Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Асанов: кыргыз тикмечилигинин ЕАЭБ ичинде алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар

© Sputnik / Асел Акмат"Легпром" жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов
Легпром жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы юридикалык жактар бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
"Легпром" жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов кыргыз жеңил өнөр жайы бир шарт менен ЕАЭБдин брендине айлана аларын айтты.
Кыргыз жеңил өнөр жайы Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөнгө чейин эле Россия Федерациясынын, Казакстандын рыногуна кирип калгандыктан учурда уюмдун бул жааттагы брендине айлануу мүмкүнчүлүгү зор. Мындай пикирин Сапарбек Асанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Асанов: кыргыз тикмечилигинин ЕАЭБ ичинде алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар
Анын айтымында, өлкөдө 2000-жылдардан тарта эле Россиянын — 64, Казакстандын 17 шаарына Кыргызстанда тигилген продукция экспорттолуп, базарларда сатылып келген.
"Кыргызстанда тикмечилик 2000-2001-жылдары күч алып, Россия менен Казакстанга жумасына эки жолудан экспорттолуп турган. Бирок бул жылдары ошол чыгарылып жаткан продукциянын көлөмү 1 миллиард сомго жетчү эмес. 2004-2005-жылдары өкмөт жеңил өнөр жай тармагына белгиленген салык бекитип берди, экспорттук каналдар расмийлешип, жакшы шарттар түзүлдү. Жыйынтыгында, албетте, чыгарылган товардын көлөмү да өстү. Мындан сырткары, Билим берүү министрлиги менен чогуу долбоорлор ишке ашырылып, квалификациялуу адистерди даярдоо жолго коюла баштады. Мунун жакшы жыйынтыктарын былтыркы жылдагы өндүргөн товардын көлөмү 9 миллиард 600 миллион сомду түзгөнү, быйылкы 10 айдын жыйынтыгы менен эле 11 миллиарддан ашканы менен түшүндүрсөк болот. Бирок ЕАЭБдин бренди болуп калууга бул кадамдар жетишсиз. Дагы бир топ көйгөйлөр бар. Жогорудагы көрсөткүчтөргө карабай, мисалы, ЕАЭБге мүчө Россияны эле ала турган болсок, аларга келген кийимдин 40 пайыздан ашыгы — Кытайдын продукциясы. 20 пайыздан көбүн Түркия камсыздайт. Андан кийин Германия жана Италия болуп, Кыргызстан 4 пайызга жетпеген гана көрсөткүчтө турчу. Биринчиден, мына ушундай атаандаштарга тең келе ала турган системада иштешибиз керек. Ал үчүн сырье да өзүбүздөн чыгарылышы зарыл. Бир эле тигүү менен отура берсек өнүгө албайбыз. Экинчиден, бизде жеңил өнөр жайында көбүнесе чакан жана орто бизнес иштеп жатат. Аларды ирилештирүү зарыл. Ошондой эле квалификациялуу адистер таңсыктыгы бар. Бир сөз айтканда, биз сапатты жогорулатуу менен көлөмдү көбөйтүп, ЕАЭБдин брендине айлана алабыз", — деди Асанов.
Ал жогоруда аталган маселелерге мамлекет тарабынан көңүл бурулушу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0