Таяныч болуп такала турган өзөгүбүз Манасыбызда! Садыр Жапаровдун куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы эпос кыргыздын улуттук сыймыгы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү экенин белгилеген.
"Кызыл байрагыбыз, гербибиз жана гимнибиз мамлекеттин символдору болсо, "Манас" эпосу – улуттук иденттүүлүктүн символу. Кылымдар кыйырын кырча басып келе жаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, биримдиги улуу "Манас" дастанында кашкая таасын айтылган. Ал эми көп этностуу Кыргызстандын улуттук идеологиясынын башаты дал ушул улуу биримдиктен угут алат. Дүйнө өзгөрүп, дүрбөлөңдүү чакырыктар жаңырып турган маалда дүйнө элдери тарыхы менен өтмүшүнө кайрадан баш багып, өнүгүү багытына өзөк, руханий баалуулук издөөгө батыл киришти. Кудайга шүгүрчүлүк, улуу дастаныбызда бүткүл кыргыз элинин тарыхы менен тагдыры, нарк-насили менен каада-салты, турмуш-тиричилиги менен маданияты жуурулушуп, кылымдар бою аздектеген түп мүдөө-тилеги укмуштуудай чагылдырылган. "Башканы коюп Манасты айт" деп бекеринен айтылып калбаган чыгар, биздин башат алчу идеологиябыз, таяныч болуп такала турган өзөгүбүз, улуттук улуу рухубуз дал ушул Манасыбызда!" — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Садыр Жапаров 2022-жылдын апрелинде "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек") ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун, сентябрда "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси "Манас" улуттук академиясы болуп өзгөртүлгөнүн эске салып, бул кадамдар эпос боюнча мындан да ар тараптуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзүп бере алат деп ишенген.
"Уюткулуу журтубуздун улуттук рухунун насилин чагылдырып турган "Манас" эпосунун күнү менен жалпы кыргызстандыктарды дагы бир жолу куттуктаймын. Мааниси бийик, шааниси ыйык "Манас" эпосу жаркын келечекке үндөөчү руханий өзөк катары кызматын аркалай берсин! Ар бир кыргыз жаранында Айкөл Манастын деми болсун!" — деп жазылат куттуктоодо.
4-декабрь Манас күнү болуп өкмөт тарабынан 2015-жылы 27-апрелде жарыяланган.
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Манасты музыка, математика жана психология жаатында да изилдөө керек. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0