Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Медетов: Айтматов каармандын психологиялык портретин мыкты ача билген

© Sputnik / Асел АкматЖусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов залкар жазуучу чыгармаларында каармандарынын жан дүйнөсүн мыкты сүрөттөгөнү менен айырмаланарын айтты.
Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармасы окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болушунун бирден-бир себеби — ал жеке адамдын жан дүйнөсүн мыкты сүрөттөгөн. Мындай пикирин Аскар Медетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Медетов: Айтматов каармандын психологиялык портретин мыкты ача билген
Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов советтик адабиятка жекеликке көңүл буруу менен жаңылык алып келген.
"Айтматовдун чыгармачылыгы "Оригиналдан алыс турган котормолор" деп аталган сын макала менен башталган. Анда Николай Некрасовдун кыргызчага которулган чыгармаларын түп нускасына салыштырып, андагы айырмачылыктар, бурмалоолорго өзүнүн сын пикирин билдирген. Андан соң "Гезитчи Дзюйо", "Кайракта", "Сыпайчы", "Ашым" деген аңгемелери жарык көргөн. Айтматовду профессионалдык адабиятка "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" деген аңгемелери алып келген десек болот. Бул чыгармалар жарык көргөн соң белгилүү адабиятчы Кеңешбек Асаналиев Кыргызстан жазуучулар союзунун пленумунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жаңылык экенин, анын адамдарды чеберчилик менен сүрөттөй билишин, жеке адамдын жан дүйнөсүн ача билүүдөгү ыкмаларын айтып чыккан. Мунун артынан эле Айтматовдун "Бетме-бет", "Жамийла" повесттери жарык көргөн. "Профессионалдык адабиятка мени "Бетме-бет" алып келди" деп автордун өзү да айтканы бар. Ушул чыгармаларынан соң бир топ сындар айтылып, анын сюжетине эле эмес, керек болсо "Айтматовдун тили" деген талкууларды жүргүзүшкөн. Ошол учурда аны жаңылык катары кабыл алгандарга караганда көркөмсүз, адабий нормаларды бузуу менен жазды дегендер көп болгон. Мындан кийин автор орус тилинде жаза баштаган. Бул анын дүйнөлүк деңгээлге чыгышын шарттады. Айтматов өз чыгармачылыгында кандай гана жолду басып өтүп, эмне деген өзгөрүүлөргө туш болбосун, ал бир нерсени бекем карманган — өзүнүн стилин өзгөрткөн эмес. Каармандардын психологиялык портретин ачып берүүдөгү чеберчилигин улам курчутуп, ар тараптан өнүктүрүп келген. Мына ушунусу менен окурмандардын калың тобунун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон", — деди Медетов.
Ал Чыңгыз Айматовдун чыгармалары көп эле изилденип жатканын, бирок футурологиялык, культурологиялык жана типтик жактан дагы да изилдөөлөргө муктаж экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0