ӨКМ: Кыргызстандагы айрым ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүТоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү. Архивдик сүрөт
Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2024
Жазылуу
Министрлик айдоочуларга бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 11-12-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу);
Бишкек — Ош жолунун 98-255-чакырымы (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымы;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымы;
Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 0-2-чакырымы.
ӨКМ айдоочуларга бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды.
"Алыскы жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөкчө, дары-дармек топтомун жана күлазык алууну унутпаңыз. Эгерде өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз", — деп жазылат кабарда.
Кол чатыр кармаган кыз кар жаап жаткан учурда жолдо бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0