https://sputnik.kg/20231220/zhogorku-kenesh-zhelekti-ozgortuu-koldodu-1081391136.html
Тууну өзгөртүүгө кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Тууну өзгөртүүгө кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Sputnik Кыргызстан
Тууну өзгөртүүнү депутаттардын кимиси жактап, кимиси каршы чыкты. Тизме 20.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-20T11:23+0600
2023-12-20T11:23+0600
2023-12-20T11:23+0600
кыргызстандын желегин өзгөртүү
кыргызстан
саясат
добуш берүү
туу
өзгөртүү
парламент
https://sputnik.kg/img/07e6/05/19/1064668288_0:138:3072:1866_1920x0_80_0_0_8861028490792e40349f84dceebd23a9.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү кайсы кесиптеши колдоп, кимиси каршы чыкканын көрсөттү.Добуш берүү учурунда залда 64 эл өкүлү болсо, алардын ичинен 59у "макул", бешөө "каршы" добушун берген.Жарыяланган тизмеден Медер Алиев, Сеид Атамбаев, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо жана Нуржигит Кадырбеков долбоорду колдобогонун көрүүгө болот.Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилге бир нече убакыт мурда көтөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүүнү айтып чыккан.Бирок мындай сунуш коомчулуктун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жараткан. Талкуу, ар кыл пикирлерден улам бул боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да https://sputnik.kg/20231204/kasmambetov-tuu-tuuraluu-oyu-1080960989.html үн каткан.Туунун алмашып кетишине каршы экенин жакында эле болуп өткөн II Элдик курултайдын делегаттарынан да билдиришкен.Бул боюнча соңку пикирди президент Садыр Жапаров курултайдын экинчи күнү айткан.Садыр Жапаров буга чейинки Туу күнү менен куттуктоодо бул символиканын кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө экенин, аны унутууга эч кимдин акысы жоктугун айткан.Эскерте кетсек, туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.
https://sputnik.kg/20231220/sadyr-zhaparov-chekistterdi-kuttuktady-1081388294.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/19/1064668288_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_95be8829a8718ef738831a18b307c0b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, добуш берүү, туу, өзгөртүү, парламент
кыргызстан, саясат, добуш берүү, туу, өзгөртүү, парламент
Тууну өзгөртүүгө кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Тууну өзгөртүүнү депутаттардын кимиси жактап, кимиси каршы чыкты. Тизме
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү кайсы кесиптеши колдоп, кимиси каршы чыкканын көрсөттү.
Добуш берүү учурунда залда 64 эл өкүлү болсо, алардын ичинен 59у "макул", бешөө "каршы" добушун берген.
Жарыяланган тизмеден Медер Алиев, Сеид Атамбаев, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо жана Нуржигит Кадырбеков долбоорду колдобогонун көрүүгө болот.
Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилге бир нече убакыт мурда көтөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүүнү
айтып чыккан.
Бирок мындай сунуш коомчулуктун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жараткан. Талкуу, ар кыл пикирлерден улам бул боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да https://sputnik.kg/20231204/kasmambetov-tuu-tuuraluu-oyu-1080960989.html үн каткан.
Туунун алмашып кетишине каршы экенин жакында эле болуп өткөн II Элдик курултайдын делегаттарынан да
билдиришкен.
Бул боюнча соңку пикирди президент Садыр Жапаров курултайдын экинчи күнү
айткан.
"Кийин спикер Нурлан Шакиевге ушундай болуп жатат деп айткам. Эми желекти оңдоп-түзөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңеш карайт. Авторлорун чакырып, кеңешип, күндүн нурун кичине түздөп, боз үйдүн чамгарагын 4кө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурангам. Ошон үчүн Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле", — деген анда мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров буга чейинки Туу күнү менен куттуктоодо бул символиканын кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө экенин, аны унутууга эч кимдин акысы
жоктугун айткан.
"Көк жиреген кызыл туубуз эгемендикти ар дайым эстетип, эзелтен ата-бабаларыбыздын калтырган таберик мурастарына ээлик кылууга дем берип, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине болгон ишенимди бекемдеп турганы турган. Андыктан кызыл туубуздун кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө! Аны унутууга эч кимдин акысы жок!" — деген анда президент.
Эскерте кетсек, туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Аны Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков иштеп чыккан.

20 Бештин айы 2023, 10:21