Кувейтте стюардесса болуп иштеген Айзада: күндүн батышы, таңдын атышы — укмуш учур

© Фото / предоставлено Айзадой СарыбаевойКувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева
Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Кыргыздын кыйын кыздарынын бири Айзада Сарыбаева алыскы Нарын облусунда төрөлүп, дүйнөлүк авиакомпанияда борт коштоочу катары кызмат өтөп келет. Ал кичинесинде көп өлкөнү көрүүнү максат кылган. Бүгүн ал ниетине жеткенин айтууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева болду. Биз борт кызматкерлеринин милдеттери, аталган кесиптин ысык-суугу тууралуу маек курдук.
— Алгач бала кезиңиз, кесип тандооңуз тууралуу сүйлөшсөк...
— Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айылында туулуп-өскөм. Ошол жакта орто мектепти аяктап, Бишкектеги №98 кесиптик-лицейдин байланыш бөлүмүн, кийин Кыргыз архитектура жана курулуш институтунун маалыматтык технология жана системалар факультетин сырттан окудум. Ошол учурда эле "Кыргыз почтасында", "Кыргыз курьер" уюмунда жана котормо кеңсесинде иштедим. Негизи эле бир жакка барууну, сыртка чыгып келүүнү кыялданчумун. Аракет кылып, изденип жүрүп бир ирет Араб борборуна барып, алар аркылуу Кувейт мамлекетине кетип калдым.
— Капысынан эле борт коштоочусу болуп калган окшойсуз...
— Кувейт мамлекети мага көп мүмкүнчүлүк берди. Мен алгач Кувейтке бир компаниянын сатуучусу катары иштегени кеткем. Ал жакта эки жылдай иштедим. Ошол убакта кыргызстандык эжелер менен таанышып, алар мени жумушка чакырып, "ушул тармакта иштегенге аракет кылбайсыңбы" деп кызыктуу учурларын айтып берди. Мүмкүнчүлүк жаралары менен Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын сынагына катышып өтүп кеттим. Алгач боюң, салмагың жана калган параметрлериң туура келиши керек. Андан экинчи интервьюга, кийин үчүнчү интервьюга чакырышты. Баарынан өткөндөн кийин жумушка алышты.
— Ар бир компаниянын талабы ар башка болот эмеспи. Ал жактын негизги талабы эмнеде?
— Биринчиден, боюң 1,62 сантиметрден жогору, салмагың боюңа жараша болушу шарт. Өздөрүнүн калькуляциясы бар. Англис тилин мыкты билүү абзел. Ал эми араб тилин билсең жакшы, билбесең ага деле карабайт. Жогорку билим талап кылынбайт. Денеңде эч кандай татуаж, пирсинг болбошу керек.
Борт кызматкери болуш үчүн кандай талаптарга жооп бериш керек?
— Улут маселесине кандай карашат? Араб өлкөлөрүндөгү компаниянын өзүнүн улуттук жүзү болушу керек деген талап жокпу?
— Компаниядагы кызматкерлердин канча бир пайызы кувейттиктер болушу керек деген талабы бар. Калган пайызы ар кайсы мамлекеттен келгендер менен толукталат. Келбетти, бойду, салмакты текшергенден кийин ден соолугуңду каратууга жиберет. Ал жакта жүрөгүң, көзүңдүн курчтугу, денеңдеги жарааттар, кулагыңдын угушу, кан басымың текшерилет. Баары төп келсе кийинки этапка өткөрөт. Экинчи интервьюда экипаждагы капитандар же инструкторлор ар кандай суроолорду берип, аңгемелешет. Учуу маалында ар түрдүү кырдаалда эмне кыларыңды сурашат. Кувейт өлкөсү ичимдик сатпайт, буга оюңду, диний көз карашыңды сурашат. Ошого жараша жыйынтык чыгарышат. Ал эми үчүнчү интервьюда келишимге кол коюлат. Андан кийин борт коштоочунун окуусуна киресиң.
— Окутуу кандай жүрөт?
