Эгемендик алган жылдары экономикада эмнеден жаңылдык? Эксперттин маеги
20:06 05.12.2023 (Жаңыртылды: 13:06 07.12.2023)
© Sputnik / Жоомарт УраимовКР желеги жана улуттук валютадагы тыйындар. Архивдик сүрөт
Жазылуу
Союз тарап, 1991-жылы эгемен мамлекет аталып, чегибизди бөлүп, экономикабызды өз алдынча түптөөгө багыт алганбыз. Бир катар кемчиликтер менен жакшы иштер да болбой койгон жок.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки экономикасы, анын дурус жана буруш жактарын сүйлөштүк.
— Эгемендик алган жылдардагы Кыргызстандагы абал анча жакшы болбогону маалым.
— 1991-жылдан 1995-жылга чейин кризистик мезгил болуп эсептелет. Буга эл даяр эмес эле. Капиталисттик экономиканы түшүнбөй бир топ өзүбүздү жоготуп койдук. Ал эми түшүнгөндөр соода жасап, учурду жакшы пайдаланышты. Ошол жылдары экономикабыз да төмөндөгөн. 1989-жылы ИДП киши башына 1200 доллардын тегерегинде болсо, беш жыл ичинде 600 долларга ылдыйлады. Ал эми 1997-жылдары 300 долларды түзгөн. Он жылдын ичинде ИДП киши башына төрт эсе төмөндөгөн. Ал эми тарыхты карасак, ошондо кичинекей Ливан, тескерисинче, төрт эсе өскөн. Бирок 1990-жылдардын экинчи жарымында жаңы доордун системасын бир аз түшүнүп, улуттук валютабыз кабыл алынып, акырындан чакан бизнести жолго коюп калганбыз.
Анткен менен эгемендик алган жылдардагы үч революция бизди бир топ артка тартып кетти. Ага карабай аракет кылып жатабыз. Кыргызстандын экономикасы союз маалында жакшы көрсөткүчкө жеткен. Бир катар заводдордун түптөлүшү менен жаңы адистиктер пайда болгон. Ага чейин толук кандуу отурукташпаган, мал менен оокат кылган калк болчубуз да. 1980-жылдардын аягында чоң-чоң өнөр жайлар, стратегиялык заводдор курулган экен. Алар кооперация түрүндө иштеген. Мындан тышкары, инфраструктура, мектеп, бала бакчалардын баары Москва тараптын жардамы менен курулчу. Анан эле 1990-жылдары каржы жок жүдөдүк. Ошону менен рынок экономикасына кирип кеттик. Мындан тышкары, батыштын тилине кирип чоң-чоң заводдорду жоготтук.
— Заводдорду жеке менчикке өткөрүп жибергени Кыргызстандын утулушу болгон дешет...
— Бул татаал маселе. Анткени кайсы жол туура болмоктугун эч ким айта албайт. 1990-жылдары Батыш абдан күчтөнгөн учур болгон. 1982-жылдан баштап Америкада рейганомика саясаты башталган. Башкача айтканда, акча көп басып чыгарып, аны менен насыя берүү парадигмасы өсө баштайт. Ошол кезде Советтер Союзунун экономикасы аябай эле алсырап калган. Башкача айтканда, алтындын көлөмү өспөйт. Ал эми Батыш улам акча басып, аны кредитке бере берип өтө байыйт. Муну менен катар аларда компьютер жана биотехнология өнүгүп, кредит системасына түрткү берип укмуш өнүгөт. Натыйжада жаңы экономикалык саясат келип чыккан. Мүмкүн ошол жагынан алганда биздин бийликтин саясаты туура эле болгондур. Анткени башкалардай мунайыбыз же газыбыз жок. Туризм деген түшүнүк да келе элек. Ошондуктан туруктуу кандай локомотивдерибиз бар экени белгисиз. Ал кезде биздин бийликте деле Батыштын экономикалык иштөө принцибин түшүнгөндөр аз эле. Балким, жок болгондур. Ошол мезгилде Япония, Таиланд жакшы өнүгүп жаткан. Алардын моделин карап, изилдесек деле болмок. "Жардам беребиз, заводдоруңарды жапкыла" деген Американын сөзүнө да алданып калдык.
"Биз деле Кытайдын жолу менен кетсек болмок" дегендер бар. Бирок биз алардай боло албас элек. Анткени экономиканы өнүктүрүү үчүн үч деңгээл керек. Биринчиси, өлкөдө микроэкономиканын (жеке ишкердиктин иштеши, киреше табуусу, туруктуулугу, экспорту — У. Мамытов) иштеши. Экинчиден, макроэкономиканы (мамлекет аралык соода-сатык алакасын түзүү — У. Мамытов) жөнгө салуу. Мында акча маселеси негизги орунда. Инвестиция тартууда мамлекеттин ролу маанилүү. Чыгыш Азия өлкөлөрү инвестиция тартып эле тим болбостон, өздөрү да акча чыгарышкан. Ал эми үчүнчү деңгээл — бул геосаясат. Кытайды ошол кезде Америка толук колдоп, өндүргөн техникасын экспорттоого жол ачкан. Кытай сырттан кирген заводдорду иштетип, алардын товарларын экспорттоп акча таба баштаган. Азыр социализм менен капитализмди мыкты айкалыштырып иштеп жатат. Советтер Союзун жоготуу үчүн америкалыктар Кытайдагы капитализмди колдоо саясатын жүргүзүшкөн. Японияга, Түштүк Кореяга да Батыш жардам берген. Советтер Союзунун мындай мүмкүнчүлүгү болгон жок.
