Ленинграддын азаптуу блокадасында жылыткан тыбыт жоолук. Видео

© Sputnik / Целик / Медиабанкка өтүүЛенинград блокадасынан аман калгандар суу үчүн кезекте турушат. Архив
Ленинград блокадасынан аман калгандар суу үчүн кезекте турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2024
Жазылуу
Ленинграддын азаптуу, кыргындуу, ачарчылык менен өлүм коштогон курчоосу 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин уланган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы мамлекеттик экономика университетинде баалуу, кишини кайдыгер калтырбаган экспонат бар. Сыртынан караганда көзгө комсоо көрүнгөн, эскилиги жеткен бул буюм кезегинде адамзатынын өмүрүн сактап калган.
Аны башка буюмдар менен кошо музейге Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коомунан Анна Кутанова берип жиберген. Бул туурасында университеттин доценти Вера Аммосова айтып берген. Жоолук блокада учурунда анын чоң энесине таандык болгон...
"Русский дом" бул сюжетти өзүнүн Telegram каналына жарыялады.
2023-жылы "Русский дом" көтөргөн демилге менен аталган университет Бишкек экономикалык техникуму менен кызматташа баштаган. Кыргызстандык студенттер үчүн университеттин онлайн-китепканасы жеткиликтүү болсо, мугалимдерге кесипкөйлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү каралган.
Мындан 81 жыл мурда советтик аскерлер жан аябай салгылашып, Ленинград шаарын курчап алган фашисттерди жалтайлаткан. Тагыраагы, 1943-жылдын 18-январында маршал Георгий Жуковдун жетекчилиги менен жасалган "Искра" операциясы курчоону үзгөн.
Ленинграддын азаптуу, кыргындуу, ачарчылык менен өлүм коштогон курчоосу 872 күнгө, башкача айтканда, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин уланган.
1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүлгөн.
...1944-жылдын январында блокада азабын тарткан ленинграддыктар СССРдин башка республикалары сыяктуу Кыргызстанга да жөнөтүлгөн. Аталган калаадан эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында кыргызстандык Токтогон Алтыбасарова аттуу инсан багып-өстүрүп, мээримин төккөн.
Ленинград курчоосу Улуу Ата Мекендик согуштагы эң узакка созулган жана эң каардуу блокада болду. Ар кыл маалыматтар боюнча, андагы курмандыктардын саны 400 миңден 1,5 миллионго чейин деп айтылып келет.
81 жыл мурда Ленинград курчоосун үзгөн Жуковдун операциясы башталган. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2024
81 жыл мурда Ленинград курчоосун үзгөн Жуковдун операциясы башталган. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0