Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жазуучулар союзуна кийинки жылдан тарта 25 млн. сомдон бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков
Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков 2024-жылдан тарта Жазуучулар союзуна жылына 25 миллион сомдон, ал эми башка союздарга 15 миллион сомдон каражат бөлүнүп турарын айтты.
Жазуучулар союзу өз арабасын өзү тартып, мамлекеттен каржы сурабашы керек деген сөздөрдү угуп зээним кейийт. Биз адабиятка руханий байлык катары мамиле жасабасак улут, мамлекет болуп калыптана албайбыз. Мындай пикирин Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жазуучулар союзуна кийинки жылдан тарта 25 млн. сомдон бөлүнөт
Анын айтымында, китеп басып чыгарууга да акча керектелгендиктен Жазуучулар союзуна башкаларга караганда көбүрөөк каражат бөлүнөт.
"Жазуучулар союзу 90 жылдык тарыхы бар мекеме. 2004-жылы улуттук макамын алган. Учурдагы абалына мышык ыйлайт десек аша чапкандык болбойт. Мисалы, кошуна өлкөлөр Өзбекстан, Казакстанда деңгээли министрлик менен тең уюмдар болуп эсептелет. Өзбекстан 20 гектар жер бөлүп берип, жер төлөсүн музейге айландырып, үч кабат имарат куруп берген. Жылына 25 миллиард сумдан бөлүп турат. Ал эми Казакстанда 1950-жылдары курулган, биздин азыркы мэриядан чоң имараты менен илгерки Жазуучулар союзун сактап калышкан. Өлкөдөн түз каржыланбайт, бирок гранттык системада, меценаттар менен иштешип келишчү. Эми кийинки жылдан алар да толугу менен мамлекеттик каржылоого өтүп жатышат. Азербайжан жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдү айтпай эле коелу. Ал эми бизде эгемендүүлүк алгандан бери такыр каралбай калган. Президент катышкан бир иш-чарада сүйлөп жатып союздун абалы тууралуу да айта кеттим эле. Соңунда өлкө башчысы кийинки жылдан тарта жазуучуларга да көңүл бурула баштаарын убадалаган болчу. Аз-аздан болсо да жылыш бар. 2017-жылы чыккан, президент кол койгон мыйзам бар экен. Анда чыгармачылык бирикмелерге социалдык пакет аркылуу колдоо көрсөтүлөрү айтылыптыр. Ошол да быйыл ишке ашып, Жазуучулар союзуна жылына 25 миллион, композиторлор, сүрөтчүлөр жана башка бирикмелерге 15 миллион сомдон бөлүнүп турмай болду. Быйылкы 6 айга 15 миллион сом бөлүнөт экен. Анын 500 миң сому бөлүнүп, анын алкагында айыл аймактарды кыдырып эл менен жолугушууларды өткөрүү, дүйнөлүк адабий котормолорду көбөйтүү, балдар адабиятын жандандыруу багыттарында долбоорлорду берип жатабыз", — деди Калыбеков.
Ал ошондой эле проза жанрын өнүктүрүүгө да басым жасаларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0