— Мен 2016-жылы январда кирип, апрелде келишимге кол койдум. Учакта иштеген стюардесса, стюарттардын негизги кызматы — коопсуздукту сактоо. Муну үйрөнүүгө көбүрөөк убакыт берилет. Мисалы, учакта жүрөгү ооругандарды кандай жаткырып, кантип кармоону үйрөтөт. Ар бир ооруга кандай мамиле жасоо керектигин өздөштүрөбүз. Ошол эле талмасы бар жүргүнчүлөр болот. Акырында экзамен тапшырабыз. Андан кийин гана сервиске өткөрөт. Дайыма күлүп учурашып турууну талап кылат. Үч ай окуйбуз.
Учак кырсыкка кабылган учурда кандай жардам көрсөтүү керектигин да үч айдын ичинде үйрөнөбүз. Дүйнөлүк стандарт боюнча, учактын бардык жүргүнчүлөрүн 60 секундда эвакуациялоо керек. Кувейттин тарыхында кырсыкка учураган учур болуптур. Ошондо жүргүнчүлөр 50 секунддун ичинде эвакуацияланган экен. 2-3 секунд ичинде ачыла турган баллондор бар. Алар сууга түшсө кайык, кургакта тепкич болот. Борт коштоочулар менен экипаждын кызматташуусунун да инструкциясы көрсөтүлгөн. Жылына ушулар боюнча экзамен тапшырып, документибизге кол койдуруп турабыз.
© Фото / предоставлено Айзадой СарыбаевойКувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева борт коштоочулук кесибине ээ болуу үчүн аракет, бекем эрк жана талбаган аракет керектигин айтып берди
Cтюардесса авиакомпании Kuwait Airways Айзада Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева борт коштоочулук кесибине ээ болуу үчүн аракет, бекем эрк жана талбаган аракет керектигин айтып берди
— Каалаган эле улан-кыз ошол экзаменден өтө алабы?
— Мунун деле кыйынчылыктары бар. Мисалы, биздин топтогу 2-3 студент экзаменден өтпөй калган. Кыймылы, реакциясы жай, ойлонуусу кеч адамдарга татаал эле болот. Албетте, тырышып аракет кылса баарынын мүмкүнчүлүгү бар.
— Эшиктин жанына отуруп калган жүргүнчүгө өзүнчө милдет тагылат эмеспи. Айрымдары муну угуп дүрбөлөңгө түшөт...
— Биз да жүргүнчүлөрдү байкайбыз, ылайыктайбыз. "Жок, кырсык болгондо же учак конордо эшикти ача албайм" десе орун алмаштырабыз. "Макул" дегендерге инструкцияны түшүндүрүп беребиз. Анткени борт коштоочуга орун каралган эмес жана биз башка эшиктерди ачып ал жакка жеткиче кеч болуп кетет. Учак — бул эң коопсуз транспорт. Ага караганда автоунаада көп кырсык болот. Негизи кырсыктын көбү адамдык факторлордон улам келип чыгат.
— Канча өлкөнү кыдырдыңыз, канча саат учтуңуз?
— Биздин авиакомпания менен 15ке жакын өлкөнү көрүп келдим. 4500дөй саат учуптурмун. Үч типтүү учакта учтум, Airbus A320, Airbus A330 жана Boeing 777. Кичинекей учактарда 4-5 экипаж болсо жетет. Ал эми чоң учактарда 14-15ке чейин жетет.
Негизинен Кувейттен араб өлкөлөрүнүн баарына эле каттайт. Ал жакта калбай, барып эле кайра келебиз. Мага эң жакканы — Италия. Италияга, Парижге, Таиландга, Филиппинге, Индиянын 3-4 шаарына, Пакистанга, Американын Нью-Йорк шаарына көп каттайбыз. Эң узагы — Нью-Йорк, 14 саат учабыз. Аябай эле чарчап калабыз. Бул жактан таң атпай чыгып, убакыттын айырмачылыгы да чарчатат. Жүргүнчүлөр да ар кандай болот. Көбү Кувейтти транзиттик зона катары колдонушат. Мисалы, Индиядан бери алты саат учуп келип, бир-эки саат кийинки рейсти күтүп эле анан 14 саат АКШга учат. Абдан чарчашат, балдарына бара жаткан улгайган адамдар эстери ооп жыгылып калышат. Кичинекей баласы барлар да болот.
