00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Из экзотики в классику: как орхидеи прижились в городских квартирах
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: көпчүлүк ата-эне балага ачык, так суроо бергенди билбейт

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Сейил Калдыбаева
Психолог Сейил Калдыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Жазылуу
Психолог Сейил Калдыбаева азыркы учурда ата-энелер бала менен баарлашуунун көндүмдөрүн өрткүндөтүшү керектигин айтты.
Баланы сындап, айыптап, үйрөтүүнүн ордуна, ага суроо узатып, кунт коюп уга билүү аны ата-энеге жакын кылат. Бул тууралуу Сейил Калдыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог: көпчүлүк ата-эне балага ачык, так суроо бергенди билбейт
Анын айтымында, ата-эне бала менен болгон коммуникациянын көндүмдөрүн өрткүндөтүшү керек.
"Жумушунан бошобогон ата-эненин балага убакыт бөлө албай жатышы — коомубуздагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Керели-кечке үйдө отурган бардык энелер баласына убакыт бөлүп жатат деп да айтуу кыйын. Алардын да көр тириликтен улам ресурсу түгөнүп, психологиялык абалы туруксуз болуп калышы мүмкүн. Андыктан иштеп жүргөн энелер өздөрүн күнөөлүү сезип жемелебей эле койгону оӊ болот. Жумуштан улам таптакыр бошой албай жаткан ата-эне жок дегенде баласына күнүнө бир саат же 40 мүнөт убакыт бөлүүсү керек. Ошол убакыт аралыгында бардык көңүлү балада болгону жакшы. Бул эмнени түшүндүрөт? Бала менен тереӊ, жан дүйнөсүнө сүӊгүп кирип, ойлору, сезимдери тууралуу баарлашуу зарыл. Көпчүлүк ата-эне баласына ачык, так суроо бергенди билбейт. Бала көйгөйлөрүн айтса урушуп, үйрөтүп, айыптап гана тим болот. Бара-бара ал жабылып, өспүрүм куракка жеткенде ата-энеге эч нерсе айтпай калат. Өзү ата-эне менен жашап жатса да, жан дүйнөсү алардан алыстайт. Андыктан "ооба" же "жок" деген жоопторду ала турган гана суроолорду бербестен, бир күн ичинде болгон окуяларын, оюн сураш керек. Качан, кантип, кайсы жерде, эмне себептен, кандай ойлойсуӊ деген жардамчы суроолорду узатып, баланын кеӊири жооп берип критикалык ой жүргүртүүсүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Бул жерде балага ата да, эне да бирдей убакыт бөлүшү керек. Анткени кыз жана эркек баланын көмүскө аӊ-сезиминде атанын туура моделин ата гана калыптандырып, ата гана үлгү көрсөтө алат. Алар да болочокто турмуш курушат. Өзгөчө кыз баланын жашоосунда атанын ролу маанилүү. Себеби ал мээримди, сүйүүнү атадан албаса, кийин жакшы сүйлөгөн эркекке алданып калышы мүмкүн", — деди Калдыбаева.
Психолог ата-эненин ордун чоӊ ата, чоӊ эне, таене, таята эч качан баса албасын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0