Европа биримдиги Россияга каршы согушта өзүнө союздаш издөөдө. Сереп

© AFP / LUDOVIC MARINКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Астанада. Архивдик сүрөт
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Астанада. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Батыштын Украинадагы Россияга каршы долбоору ишке ашпай, Африкадагы неоколониялык саясаты кыйрап, Россияны санкция киргизүү менен чектөө, РФти саясий обочолонтуу аракети майнапсыз болгондо европалыктар ушул эле ниетин Борбор Азия тарапка бурду.
Ушундай ойду ортого салган серепчи Елена Караеванын кезектеги калем шилтеми да РИА Новости сайтына жарыялаган. Чалгындоого Макронду жөнөтүшкөндөй, анткен менен ага азыр өз өлкөсүндө да шайлоочулардын 70 пайызы ишеним артпайт эмеспи. Ошондуктан күндеминен түшпөө үчүн Парижден сыртка чыгып турганы оң окшойт.
Апта ортосунда франциялык президент Казакстан жана Өзбекстанда иш сапары менен болду. Кызыгы, жакында эле франциялык басма сөз эки мамлекетти тең "автократтык" деп атап жаткан. Андай көз караштардан дароо арылып, миңдеген чакырымдык жол жүрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Макронго эмне түрткү болду дейсиз? Париж ресурстарын, индустрия тармактарын пайдаланып келген Африкада олуттуу түрдө чектөө киргизилди. Ошондой эле санкциялар киргизилип, алар Францияны энергетикалык ресурстардан, сейрек кездешүүчү металлдар менен жабдуудан кур жалак калтырды. Бүгүн болбосо эртең эле алардын ордун толуктоого туура келет. Ал эми уранга да, сейрек кездешүүчү кендерге да ээлик кылган Казакстанда мындай сапарларды уюштургандардын оюнда Россиянын ордун ээлөө керек өңдөнөт.
Кыязы франциялык тышкы саясий мекеменин тийиштүү бөлүмдөрүнүн Казакстан менен Россияны өзөктүк энергетика тармагында кандай алакалары бар экенинен кабары жок көрүнөт. Өзбекстан менен деле жагдай ушундай.
Европага Борбор Азиянын зарылдыгы эмне? Буга жоопту Politico басылмасындагы макала бергендей. Аталган медиа "Макрон жаңы досторду, уранды издеп Путиндин арткы короосуна конду" деп макаласын да ачуу кеп аралаштыра атаган. Анткен менен тилден жаңылбай, неоколониализмди чагылдырган сөздөрдү аралаштыргандан карманса болмок экен. Россия менен ири кургак чек арасы бар Казакстан да, ымалалаш Өзбекстан да эч кимдин "арткы короосу" эмес. Алар – өлкө ичинде да, анын тышында да өз алдынча саясат жүргүзгөн эгемен, көз карандысыз мамлекеттер.
Россия да Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги түзүлгөн отуз жылдан ашуун мезгил аралыгында аларга эч качан желдет өңдүү мамиле жасаган эмес. Андай көрүнүш – мамилелердин нагыз европалык үлгүсү.
Макрон ири ишкерлердин миң делегациясы менен келсин, убадаларын аябай жаадырсын, бирок француздардын өздөрү ишенбеген лидерге башкалар кайдан кулак салсын? Ошондуктан Россияга каршы согушта жаңы союздаш издөө аракетинен да майнап чыккан жок.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жапаров: ири геосаясий оюнчулардын Борбор Азияга кызыгуусу күчөп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0