Жоокерлерди туткундан бошоткон байпак. Эгемен Кыргызстандын тунгуч подполковниги

© Фото / из личного архива Александра БолотинаКР аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү, полковник Жумалы Кубатов куралдаштары менен. Бишкек, Ататүрк паркы
КР аскердик чалгын кызматынын  негиздөөчүсү,  полковник Жумалы Кубатов куралдаштары менен. Бишкек,  Ататүрк паркы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Жазылуу
Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң биринчи подполковник Жумалы Кубатовдун тагдырынан өлкөнүн Куралдуу күчтөрү кандай татаал жолду басып өткөнүн көрүүгө болот. Колумнист Алмаз Батилов офицердин куралдаштары менен жолугуп, фактыларды чогулткан.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн түзүү боюнча жарлыкка 1992-жылы 29-майда өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаев кол койгон. Адегенде бул ведомство Коргоо комитети деп аталып, жетекчилигине генерал-майор Жаныбек Үмөталиев дайындалган. Ошол эле жылы 10-июлда вьетнам жана афган согушунун ардагери, такшалган аскердик контрчалгынчы Жумалы Кубатов аскердик чалгын кызматын негиздейт. Ал "Маалымат-аналитикалык борбор" деген аталыш менен ачылып, курамында болгону төрт эле офицер болгон.
© Фото / Из семейного архива Мамытовых

КР тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлер. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл.

КР тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлер. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/2

КР тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлер. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл.

© Фото / Из семейного архива Мамытовых

Аскердик чалгынчы Айбек Мамытов (оң жактан биринчи ) КР Тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлери менен. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл

Аскердик чалгынчы Айбек Мамытов (оң жактан биринчи ) КР Тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлери менен. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/2

Аскердик чалгынчы Айбек Мамытов (оң жактан биринчи ) КР Тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлери менен. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл

1/2

КР тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлер. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл.

2/2

Аскердик чалгынчы Айбек Мамытов (оң жактан биринчи ) КР Тынчтык орнотуучу батальонундагы офицерлери менен. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусу. 1995-жыл

1992-жылы 27-майда Коргоо иштери боюнча комитеттин төрагасы, генерал-майор Үмөталиев майор Жумалы Кубатовго подполковник наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол койду. Буга чейин армиянын офицерлерине Москва гана аскердик наамды ыйгарып келген Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы үчүн бул тарыхый окуя эле.

