Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына жаңы авиакаттам ачылды

© AFP / STRЧэнду шаары. Архивдик сүрөт
Чэнду шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Чэнду — Бишкек — Чэнду багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн элчилиги кытай тарап менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 12-декабрдан тартып жаңы үзгүлтүксүз авиакаттам ачыла турган болду. Коңшу өлкөнүн Loong Air авиакомпаниясы жумасына эки жолу (шейшемби, ишемби) каттайт.
Учуу убактысы жергиликтүү саат боюнча көрсөтүлгөн. Чэнду (09:15) — Бишкек (12:50), Бишкек (13:50) — Чэнду (20:35).
Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Москвадан Кыргызстанга аба каттамдарынын саны көбөйүүдө. График
Жаңылыктар түрмөгү
0