1-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКечки аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Кечки аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 1-январда республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл аймагында +1...+6, Нарын өрөөнүндө -2...+3 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +7...+9, Ош шаарында +9...+11 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында кишилер сейилдеп жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Кыргызстандагы 6-январга чейинки аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0