Курулуш компаниясына алданып калбоо үчүн эмнени билүү шарт? Юристтин маеги

© Sputnik / Кирилл КаллиниковҮй курулушунда иштеп жатккан куруучу. Архивдик сүрөт
Үй курулушунда иштеп жатккан куруучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Кыргызстандыктар кыймылсыз мүлк сатып алууда көп жагдайларды эске албайт. Өзгөчө батир алганда мыйзам бузуулар арбын кездешкендиктен соттошкон учурлар да аз эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттигине юрист, медиатор Айтолкун Мусаева келген. Биз кыймылсыз мүлк сатып алууда кандай маселелерге маани берүү керектиги тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЮрист, медиатор Айтолкун Мусаева
Юрист, медиатор Айтолкун Мусаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Юрист, медиатор Айтолкун Мусаева
— Кыймылсыз мүлк сатып алууда кандай юридикалык документтерге көңүл буруу керек?
— Жаңы курулуп жаткан үйлөрдү сатып алууда өтө кылдаттык менен документтерин текшерүү керек. Курулуш компанияларына барганда көбүнчө кооз үй түшүрүлгөн буклеттерди берип, "ушул үй баланча жерде курулат" деп коюшат. Ошонун негизинде эле келишим түзө беришет. Жердин документи кызыл китеп болсо, демек ал жеке менчикте. Ал кимдин атына катталганын карап, жердин ээси менен курулуш компаниясынын ортосундагы келишимди текшерип, жерди кандай максатта компанияга берип жатканын анализдөө зарыл. Мындан тышкары, мамлекет азыр жер сатпай калды. Жердин жашыл китебин көп жылга ижарага берип эле ошол жерге үй курууга уруксат берет. Жер компаниянын же жеке жактардын атында ижарада болушу мүмкүн. Ага да көңүл буруу кажет. Мындан кийин архитектуралык шаар куруу корутундусун (АТЗ), инженердик-техникалык шарттарды (ИТУ) карайсыз,
Эң негизгиси, ошол имаратты курууга мамлекеттин оң корутундусу болушу шарт. Экспертизанын аягында корутунду деген жери бар. Ошону окуу кажет. Айрым учурда терс же "азарынча корутунду берилбейт" деп жазып коёт. Ушул экспертизада мамлекет оң корутунду берсе, демек, жогоруда саналган документтердин баары толук. Башка даректин документтерин карап, алданып калбоо үчүн корутундуда үй салып жаткан дарекке көңүл буруу керек. Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдү А, Б, С блок деп бөлүшөт. Мисалы, сиз С блоктон үй алып жатсаңыз, корутундуга А жана Б блок гана түшүрүлүшү мүмкүн. Ошол эле даректе төрт үй курулуп жатса экөөнүн экспертизасы бар, калгандарыныкы жок болушу да ыктымал. Алып жаткан үй Бишкек шаардык курулушту көзөмөлдөө департаментинин тизмесине курулуп жаткан объект катары киргени боюнча да тактама керек. Чын эле курулуп жаткан объектилердин тизмесине кирдиби же жокпу? Ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берерин текшерүү кажет. Кээ бир үйлөрдө өрт чыкканда унаа кирүүчү жол жок болуп калышы мүмкүн. Эң негизги документтер ушулар.
— Жаңы конуштарда кызыл китеби чыга элек жер тилкесин келишим менен алган учурлар да кездешүүдө...
— Айрым учурда үйдүн кызыл китеби жок болсо да, айыл өкмөттөн токтом чыккан болушу мүмкүн. Ошол токтомдун негизинде гана мамлекеттик Кадастр мекемесинен каттатып, кызыл китеп алса болот. Андан башка документтер менен "келечекте трансформацияланат, үй курууга болот" деп сатып жатышат. Буга ишенүүгө болбойт. Бир эле мамлекеттик мекеменин корутундусу терс болуп калса ал жер трансформациялоого жатпайт. Ал эми чет элдик жарандын үйүн жашыл китеби менен сатып алса, ал жерге кызыл китеп алууга болот. Анткени башка мамлекеттин жаранына кызыл китеп берилбейт. Ушундай критерийлери бар.
