Кыргызстанда сөөктү союуга тыюу салынса эмне болот? Патологоанатом менен маек
18:09 07.11.2023 (Жаңыртылды: 10:15 08.11.2023)
Жазылуу
Күздүн башында ЖК депутаты Лейла Лурова киши колдуу болгон деген шек менен гана сөөктү союуну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук угууга койду. Медиктердин ушул боюнча пикирлерин тыңдадык.
Парламенттин сайтына аталган мыйзам долбоору жарыяланганда алгачкылардан болуп өз пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. Ал пандемия убагында COVID-19дан дарылоонун майнаптуу протоколун ушул дарттан каза тапкандардын сөөгүн ачып,иликтөөнүн жыйынтыгы менен гана түзүлгөнүн эске салды. Кийин депутат мыйзам долбоорун толуктап чыгуу керектигин мойнуна алган.
Дегеле патологиялык анатомия эмне үчүн керектиги, жакындарына катуу тийсе да сөөктү союу эмне үчүн маанилүү экени боюнча Кыргыз-Россия Славян университетинин патологиялык анатомия кафедрасынын башчысы Майра Ахметова менен маектештик.
— Парламенттин сайтына жарыяланган мыйзам долбоорун кандай кабылдадыңыз? Ойго биринчи эмне келди?
— Ал жаңылык мени таң калтырды. Негизи сөөктү союу жакындарынын уруксаты менен гана жүргүзүлөрү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2000-жылы эле кабыл алган. Ошол убактан тарта сөөктү ачуу пайызы абдан азаюуда. Азыр өлкөдө патологоанатомиялык кызматтын иши совет убагындагыдан кыйла төмөн.
— Бүгүнкү күндө аталган кызматта эмгектенгендер кимдердин сөөгүн ача алат? Ушуну тактап алсак.
— Өлүмдүн табигый, оорудан жана киши колдуу деген үч түрү бар. Айрым булактарда капыстан ажал деген да бар. Табигый өлүм менен калктын аз пайызы гана өтөт. Табигый карылыкта адамдынпрограммаланган ажалы келди деген болбойт. Көп учурда адамдар кайсы бир илдеттен каза болушат. Медициналык мекемелерде көз жумгандар — патологиялык анатомдордун иликтөө объектилери. Өлүмдүн бөлөк түрлөрү: киши колдуу болгон, үйдө, көчөдө, башкача айтканда, дарылоо мекемелеринен башка жактардагы учурлар соттук медиктер тарабынан иликтенет. Бул 2000-жылы кабыл алынган мыйзамдын эч кандай тиешеси жок таптакыр башка багыт.
— Эмне үчүн сөөктү союу керек?
— Өлүмдүн түздөн-түз эки гана себеби болот, же жүрөктүн согушу токтойт, же дем жоголот. Ал эми буга кандай оору, кайсы илдет алып келди? Маркумдун дарты эмне, туура диагноз коюлганбы, аны туура дарылашканбы? Ушул учурда сөөктү союу гана толук маалымат берет.
Пандемия убагында каза болгондордун баарынын сөөгү ачылып, ошондон улам гана дартты дарылоодогу катачылыктар аныкталган. Эсиңиздерде болсо, бейтаптарга мурда жугуштуу ооруларды дарылагандай эле асма укол куя беришкен. Сөөктү ачууда патологиялык анатомдор илдетке кабылгандардын өпкөсү суюктукка толуп калганын көрүшкөн. Ушул түшүнүктүү болгондо гана дарылоо протоколу өзгөртүлүп, өлүм саны азая баштаган.
Ар бир дарыгердин таржымалында өлүм учуру бар. Өзү дарылаган кишинин сөөгү ачылганда дарыгер алдыда ката кетирбөө үчүн өзүнүн дарылоо ыкмасы канчалык туура болгонун аңдайт. Демек, сөөктү ачуу морфологдорго эмес, көбүнесе клиницисттерге пайдалуу. Туугандарынын каалоосу боюнча биопсиялык-тастыкталган онкологиялык диагноз учурунда гана бул процедура токтотулат. Бирок жугуштуу ооруларда сөөктү союу шарт. Өзүңүздөр түшүнүп турасыздар, азыр бүтүндөй дүйнө көчүп-конуп жашайт, кээде адамдар эбак унутулуп калган ооруларды жуктуруп алып жатышат. Бизге белгилүү илдеттер да өзгөрүп, башка түр алууда. Ошол эле кургак учуктун азыркысы менен 100 жыл мурункусун салыштырып болбойт. Эмне өзгөрүп, ал адамга кандай таасир этерин сөөктү ачып көрүүдө гана түшүнө алабыз.
