош шаарындагы соода техникумунда он ай окудум. 1992-жылы күзүндө КР Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылдым. Аскердик кызматымды Кой-Таштагы аскердик бөлүктүн артиллериялык дивизионунда өтөй баштадым. 1993-жылдын башында тынчтык орнотуучу батальону куралып, 250 ыктыярчы чогулду. Балыкчы жана Оштогу аскердик бөлүктөрдөн да ыктыярчылар жана 50 офицер менен прапорщик кошулду. Батальондун курамында кыргыздан башка орус, татар, чуваш, беларусь жана өзбек улутундагы аскерлер бар эле. Командири маркум майор Бакыт Кулмамбетов болчу. Взводубуздун командири ага лейтенант Азамат Рыспаев эле. 1993-жылы февралдын башында Канттагы аскердик аэропорттон учакка курал-жарак менен азык-түлүк жүктөп Ошко учтук. Ал жерден эки күн тыныгып, бронежилет алдык. ПАЗ-672 автобусуна түшүп, Бадахшанга жөнөдүк. Төрт күн жол жүрдүк. Гүлчө, Мургаб жана Хорогто эс алып, Ишкашимге жеттик.
© Фото / Из личного архива Алмазбека БазароваАлмазбек Базаров (сол жакта) полктошу менен
Алмазбек Базаров (сол жакта) полктошу менен
© Фото / Из личного архива Алмазбека Базарова
— Кыйынчылык тартпай эле жеттиңиздерби?
— Ошко келгенде ар бир автобуска капка салып пияз жүктөгөнбүз. Ашуулардан өтүп жатканда жоокерлер түтөк болуп, мурду канады. Ошондо пияз жедик. Көрсө, ал түтөктөн сактайт экен. Эки полктошум эс-учун жоготуп, аларга нашатырь жыттатып, эсине келтиргенбиз. Тажикстанга киргенде көчкү жүрүп, ашуу жабылды. Автобустар өтө албай, курал-жарак жана тамак-ашты жонубузга көтөрүп, 30 килограмм жүк менен 30 чакырым басып ашуудан өткөнбүз. Ары жактан Россиянын чек арачылары аскердик унаалары менен тосуп алып Ишкашимге жеткизди.
Казармада эки ай жашап, Россиянын карамагындагы "Лянгар" машыгуу борборуна кеттик. Лянгарда ок атып жана башка даярдыктан өттүк. Орус чек арачылары менен тыгыз кызматташчубуз. Алар бизге тамак-аштан карамдуу болушту. “Лянгарда” арашан суу менен жылыган мончо салышыптыр. Такай жуунуп, оору-сыркоодон алыс болдук.
© Фото / Из личного архива Алмазбека БазароваАлмазбек Базаров (2-катарда сол жактан үчүнчү) полктоштору менен. 1992-жыл. Кой-Таш аскер бөлүгү
Алмазбек Базаров (2-катарда сол жактан үчүнчү) полктоштору менен. 1992-жыл. Кой-Таш аскер бөлүгү
© Фото / Из личного архива Алмазбека Базарова
— Жергиликтүү калк менен батышып кетүү керек эле да...
— Командачылык жергиликтүү элге аяр мамиле кылууну, батальондун сырларын айтпоону түшүндүргөн. Бадахшандыктар менен мамилебиз жакшы болду. Жакыр турган эл экен, биздин батальон турган жердеги айылдарда электр жарыгы жок болчу. Айдоо аянттары аз эле. Памирликтер аябай мээнеткеч калк болот, кыздары айдоо талааларын тазалап таш терип, аны атайын чуңкурга төгүп, себетке кара топурак сала келип талаага чачышат. Бир да трактор көргөн жокпуз. Жалаң кол менен сээп, айдашат.
© Фото / Из личного архива Таалайбека ОмуралиеваКР тынчтык орнотуучу батальонун офицерлери. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1994-жыл, кыш
КР тынчтык орнотуучу батальонун офицерлери. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1994-жыл, кыш
© Фото / Из личного архива Таалайбека Омуралиева
— Памирде афган же тажик согушкерлери кол салган учурлар болдубу?
