Россияга санкция киргизген Евробиримдик газ алууда канча чыгым болгону айтылды

© Sputnik / Алексей ВитвицкиЗайда компрессордук станциясы. Архивдик сүрөт
Зайда компрессордук станциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Россия газ жеткирүүнүн көлөмү азайганына карабастан баанын көтөрүлүшүнөн улам кошумча 14 миллиард евро тапкан.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Евробиримдик 2022-жылдын февралынан тарта газ импортуна 304 миллиард евро жумшап, антироссиялык санкцияларынан улам 185 миллиард долларга чыгым болгонун РИА Новости Евростаттын маалыматына таянып эсептеп чыккан.
Брюссель Россияга каршы чектөө киргизе баштаган 2022-жылдын февралынан тарта Евробиримдик газ импортунун орточо бир айдагы наркы 15,2 миллиард еврого жогорулаган. Анын 7,7 миллиарды суюлтулган жаратылыш газына сарпталса, калган 7,5 миллиарды түтүк менен келчү көгүлтүр отко төлөнгөн. Ал эми санкция киргизилгенге чейин европа мамлекеттери орточо 5,9 миллиард евро төлөп келген (анын 3,6 миллиарды түтүктөн келген газга, 2,3 миллиарды суюлтулган газга жумшалган).
Мында 20 ай ичинде Евробиримдик газ үчүн 185 миллиард евро ашыкча төлөп, ал эми бул максатка жалпы жонунан 304 миллиард евро жумшаган. Мындай сумманы ЕБ буга чейин бир нече жылда сарптачу: 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын соңуна чейин 186 миллиард евро сарпталса, 2013-жылдан 2021-жылга чейин 292 миллиард евро төлөп келген.
Мында эң көп пайдага — 53 миллиард долларга АКШ ээ болду. Анын артынан Улуу Британия (27 млрд.), Норвегия (24 млрд.) жана Алжир (21 млрд.) келе жатат. Россия газ жеткирүүнүн көлөмү азайганына карабастан баанын көтөрүлүшүнөн улам кошумча 14 миллиард евро тапкан. Ушунча эле каражатка Катар да ээ болду.
Азербайжан ЕБдин газ саясатын кайра карап чыгышынан кийин 12 миллиард евро пайда көргөн, Ангола — 5 миллиард, Египет — 4 миллиард, Тринидад жана Тобаго — 3 миллиард евро тапкан. Нигерия менен Камерун 2 миллиард евродон киреше көрсө, миллиард евродон Ливия, Оман жана Экваториалдык Гвинея алды. Булардан башка дагы 12 мамлекет кошумча каражатка ээ болгон, алардын жалпы суммасы 2 миллиард еврого чукулдап барат.
РФ лидери Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, ал эми санкциялар жалпы дүйнө экономикасына урулган сокку болгонун белгилеген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон кишинин жашоосун начарлатуу. Россия бир нече ирет Батыш шарттаган көйгөйдүн баарын чече аларын билдирген. Москва антироссиялык санкциялар кыйроого учураганын моюндоого Батыштын дарамети жетпей турганын белгилеген. Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө деле Россияга каршы киргизилген чектөөлөр натыйжа бербей турганы айтылып келет.
Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Путин: санкциялардын майнапсыздыгынан улам Батыш диверсияга барышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0