Энелердин өлүмү сөзсүз түрдө сөөктү союу менен гана аныкталат. Балдардыкы да. Балдар дарылоо мекемесинде чарчап калбашы керек! Дарыгерлер буга так эмне алып келгенин түшүнүүгө тийиш!
© Sputnik / Табылды КадырбековМайра Ахметова: өлүмдүн түздөн-түз эки гана себеби болот, же жүрөктүн согушу токтойт, же дем жоголот. Ал эми буга кандай оору, кайсы илдет алып келди? Маркумдун дарты эмне, туура диагноз коюлганбы, аны туура дарылашканбы? Ушул учурда сөөктү союу гана толук маалымат берет.
Майра Ахметова: өлүмдүн түздөн-түз эки гана себеби болот, же жүрөктүн согушу токтойт, же дем жоголот. Ал эми буга кандай оору, кайсы илдет алып келди? Маркумдун дарты эмне, туура диагноз коюлганбы, аны туура дарылашканбы? Ушул учурда сөөктү союу гана толук маалымат берет.
— Оорулар туурасындагы статистика да сөөктү ачууда алынган маалыматтарга жараша алынат турбайбы анда?
— Дал ошондой. Бул – ар бир мамлекеттин ден соолук жана оорунун себебин чагылдырып турган жападан жалгыз туура статистика. Өлкөдө азыр бул багытта жарыяланып жаткан статистика жаңылыш да болуп калышы мүмкүн экенин боолголоо да жөндүү. Бирок бул өтө маанилүү! Статистика фактыга гана таянат. Анын талданышынын жыйынтыгы боюнча гана мамлекет саламаттыктысактоонун кайсы тармагын өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат бөлүү керектигин түшүнөт. Демек, бул медиктер эле эмес, жалпы мамлекеттин орчундуу маселелеринен.
— Маркумдардын жакындары сөөктү ачтырууну талап кылган учурлар болобу?
— Болбой койбойт. Былтыр тиш дарыгер, жаш, дени сак жигит каза болгон. Чуркоого чыгып эле жыгылып кетип, көз жумган. Анын апасы сөөктү союуну талап кылды. Кечинде сопсоо турган эле киши таңда өтүп кетпейт да! Өлүм себебин сөөктү ачуудан кийин гана аныктоого болот.
— Туура түшүнгөн болсом, бейтабы көз жумган дарыгер сөөктү союу процессине катышууга милдеттүү турбайбы. Ушундайбы?
— Негизи ошондой. Мурда дарыгер бул ишке сөзсүз катышчу. Дарылаган дарыгер өлүкканага келмейинче процесс башталчу эмес. Азыр ооруканаларда дарыгерлер көзү өткөн бейтаптын туугандары менен сүйлөшүп алып, алар сөөктү союудан баш тарткан арыз жазышат. Албетте, бул дарыгердин пайдасына, эгер ал катачылык кетирген болсо, аны эч ким билбей калат... Бирок азыр медицинанын жаңы дүйнөлүк багыты — ятрогения деген пайда болду. Бул дарыгерлердин катачылыктарын изилдеген илим.
Өлүм жөнүндөгү корутундуну патологиялык анатомдор гана чыгарууга акылуу эле. Ага биз соңку диагнозду жазчубуз. Ошол жазуу Статистика комитетине өткөрүлчү. Ал эми азыр...
© Sputnik / Наталия КнязеваМайра Ахметова: организм — бул бирдиктүү механизм. Боордо бир нерсе болдубу, бул бүтүндөй организмге таасир этет. Ошондуктан тигил же бул ооруну изилдөөдө оору таржымалы талданып, өлүм корутундусу чыгарылат. Ар кандай дарт ар башкача өтүшү мүмкүн.
Майра Ахметова: организм — бул бирдиктүү механизм. Боордо бир нерсе болдубу, бул бүтүндөй организмге таасир этет. Ошондуктан тигил же бул ооруну изилдөөдө оору таржымалы талданып, өлүм корутундусу чыгарылат. Ар кандай дарт ар башкача өтүшү мүмкүн.
© Sputnik / Наталия Князева
— Демек, дарыгерлер ошентип бейтап дал эмнеден өтүп кеткенин билбей калышат турбайбы. Андан улам медициналык илим да өнүкпөй калат да?..
