Шум ажалга алдырдык... 2023-жылы көз жумган белгилүү кыргызстандыктар

© Sputnik / Жоомарт УраимовКР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров ушул жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнө салды.
КР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров ушул жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнө салды.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Жазылуу
Узап бара жаткан жыл да көптөгөн белдүү инсандарыбызды алып кетти. Көбү маданиятка кызмат кылган таланттар болгон. Жаркын элесиңер, эмгегиңер жүрөгүбүздө!
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2023-жылы арабыздан кеткен кыргызга төбөсү көрүнгөн инсандарды тизмектейт.

Малик Аликеев

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев былтыр 17-январда 54 жашында каза болду. Ал 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Аликеев "Мөлмөлүм", "Арзыкан", "Таласым" ырларын ырдап чыгып таанылган. Артында бир уулу калды.
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРКыргызстандын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев былтыр 17-январда 54 жашында каза болду
Заслуженный артист Кыргызской Республики Малик Аликеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев былтыр 17-январда 54 жашында каза болду
Белгилүү ырчы, комузчу Аликеев көп убактан бери ооруп жүргөн. Мындан төрт жыл мурун катары менен бутунун сөөгүнө операция жасалган.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардак наамын алган.

Бегимай Бекбоева

Ырчы, аткаруучу Бегимай Бекбоева да 2023-жылдын 17-январында журөк оорусунан каза болгон. Ал белгилүү куудулдар Токтор Бекбоев жана Жаңыл Бекбоеванын кызы эле.
32 жашында көз жумган ырчынын артында үч жашар уулу калды.

Абас Чикеев

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам 27-январда дүйнө салган.
© Photo / wikipediaКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев
Заслуженный артист КР, композитор, исполнитель и диктор Абас Чикеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев
Абас Чикеев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган. Ал обончулар Мукан Рыскулбековдун "Чын эле мен сени таптымбы?", "Жаштыгым сен кайда кеттиң", Кубанычбек Осмоновдун "Энекебай", "Тоолук кыз", Марат Акматовдун "Баратабыз каякка", "Ак сүйүүмдү булгаба", Түгөлбай Казаковдун "Күйдүргүм", "Эстелик", А.Нурманбетовдун "Табияттын көркү сен" ырларын аткарган.
Бир катар КМШ өлкөлөрүнө чыгармачылык сапарга чыгып, Бүткүл союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты болуп, Ардак грамоталар менен сыйланган. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

Геннадий Базаров

КР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров 2023-жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнө салды. Ал 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген.
Соңку жылдары "Кыргыз телефильм" чыгармачылык-өндүрүштүк киновидеофирмасынын режиссёру, сценаристи болуп иштеп жаткан.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров
Панихида по Народному артисту КР, режиссеру Геннадию Базарову - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
КР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров
Базаров кыргыз киносунун "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган.
СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.

Кусеин Исаев

Социология илимдеринин доктору, профессор, мударис Кусеин Исаев 31-мартта 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган.
Эмгек жолун 1961-жылы Кыргыз улуттук университетинде катардагы мугалимден баштап, Бишкек гуманитардык университетинде социология жана саясат таануу кафедрасынын башчысы, башкаруу жана социология факультетинин деканы болуп иштеген. Өмүрүнүн соңку күндөрүнө чейин бир катар жогорку окуу жайларда мугалим болуп эмгектенип келген.
Кусеин Исаев 140тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору. Илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине, социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арналган.

Жаныш Рустенбеков

Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков 11-июлда 74 жашында көз жумган.
Жаныш Рустенбеков 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган.
© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков
Посол Кыргызстана в Таджикистане Жаныш Рустенбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков
1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн, 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-жылдан баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын ("легендарлуу парламент") депутаты болуп эмгек жолун баштайт.
Мамлекеттик катчы, президенттин администрациясынын жетекчиси, Ош облусунун губернатору, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, өзгөчө кырдаалдар министри кызматтарын аркалаган.
Рустенбеков 2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.

Райма Абдубачаева

КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева 10-ноябрда 75 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Бүтүндөй өмүрү театр менен киндиктеш, тагдырлаш болгон актриса театрга жети жашында кадам таштап, "Атанын тагдыры" баш болгон белгилүү спектаклдерде роль жаратып таанылган.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРКР эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева
Прощание с заслуженной артисткой Кыргызской Республики Раймой Абдубачаевой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева
Абдубачаева Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайдан кыргыздар арасында биринчи профессионалдык билимге ээ болгон Исмаилбек Абдубачаев менен СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, атактуу актриса Даркүл Күйүкованын кызы. Ошондой эле атактуу актёр Марат Алышпаевдин жубайы. Экөө үч уулдун ата-энеси болушкан.

Татьяна Стрельцова

17-ноябрда 70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, педагог-насаатчы Татьяна Стрельцова каза болду.
Стрельцова 1953-жылы 15-февралда Казакстандын Москалевка айылында туулган. 1972-жылы театралдык студияны аяктап, Надежда Крупская атындагы орус драма театрында эмгек жолун баштаган.
© Фото / Государственный национальный русский театр драмыКыргыз Республикасынын эл артисти, педагог-насаатчы Татьяна Стрельцова
Народная артистка Кыргызской Республики Татьяна Стрельцова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кыргыз Республикасынын эл артисти, педагог-насаатчы Татьяна Стрельцова
Ал 40 жыл сахнада негизги ролдорду ойноп, 70тен ашык образ жараткан.

Сталбек Бактыгулов

Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 30-августта 69 жаш курагында дүйнө салды.
Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРКыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 30-августта 69 жаш курагында дүйнө салды.
Похороны народного артиста КР, известного композитора Сталбека Бактыгулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 30-августта 69 жаш курагында дүйнө салды.
1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.
Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
Белгилүү композитор 20дан ашык симфониялык, 10 камералык, 60тан ашык вокалдык чыгармаларды жазган.
 КРдин эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев менен кошотшуу зыйнаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
2022-жылы шум ажал алып кеткен белгилүү кыргызстандыктар
Жаңылыктар түрмөгү
0