Эгемендикти алган жылдары туура багыт коюлбаганы чоң ката болду. Беларусь менен Өзбекстан көп заводдорун сактап калды. Ал заводдор дагы эле иштейт. Экинчи жагынан заводдорду таратканыбыз да туура. Анткени Кыргызстандын эффективдүү иш алып барууга кудурети жетмек эмес. Жеке менчикке бергенде да так көзөмөлдөп, толук иштетүүнү талап кылуу кажет эле.
© Sputnik / МамадалиевУлукман Мамытов: Эгемендикти алган жылдары туура багыт коюлбаганы чоң ката болду. Беларусь менен Өзбекстан көп заводдорун сактап калды. Ал заводдор дагы эле иштейт. Экинчи жагынан заводдорду таратканыбыз да туура. Анткени Кыргызстандын эффективдүү иш алып барууга кудурети жетмек эмес. Жеке менчикке бергенде да так көзөмөлдөп, толук иштетүүнү талап кылуу кажет эле.
Улукман Мамытов: Эгемендикти алган жылдары туура багыт коюлбаганы чоң ката болду. Беларусь менен Өзбекстан көп заводдорун сактап калды. Ал заводдор дагы эле иштейт. Экинчи жагынан заводдорду таратканыбыз да туура. Анткени Кыргызстандын эффективдүү иш алып барууга кудурети жетмек эмес. Жеке менчикке бергенде да так көзөмөлдөп, толук иштетүүнү талап кылуу кажет эле.
© Sputnik / Мамадалиев
— "Кыргызстанды деле Сингапурдай өнүктүрсөк" деген кептер көп айтылат...
— Сингапурдай болуу үчүн төрт маселени чечүү кажет. Биринчиден, ишканалар, заводдор эффективдүү иштей алабы. Экинчи маселе — мамлекеттин стратегиясы болушу керек. Үчүнчүсү — геосаясат. Алыс барбайлы, коңшу казактар эле фураларыбызды өткөрбөй жатат. Сингапурдай боло албаганыбыздын төртүнчү себеби — биздин логистикабыз аябай татаал. Деңиз аркылуу соода абдан арзан жана эффективдүү. Кыргызстандын жайгашкан географиясы татаал, деңизден алыс. Бул өнүгүүгө тоскоол. Товарлардын логистикасы анын сатуу наркына кирип кетүүдө.
— Теориялык жактан так программабыз жок эле жаңы Кыргызстанды түзгүбүз келип жаткандай. Азыркы экономикабызга кандай баа бересиз?
— Биринчи президентибиз илимдин кишиси болгон. Ал киши өз убагында бизге интеллектуалдык жол көрсөтүп койсо жакшы болмок. "Илимий-технологиялык жол менен өнүгүүгө баруу керек, ушул жол стратегиялык тармак болушу абзел" деген конкреттүү багыт коюлган жок. "Экинчи Швейцария" болуу керектиги гана айтылган. Швейцариянын жаратылышы жакшы, абдан чоң корпорациялары бар жана дүйнөлүк бренддеги саат чыгарат. Ар тараптуу өлкө. Биз кайсы тараптан Швейцарияга окшош болууну каалайбыз? Азыр деле бетке кармай турган стратегиябыз жок. Алгач бизге Samsung компаниясы келген. Кыргызстандын демократиясы, физик, окумуштуу президенти алардын көңүлүнө туура келген. Бирок коррупциянын айынан Өзбекстанга кетип калышты. Бизге жаңы технология, инвестиция алып келип жатса, аткаминерлер алардан акча сурап отуруп алышты. Бул аларга таң калычтуу көрүнсө керек. Азыр KIA компаниясы Казакстанга чоң завод куруп жатат. Алар да алгач бизге келишкен. Азыр 150 миллион доллар инвестиция салып коңшуларга завод ачып берүүдө. Жок дегенде технология жаатындагы коррупцияны жойбосок өнүкпөйбүз. Ушундай акмакчылыгыбыз болбосо Корея, Сингапурга жакыныраак болмоктурбуз. Тилекке каршы, канча инвестициядан куру калып жатабыз.
Коррупцияны да жоюунун жолдору бар. Мисалы, Сингапурда кыйын, өз өлкөсү үчүн жанын берген мекенчилдерди өстүрүштү. Аларга жакшы айлык төлөп беришет. Негизинен жеке корпорациялары аябай көп маяна төлөшөт. Бирок мамлекет да алардан кем эмес айлык берүү керек деген саясат жүргүзгөн. Бул идеология. Коррупцияны жок кылуу үчүн материалдык кызыкчылык эмес, алгач идеология болушу кажет. Өлкөгө патриоттор керек. Аларды өстүрүү үчүн идеологиянын болушу шарт. Кыргызстан 2040-жылы кандай болобуз? Дагы деле Көчмөндөр оюндарын, той, мааракелерди өткөрүп жүрө беребизби же биотехнология, технология жаатында ойлоп табууларга жетишебизби? Келечекти ойлогон идеология керек. Либералдык идеология менен жүрө берсек, бизге патриоттордун деле кереги жок. Ар ким өз билгенин кылып жүрө берет. Модернизацияны да алып кетишибиз керек. Батышта либерализмдин арты менен сатанизм секталарына, салттуу эмес жыныстык мамилеге жол ачылып жатат.