— Албетте! Организм — бул бирдиктүү механизм. Боордо бир нерсе болдубу, бул бүтүндөй организмге таасир этет. Ошондуктан тигил же бул ооруну изилдөөдө оору таржымалы талданып, өлүм корутундусу чыгарылат. Ар кандай дарт ар башкача өтүшү мүмкүн. Ошол эле COVID-19 — пневмония эле эмес! Ал бүт организмге таасир этет, кай биринин өпкөсүнө кан толсо, кимдир бирөөнүн боору жарабай калган. Мындай маалыматтардын баарын сөөктү союунун жыйынтыгы менен гана изилдөөгө болот.
— Дагы бир учур бар. Сөөктү ачууда студенттер көптү үйрөнүшөт... Адамдын органдары кандай экенин анатомиялык атластар боюнча гана элестеткен балдар бар, ал эми жашоодо баары китептегидей боло бербейт эмеспи.
— Ооба. Студенттер сөөк союу процессин көрбөй да калышат. Бизди го киргизишет, бирок сөөк ачуу да азыр абдан аз жүргүзүлөт. Бизге өлүкканадан чалып кабарлап калышса, биз бардык ишти таштап, студенттер менен ал жакка жөнөп калабыз. Адамды ичинен көрбөй калган балдардын үчүнчү курстагы экзамендерде айтып бергендерин угуп отуруп, төбө чачыбыз тик турат. Мурда жакындары алып кетпеген сөөктөр билим берүүдө пайдаланылчу. Мен окуп жүргөн кезде ар бир группага изилдене турган бир сөөк бөлүнчү. Аны изилдеп, ал боюнча даярданып, булчуңдарды тепчип тигип, баш сөөктү изилдеп чыкчубуз… Болочоктогу дарыгерге булардын баары зарыл! Адамдын ички түзүлүшүн билбесе, студент кантип хирург болот?!
Мисалы, Россияда сөөк союунун пайызы 90го жетет. Көптөгөн өлкөлөр милдеттүү түрдө сөөктү ачтырууну кайрадан киргизүү жөнүндө ойлонуп калышты. Ал эми биз тескерисинче баратат окшойбуз.
— Студенттерден патологоанатом болгусу келгендер аз. Көпчүлүк сиздерди өлгөндөрдүн сөөгүн эле текшере бергендей кабыл алышат.
— Биздин иште азыр тирүүлөрдүн диагностикасы биринчи орунда. Өлкөдө алынган биопсиялардын баары патологоанатомдун микроскобу аркылуу өтөт. Жумушубуздун чоң бөлүгүн ушул багыт түзөт. Патологиялык анатомия — илимий-прикладдык сабак: илимий жагы — бул теория, прикладдык тарабы — клиника, демек, биз теория менен практиканын кесилишиндебиз.
— Маселенин этикалык тарабы да бар. Сөөктү ачуу маркумдун жакындарынын үрөйүн учурат. Эмоционалдык жактан көпчүлүк учурда өлгөн кишинин жакындары бул процедурадан баш тартышарын түшүнүп турам.
— Албетте, маселенин психологиялык тарабын түшүнүп турам, бирок алар да тууганы эмне үчүн ооруп калганын билип алганы оң эмеспи. Бир учурдан кабарым бар, аял киши көкүрөгүнөн жаман кеселге кабылып көпкө ооруп жүрөт. Химиотерапиядан өтөт. Рактан айыгат, ультраүндүү изилдөө кесел чегингенин көрсөтөт, бирок ал аял баары бир көз жумду. Менимче, ашыкча дарылоодон, тагыраагы, химиотерапиянын ашкере ченеми анын боорун талкалап кеткен. Ошондо онкологдун катасын сөөктү ачуу менен далилдөөгө болмок, бирок жакындары бул процедурадан баш тартышты. Болгону 56 жашта экен, өлбөшү керек эле. Бирок азыр далилдей албайсың.
Латынча "mortui vivos docent" — "маркумдар тирүүлөргө үйрөтөт" деген сөз бар. Ал тегин жерден пайда болгон эмес. Эгер адамды айбанаттардан айырмалаган бир нерсени үйрөнүүгө каалоосу, кызыгуусу болбосо, анда дегеле азыркы медицина да болмок эмес!
Дасыккан морфологдордон бүт Кыргызстан боюнча он беш чакты гана чыгат. Ал эми морфологиялык иликтөө жүргүзүүгө убада берип жаткан лабораториялар жамгырдан кийинки козу карындай жайнайт. Аларда мындай иликтөөлөрдү ким жүргүзөт? Жок дегенде ушул үчүн өлкөгө патологиялык анатомдор зарыл. Бул багытка кысым көрсөтө берген болбойт.