Кыргызстандын орус чек арачыларына жардамы

Александр Зеличенко, ИИМдин отставкадагы полковниги:
— 1992-жылы Тажикстандагы кандуу тирешүү баңги бизнесине кенен жол ачты. Согуштун айынан Афганстан менен чек ара мурдагыдай кайтарылбай, аткезчилер Ош — Хорог жолу аркылуу Кыргызстанга ири көлөмдө баңгизат ташый башташты. Андан соң Казакстан аркылуу Россия менен Европага таркатып, КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна чоң коркунуч жаралды. Кылмыш дүйнөсүнүн чырагына май тама баштаган эле. Ошол учурда мен ИИМдин баңги бизнесине каршы күрөшүү боюнча кызматынын жетекчиси элем. 1993-жылы Ошко барып Кыргызстан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна (ТТАО) тынчтык орнотуучу батальонун Ош аркылуу жөнөтөрүн угуп калдым. Оштон атайын барып анын офицерлерине жолуктум да кошо барууну өтүндүм. Анткени наркобизнеске ким жардам берип жатканын, аткезчилер баңгизатты кандай ыкма менен ташыганын изилдешим керек эле. Сунушумду ыраматылык полковник, аскердик чалгынчы Жумалы Кубатов дароо колдоду. Буга чейин аны таанычу эмесмин, батальондун курамында экен. Жолдо Батальондун офицерлери, прапорщиктери жана жоокерлери өз ыктыяры менен бара жатканын билдим. Жумалы Осмонович менен жумуш боюнча сүйлөшкөн учурлар болду. Анын адамгерчилиги, билими жана тажрыйбасына абдан таң калдым. Тоолуу Бадахшандагы россиялык чек арачылар биздин батальон кирип жатканын көрүп, аябай сүйүнүштү. Өзгөчө россиялык чек арачылардын үй-бүлөлөрү кубанды. Анткени 1990-жылдардын башында алар чек арада жалгыз калышкан. Мындан сырткары, өздүк курамы жаңыланбай, айлыктары төлөнбөй калган. Дал ушул себептен улам орус чек арачылар үй-бүлөлөрү менен инфраструктурасын сактап калууга гана күчү жеткен. Афгандык моджахеддер менен тажик козголоңчулар орус чек ара сакчыларын көзгө илбей калышкан. Баңгизат ташып өтүү үчүн заставаларга кол салган учурлар да болгон. КР тынчтык орнотуучу батальонунун киргени россиялык чек арачыларга дем берди. Чынында эле кыргызстандык жоокерлер орус кесиптештери менен биргеликте кыска убакытта апийим ташыган аткезчилердин жолун бууду. Алар мурдагыдай кыр көрсөтө албай калды. Ошол учурда ЖККУ кантип түптөлгөнүнө күбө болдум.
© Sputnik / Досхан НусупбековНациональный координатор проекта ЕС КАДАП Александр Зеличенко
Национальный координатор проекта ЕС КАДАП Александр Зеличенко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Национальный координатор проекта ЕС КАДАП Александр Зеличенко
Нурлан Молдошев, КР Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги:
— 1993-жылы күздө легендарлуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун тобуна кошулдум. Адегенде бул топто Жумабек Асанкулович, полковник Чоро Мураталиев, маркум подполковниктер Жумалы Кубатов, Адылбек Кадырбеков жана Эрик Асаналиев гана болгон. Жогорудагы беш офицер жетекчиликти Борбор Азиядагы аскердик-саясий жана социалдык-экономикалык абал тууралуу так маалымат менен камсыздап турду. Кошуна Тажикстандагы жарандык согушка өзгөчө көңүл бурулган. Афганстанда да моджахеддер менен талибан* кыймылы (Кыргызстан менен Россияда тыюу салынган террордук уюм) ортосунда кандуу тирешүү жүрүп жаткан учур болчу.
© Фото / Из личного архива Нурлана МолдошеваКР Коргоо министрлигинин офицери Нурлан Молдошев ( оң жактан экинчи) куралдашы Сайфутдин Азизов менен . Баткен облусу. 2000-жыл
Офицер Министерства обороны КР Нурлан Молдошев со своим соратником Сайфутдином Азизовым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
КР Коргоо министрлигинин офицери Нурлан Молдошев ( оң жактан экинчи) куралдашы Сайфутдин Азизов менен . Баткен облусу. 2000-жыл
1993-жылдын башында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы чек араны кайтарган КР тынчтык орнотуучу батальонун төрт жоокерин Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) согушкерлери туткундап, аларды Түндүк Афганстанга өткөрүп жиберишет. Акаевдин расмий булактардан алардын тагдырын билүүгө жасаган аракетинен майнап чыкпайт. Жарым жыл бою бул төрт аскердин эмне болгону билинбейт. Ошондо генерал Асанкулов туткундалган жоокерлерди бошотуу үчүн подполковниктер Жумалы Кубатов, Адылбек Кадырбеков жана лейтенант Мамытовду жиберет. Жумалы Осмонович 1980-жылдардын башында Түндүк Афганстанда моджахеддерге каршы согушкан, сырын жакшы билчү. Бирок мындай татаал маселе аскер чалгын кызматына жүктөлбөшү керек эле. Үчөө Тажикстандын Бадахшан чөлкөмүнүн администрациясы жана БТОнун өкүлдөрү менен кезигип, маалымат чогултушат. Акырында Кубатов төрт туткунду алып чыгуу үчүн Түндүк Афганстандын Тахар аймагына өтөт. Ал жерден Жумалы Осмонович жергиликтүү бийликтин башчысы жана моджахеддердин командири менен жолугат. Алар аны дароо таанып, жакшы кабыл алышат. Кубатов туткундагы төрт жоокерди бошотууга генерал Асанкулов жибергенин айтат. Тигилер "экөөңдүн кадыр-баркың үчүн колубуздан келген жардамды аябайбыз" деп убада беришет. Жумалы Осмонович мейман болот. Эртең менен моджахеддердин командири жылаңайлак жүргөнүн байкайт. "Сен командир болсоң, жылаңайлак жүргөн болбойт" деп ага бир жуп байпагын берет. Командир абдан ыраазы болуп, туткундарды бошотууга чын дилинен жардамын берген экен. Бир аз убакыттан кийин Кубатов төрт аскерди аман-эсен Тажикстанга алып чыгып, эки кесиптеши менен Кыргызстанга келишет. Ушул окуяны мага Жумалы Осмонович өзү айтып берген. Бир жуп байпак кыргызстандык жоокерлерди туткундан алып чыгууга чоң көмөк берди деп тамашалап айтканы эсимде. Кубатов көзгө көрүнбөгөн майда фактыларды пайдаланып, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы атайын операцияны ийгиликтүү жыйынтыктаган.
149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун офицери, экинчи мото аткычтар батальонунун  2- миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев.  Кундуз аймагы, Түндүк Афганистан. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Улуттук армия төрт офицердин эмгеги менен түптөлгөн. Полковник Темиралиевдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0