Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тигүүчүлөр Соцфондго айына 928 сом төксө, мугалимдер 5000ге чейин которушат

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. Архивдик сүрөт
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев куруучуларга социалдык төгүмдөрдү төгүүдөгү жеңилдиктер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда камтылганын айтты.
Өлкөдө фермерлер келечектеги пенсиясы үчүн айына жети сомдон төгүшөт. Бирок учурда пенсияга кеткен каражаттын 40 пайызы фермерлерге төлөнөт. Бул тууралуу Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Тигүүчүлөр Соцфондго айына 928 сом төксө, мугалимдер 5000ге чейин которушат
Анын айтымында, Социалдык фондго мыйзам чегинде төлөмдөрүн жашырбай жүргүзүп келгендер ири бизнес өкүлчүлүктөрү болуп эсептелет.
"Социалдык төгүмдөрдү ак ниеттүүлүк менен төлөөдө орто жана чакан бизнесте көйгөйлөр көп. Ошондуктан да биз чакан ишканаларга сумманы беш кишиден ашык көрсөтсө 22 пайызга, 15 кишиден ашык көрсөтсө 14 пайызга чейин түшүрүп берип жатабыз. Азыр мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштадык, анда куруучуларга да ушундай жеңилдик берип, 14 пайызга чейин төгүмдөрүн азайтып берүүнү сунуштадык. Максатыбыз — чакан ишкерликти көмүскө экономикадан чыгаруу. Мисалы, азыркы учурда бир тигүүчү келечектеги пенсиясы үчүн айына 928 сом төгөт, ал эми медиктер же мугалимдер мыйзамда көрсөтүлгөн 27 пайызды аткарып, эгер 20 миң сом айлык алса айына 4700-5000 сомдой каражатын Социалдык фондго которот. Албетте, анын 17 пайызын иш берүүчү төлөп, калган 10 пайызы өз маянасынан кармалат. Ал эми фермерлер тууралуу айта турган болсок, алар айына болгону жети сомдон төгүшөт. Алар которгон каражат Социалдык фонддун жалпы бюджетинин 0,06 пайызын гана жабат, бирок пенсия ала келгенде каражаттын 40 пайызы фермерлерге төлөнүп берилет. Төгүмдөрдү жүргүзүүдө тоо кен тармагындагы же башка багыттар боюнча иш алып барган ири ишканалар ак ниеттүүлүк менен иш алып барышат. Алар төгүм жүргүзгөн кыргызстандыктардын 37 пайызын түзүп, түшкөн акча бюджетибиздин 97 пайызын жабат. Биздин кыргызстандыктар келечектеги пенсиясына канча көп каражат төксө ошончо бийик пенсияга чыгарын түшүнчү мезгил келди. Эми алчу акча пенсияга чыгууда да, аны жогорулатууда да төгүп келген суммасынан көз каранды болот", — деди Алиев.
Ал бүгүнкү күндө жеңилдик берилбеген тармактарда эмгектенген кыргызстандыктар тапкан кирешесинин 27 пайызын которушарын, анын 17 пайызын иш берүүчү төлөп берүүгө милдеттүү болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0