— Кээде көп кабаттуу үйлөрдөн арзан даяр батирлер чыгат. Бул учурда алданып калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
— Курулуп жаткан үйлөрдүн көбүн жасалма түрдө баасын көтөрүп сатышат. Өтө кымбат сатып жаткандардын документтери ордунда, курулуш материалдарынын баары сапаттуу дегенден алысмын. Кыймылсыз мүлктү алып-сатууну коштоп, эки жак менен көп иштешебиз. Ошол жерде мындай учурлар арбын кездешет. Кээде экспертизанын корутундусун окуп, эмнеге батирдин баасы мынча кымбат же арзан деп таң каласың. Документтер толук болмоюнча үйдүн пайдубалын түптөөгө болбойт. Үй алып жатканда эки түрдүү келишим түзүлөт, алдын ала алып-сатуу келишими же үлүштүк катыш келишими. Экөөнү тең мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө аракет кылуу кажет. Болбосо үйдүн документи даяр болбой калган учурда соттошо албай каласыздар. 2008-жылы Бишкек шаардык кеңеши "үлүштүк катыш келишими сөзсүз мамлекеттик каттоодон өтүшү кажет" деген чечим чыгарган. Көп компаниялар "100 пайыз төлөмдү төлөгүлө, анан каттоого барабыз" деп коюшкандыктан эл да убара болуп жүргүсү келбей мейли деп ала берет. Мындай учурда алдын ала алып-сатуу келишиминин каттоосу жарайт. Ал эми үлүштүк катыштын каттоосу жарабай калат.
Кышкы Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Батир албай тургула! Мамкурулуш соттошуп жаткан 38 объектинин тизмесин чыгарды
— Кыймылсыз мүлк сатып алууда келишимге кандай укук, милдеттер жазылышы керек?
— Келишимди негизи эле жөнөкөй киши түшүнө бербейт. Ошондуктан анча-мынча акчаны аябай эле юристтер менен барып, кошчу жерин кошуп, алчу жерин алдырып түзгөнгө ар бирибиздин акыбыз бар. Бирок биздин эл барып, курулуш компаниясы кайсы келишимди карматса ошого кол коюп кете берет. Көпчүлүгү ичин окубайт. Сатып алуучуга зыян келтире турган шарттар менен түзүлгөн келишимдер бар. Башкача айтканда, курулуш компаниясынын пайдасына түзүлүп калган.
Мисалы, "эгер сатып алуучу төлөмдү айтылган күнүнөн кечиктире турган болсо, күнүнө 0,5 пайыз туум кошулат" деген жерлери бар. Ал эми курулуш ээси убадаланган убактан кечигип кала турган болсо кандай жаза күтүп турганы так айтылбайт. Жөн гана "КРдин мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылышы мүмкүн" деп жазып коёт. Кайсы мыйзамдын негизинде жазага тартылары белгисиз.
Мындан тышкары, кыймылсыз мүлк сатууда ортомчу компаниялардын юристтери да келишимдерди, документтерди текшерип беришет. Бирок кызматы кымбатыраак болушу мүмкүн.
— Курулуш токтоп калган учурда кардарлардын акчасын кайтарып берген учурлар бизде болду беле?
— Жеке жактардын акчасын кайтарып алуу оңой эмес. Компания банкротко учурап калганда биринчи даражадагы, анан экинчи даражадагы карыздардын тизмеси болот. Ошол акчаларды кайтарып алуу үчүн соттун чечими керек. Аны Аткаруу кызматына өткөрүп берүү менен гана алууга болот. Жөн гана компанияга барып жүрө бергенде бүгүн-эртең деп убакытты созо беришет. Андан кийин сотко кайрылганда кайтарып берүү мөөнөтү өтүп кетиши мүмкүн.
Даяр батир алганда үй камактабы же жокпу, ошону текшерүү керек. Бул оңой эле. 170 сомдун тегерегинде акча төлөп, үйдүн дарегин же идентификациялык номерин берсеңер Каттоо кызматы текшерип берет. Ошондой эле камактагы үйдү мамлекеттик кызматкер башка бирөөгө каттап бербейт.
— Үй сатып алууда эмнеге көңүл буруу керек?
— Мамлекеттик салык кызматынан карызы жок деген маалым кат болушу керек. Сатып алууучунун да сатуучунун да паспорттору, жубайынын нотариалдык күбөлөндүргөн макулдугу жана үйдүн толук документтери зарыл. Мүлктү сатып алгандан кийин кайсы бир жери же курулуш материалдары канааттандырбаса мунун баары сот аркылуу ишке ашат. Ал эми сатып алууда акча каражатын Мамлекеттик каттоо кызматынын көзүнчө берген туура. Документин көрмөйүнчө ишенбеш керек. Үйлөрдү пирамида тибинде саткан схемага ишенүү болбойт. Аягы алдамчылык менен бүтөт.
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Инвестиция жаатында жаңы мыйзам жазылды. Чоо-жайы тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0