Кыргызстандагы 6-январга чейинки аба ырайынын божомолу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында кишилер сейилдеп жүрүшөт
Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында кишилер сейилдеп жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Жазылуу
Бишкекте 31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 6-январга чейинки өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, алдыдагы аптада тоолуу аймактарда түнкүсүн -25 градуска чейин суук, күндүз көпчүлүк аймактарда 10...12 градуска чейин жылуу болот.

Чүй, Талас

31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-4-январда күн ачык болот. 5-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртеси күн кайра ачылат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Бул аймактарда дагы 31-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жума ичи күн ачык болуп, 5-январда тоолуу райондорго кар түшөт. 6-январда кайрадан күн ачылат.

Ысык-Көл

Синоптиктердин айтымында, 31-декабрда жана 1-5-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 6-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы божомолдонду, күндүз жаан-чачын болбойт.

Нарын

Аймакта бул жылдын соңку күнүндө жана жума ичинде күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт. 6-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
Отключение отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Бишкекте майрамда жылуулук боюнча кайда кайрылса болот? Байланыш номерлер
Жаңылыктар түрмөгү
0