Кыргызстан боюнча 2-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАдамдар кар жааганда паркта сейилдеп жүрүшөт. Архив
Адамдар кар жааганда паркта сейилдеп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
Өлкөнүн дээрлик бардык аймагында бейшемби күнү жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөрү күтүлүүдө.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 2-декабрга чейин Кыргызстандагы аба ырайына божомол кылган маалыматын берди.

Чүй жана Талас облустары

26-29-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-ноябрда айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Андан соң күндүн көзү ачылат.

Ош облусу

Апта ичи аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. 26-29-ноябрда шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад жана Баткен облустары

26-28-ноябрда күн ачык болот. Ал эми 29-30-ноябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Жуманын соңунда күн кайрадан ачылат.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Региондо апта башында күн ачылат. 30-ноябрда жана 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда күн ачык болору божомолдонду.
Ысык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0