— Ооба. Биздин биринчи заставадагы жоокерлерге тажик козголоңчулары Афганстанга караштуу Пянж дарыясынын аркы бетинен дзотко жашынып ок чыгарган. Анын натыйжасында полктошум Алмаз Өмүралиев колунан жарадар болгон. Куралдаштарыбыз "Ши́лка" аттуу (советтик зенитка-ЗСУ-23-4) замбиректен атып, тигилердин дзотун талкалап, аны менен чогуу сегиз согушкерди жок кылган. Өмүралиев Ишкашимдеги санитардык бөлүктө дарыланып, кайра кызматын улантты. Ал эми Канат деген баткендик куралдашым (фамилиясы эсимде жок) холера менен ооруп, каза болду. Анын сөөгүн полктошторубуз Баткенге жеткирген.
Тоолуу Бадахшандын климаты абдан катаал. Кыштын күнү “Казачий пост” аттуу бекетке кароолго чыгар алдында үч кат жылуу кийим, андан кийин бронежилет кийчүбүз. Кезеги менен жер төлөгө барып эс алчубуз. Жер төлөдө уктай алчу эмеспиз, сыз өтчү. Ушинтип күнү-түнү тажик-афган чек арасын кайтарчубуз.
— Кыргызстандан гуманитардык жардам жөнөтүлүп турду да?
— Албетте. Биз кызмат өтөп жүргөн учурда ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев Бишкектен гуманитардык жардам алып келген. Анын ичинде күрүч, тушёнка, кумшекер жана тамеки бар эле. Батальонго атактуу ырчы Гүлнара Кахарова концерт коюп кеткени дагы эле көз алдымда. Тоонун арасында Кахарова жаңыртып кыргызча ырдаганда ушунчалык сүйүнгөнбүз. Бул сезимди сөз менен айтып берүү кыйын.
© Фото / Из личного архива Толкуна ЫсмановаКР тынчтык орнотуучу батальонун ага сержанты Алмазбек Базаров куралдаштары менен (2-катарда сол жакта биринчи). Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1993-жыл күз
КР тынчтык орнотуучу батальонун ага сержанты Алмазбек Базаров куралдаштары менен (2-катарда сол жакта биринчи). Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1993-жыл күз
© Фото / Из личного архива Толкуна Ысманова
— “Лянгарда” алгач Россиянын желеги гана желбиреп турчу экен. Кыргызстандыкы кандайча кошулуп калган? Аны сиз илген экенсиз.
— Ооба. Эмнеге биздин туу жок деген ой келди. Атам Томскиден көркөм сүрөт тартуу боюнча училищени бүткөн. Анын шыгы мага да өткөн окшойт. Казармада Ленин бөлмөсү бар эле. Ал жерде сыртынан клеёнка менен чапталган эски атлас картасы бар болчу. Адегенде клеёнканы сыйрып, картанын үстүнө түндүктүн сүрөтүн тартып, аны бычак менен кесип алдым. Андан кийин кызыл кездеме таптым. Анын үстүнө түндүктүн сүрөтүн түшүрдүм. Желекти таякка байлап Россия туусунун жанына илдим. Казарманын үстүнөн Кыргызстандын желегин көрүп полктошторум сүйүндү. “Лянгарга” батальондун командири ыраматылык майор Кулмамбетов келгенде баарыбыз катарга тизилип тосуп алдык. Ал Кыргызстандын байрагын көрүп абдан кубанды. Менин илгенимди билип, бул иш жеке демилгем болгонун укканда аябай таң калды, мактады. Чек ара кызматынын мыкты кызматкери медалы менен сыйладым, ага сержант наамы ыйгарылган.
1994-жылы февралдын башында Кыргызстанга кетүүгө буйрук берилди. Ишкашимден жогоруда айтылган ашууга чейин россиялык чек арачылар жеткирди. Ал жерден кайрадан жонубузга курал-жарак жана тамак-ашыбызды артып алып жөнөдүк. Ашуунун ары жагынан автобус менен Ошко келдик. 13-февралда Оштон Кантка учтук. Ал жактан бизди Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири генерал-майор Нуридин Чомоев аскердик оркестр менен салтанаттуу тосуп алды. Ашканада атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлдү. Андан кийин клубдун залында "Тынчтык орнотуучу батальондун аскери" деген күбөлүк берилип, социалдык жеңилдиктер каралган. Үч айдан кийин армиядан демобилизация болдук. Мен Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун курамында Памирде кызмат өтөгөнүмө абдан сыймыктанам.