СММ адиси Азиза Талантбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2023
20 жашында миллионер болгон Азиза: онлайн кызматтарда көп акча жатат
— Ушундай узак убакыттан кийин эс алуу да каралса керек?
— Авиациянын өзүнүн эс алуу убактысынын да калькуляциясы бар. Мисалы, бир айга 28 күн берилет. Анан 5-6 күн иштегенге бир күн эс алуу берилет, ал эки күндү камтыйт. 14 күн иштегенден кийинки эки күн эс алуу, ал үч күндү камтыйт.
— Бул кесипти аркалоо менен каалаган максатка жете алдыңызбы?
— Ооба, ушул компания аркылуу көп жерди көрдүм. Каржылык жактан да жакшы болду. Негизинен башында кыргызстандык сегиз кыз иштеген. Азыр экөөбүз калдык. Өзбекстандан, Россиядан жана Беларустан келген кыздар бар. Бир көргөндө бизди Таиланддын же Филиппиндин кыздарына окшоштурушат. Анан баскан-турганыбыздан, англис тилиндеги акцентибизден улам "кайсы өлкөдөн болосуң?" деп сурашат. Кыргызстанды көбү билбейт. Түшүндүрүп беребиз. Кыргыз кыздары намыскөйбүз, басынтууга жол бербейбиз. Учакта ар кандай жүргүнчүлөр кездешет да. Биз ар бирине туура мамиле кылууну билишибиз керек. Курун тагынбай коюп, бүтүндөй учакты кармаган учурлар болот.
— Жаш курак каралабы?
— Азия жана араб өлкөлөрүндө гана жаш куракка чектөө бар экен. Жумушка аларда да 32 жашка чейинкилер дешет. Ал эми Батышта өмүр бою стюардесса болуп иштөөгө болот. Болгону жыл сайын медициналык кароодон өтөсүң. Ден соолугуң туура келсе иштей бересиң.
Негизи учар алдында брифинг болот. Анда коопсуздук боюнча суроолорго жооп беребиз, учакта канча кычкылтек бет кабы барын жана кайда жайгашканын көрсөтүп беребиз. Келбетти да карашат.
© Фото / предоставлено Айзадой СарыбаевойКувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева борт коштоочулуктун сырларын дагы тереңирээк үйрөнүү максаты бар экенин айтты
Cтюардесса авиакомпании Kuwait Airways Айзада Сарыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Кувейт мамлекеттик Kuwait Airways компаниясынын стюардессасы Айзада Сарыбаева борт коштоочулуктун сырларын дагы тереңирээк үйрөнүү максаты бар экенин айтты
— Кандай жеңилдиктер бар?
— Биздин авиакомпанияда үч жолу бекер учуу жана 90 пайыз жеңилдик каралган. Ал эми башка компаниялар менен болгон келишимге жараша 40-50 пайыз жеңилдик берилет. Ошол эле учурда виза алууда да кызматкер катары шарттар бар. Мен ошондой жол менен Америкага, Канадага виза алдым. Жыл сайын Кувейт мамлекетинен бонустар берилет, жумуштан кетип жатканда 13үнчү маяна катары эсептеп туруп, буга чейинки айлыктарыңды берет. Бир жакка барып калып калсаң отелдер бекер, тамак-ашыңа акча берет. Ушундай жакшы жактары бар.
— Учканда же жаңы мамлекетке барганда көнүмүш адат болуп мурункудай толкунданбай калдыңызбы?
— Жок, дагы деле суктанам. Тынч океандын үстүнөн учканда булуттардын кооздугу бир башкача. Башка жактын жылдыздары өзгөчө, күндүн батып баратканын, чыгып келе жатканын көрүү укмуш. Ар бир мамлекетке барганда жатып албайм, атайын бара турган жерлерди белгилеп, музейлерди, кооз жерлерди кыдырам. Барган өлкөлөрдүн билеттерин коллекциялайм. Келечекте Американын авиациясына тапшырууну максат кылуудамын. Өмүрүмдү ушул кесипке арнагым келет.
Учкуч кыздар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Учкуч кыздарды окутуп жатабыз. Авиаинституттун проректору менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0