Матчество деген болбойбу? Конституциялык сот чечимин кайра карап чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКонституциялык соттун имараты. Архив
Конституциялык соттун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Буга чейин Конституциялык сотко Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды берүү каралган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, документтен "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген жерин алып салды.
Буга чейин сотко кыргызстандык активист Алтын Капалова кайрылган. Ал уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууну суранган, бирок сот бала кийин кодулоого кабыл болушу мүмкүн деп баш тарткан. Ошол эле учурда Конституциялык сот жашы жеткендерде атасынын же энесинин ысымын алуу укугу болушу керектигин айткан.
Жарыяланган бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Матчествого мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, муфтий Замир Ракиев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каршы чыккан.
Октябрь айында Конституциялык сотко Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укук берүү каралган.
9-ноябрда Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген жерин алып салды.
Чечимде "матчество институтун киргизүү коомдун басымдуу бөлүгү тарабынан терс кабыл алынганы, муну алдын ала боолголоого мүмкүн болгон эместиги” айтылат.

"Соттун бул позициясын көпчүлүк кыргыз элинин адеп-ахлагына, баалуулуктарына жана каада-салтына шек келтирген терс көрүнүш катары кабыл алынганына байланыштуу коомчулукта резонанс жаратты", - деп белгиленет документте.

Ошол эле учурда Конституциялык сот кабыл алынган чечимде айтылгандардан күмөн санабай турганы белгиленди.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0