Сасык тумоого байланыштуу министр балдар үчүн кошумча орун даярдоону тапшырды

© Фото / Зульфия ТургуноваОорукананын палатасында орундарды даярдап жаткан медайым. Архивдик сүрөт
Оорукананын палатасында орундарды даярдап жаткан медайым. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алдындагы күндүзгү стационарлар иш күндөрү эртеден кечке, дем алышта саат 14:00гө чейин иштей турганы айтылды.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сасык тумоо менен КРВИ күчөгөн маалда ооруканаларда балдар үчүн кошумча орун даярдоону тапшырганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандар көбөйүп жатканын айткан.
Кошумча орун даярдала турчу ооруканалар:
Шаардагы №3 балдар ооруканасында 30 орун даярдалат. Ал жакта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун педиатрлары кезектешип иштешет. Күчөтүлгөн тартипте иштөөгө 2-3-курстун ординаторлору тартылат;
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 30 орун даярдалып, кошумча 10 медик бөлүнөт;
Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүндө 45 орун даярдалат;
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алдындагы күндүзгү стационарлар дүйшөмбүдөн жумага чейин эки сменде саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү саат 14:00гө чейин дарыгерлер нөөмөттө болушат.
Жуурканга оронгон кыз чай ичип жатат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Эпидемиологдор кыштан оорубай чыгуу үчүн эрежелерди сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0