Мыйзамсыз курулган үйлөргө мунапыс берүү иши эмнеге жай жүрүүдө? Чоо-жайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековАк-Ордо жаңы конушунун үйлөрү. Архив
Ак-Ордо жаңы конушунун үйлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
2022-жылдын 14-июнунан баштап жер мунапысы боюнча мыйзам жарыяланган. Азыр Чүй облусунун тегерегиндеги мыйзамсыз салынган турак жайларга мунапыс берүү иши жетиштүү деңгээлде жакшы жүрбөй жатканы айтылууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын жер кадастр жана каттоо башкармалыгынын башчысы Аскат Чолпонбаев болду.
— Мыйзамсыз курулган үйлөрдүн жер тилкесине мунапыс берүү ишинин тарыхына токтолсоңуз?
— 2021-жылы ноябрда Садыр Жапаров Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун эли менен жолугушуу өткөргөн. Анда көптөгөн сын-пикирлер, көйгөйлөр айтылып, анын ичинде турак жайга байланыштуу документтерди тариздөө маселелери да көтөрүлгөн. Президенттин тапшырмасы менен "Жер-укуктук мамилерин жөнгө салуу" мыйзамынын долбоору иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып кабыл алынган. Кийин 2022-жылдын 31-майында министрлер кабинетинин 291-токтомунун негизинде "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобо бекитилген. Ага ылайык, жер мунапысы жергиликтүү райондук администрациялар тарабынан жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан 29 миңге жакын жер мунапыска жатары аныкталган. Көбү айыл чарба багытында. Өздөрүнүн үлүш жерлерине там салып алгандар да бар. Же болбосо ошол үлүш жерлер сатылып, үйлөр салынып калган. Андан тышкары, Токой фондунун же дагы башка багыттагы категориядагы жерлерге турак жай түшүп калган. Негизи мыйзамда жер максаттуу багыты боюнча колдонулушу керектиги жазылган. Мисалы, айыл чарба багытындагы аянттар бир гана дыйканчылыкка пайдаланылышы зарыл.
— Президент мунапыс мыйзамынын аткарылышына мөөнөт койду эле...
А.Ч.: — Туура, жобо кабыл алынгандан тарта жергиликтүү администрациялар трансформация иши старт алганын жарыялашкан. Ошол күндөн тарта мунапыс процедурасы башталышы керек эле. Бирок практика жүзүндө иш алып барууда көптөгөн көйгөйлөр жаралды. Там салган жарандардын ичинде чет өлкөдө жүргөндөрү да бар. Алардан арыз кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Көптөгөн сунуштар түшкөндүктөн бүтүрүү мөөнөтү алып салынган. Бүгүн мөөнөт жок. Бирок жер мунапысын жүргүзүүдөгү көйгөйлөргө ылайык, президенттин демилгеси менен 43-тескеме кабыл алынган. Анын негизинде мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын максаты — жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кандайдыр бир түшүнбөгөн жагдайлар жаралган учурда ведомстволук жумушчу топко кайрылып көмөк алуу. Азыр комиссиянын сунушу менен кайрадан жобого өзгөртүү киргизип, мөөнөттү коюу каралууда. Антпесе иш созулуп кетиши ыктымал.
© Sputnik / Асель СыдыковаЧолпонбаев: жалпысынан 29 миңге жакын жер аныкталган. Көбү айыл чарба багытында. Өздөрүнүн үлүш жерлерине там салып алгандар да бар.
Глава Управления земельного кадастра и регистрации СЗР Минсельхоза Аскат Чолпонбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Чолпонбаев: жалпысынан 29 миңге жакын жер аныкталган. Көбү айыл чарба багытында. Өздөрүнүн үлүш жерлерине там салып алгандар да бар.
— Чүйдө айыл чарба же башка багыттагы канча гектар жер калктуу конушка трансформацияланды?
А.Ч.: — Жалпысынан мунапыс мыйзамынын алкагында 132 778 арыз кабыл алынды. Анын ичинен 21 404 кыймылсыз мүлккө техникалык паспорт (турак жайга болгон документ), 29 250 укук күбөлөндүрүүчү документ (жер тилкесине болгон укук) берилди.
— Учурда жерге мунапыс берүү иши жай жүрүп жатканы маалым. Кандай көйгөйлөр болууда?
А.Ч.: — Айрыкча Бишкек, Ош шаарынын тегерегинде жайгашкан аймактарда жана Кара-Суу, Сузак райондорунда көйгөйлөр көп. Бүгүн республика боюнча 7 168 гектарга жакын жер трансформация болду. Кызыл китеп алууга түшкөн арыздардын ичинде башка кишиге үлүш жер катары катталган учурлар бар. Муну чечүү бизге оор болгон. Бирок мекемелер аралык жумушчу топтун сунушу менен 291-жобого өзгөртүү киргизип, каттоо маселесин иретке келтиргенбиз. Каттоо учурунда эки жарандын тең укугун тебелеген жокпуз. Үлүш ээсинин да, факт түрүндө там салып алган жарандын да укугу катталып жатат. Бирок ошол эле учурда алар кийин сотко кайрылып, тигил же бул тараптын укугун аныктап келсе, ошондо гана акыркы чекит коюлат. Бүгүн ушул көйгөй бар. Талаштуу жерлер көп болгондуктан эки тараптын тең укугун каттап жатабыз.
— Сокулукта жерди трансформациялоо иши кандай жүрүүдө?
— Учурда Сокулуктан 23 437 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 12 014ү канааттандырылды. Бул "жер трансформация болду" дегенди билдирет. Ага чейин коомдук талкууга тизме илинип, арыздын ээлери барып ПЗУ (жер тилкесинин планы — ред.) алат да, анан айыл өкмөттүн чечими кадастрга жөнөтүлөт. Натыйжада бизге 4 085 арыз менен киши кайрылып, алардын 3184үнө кызыл китебин каттап, колдоруна карматтык. Иш бир аз жай жүрүүдө. Ага сот тарабынан камакка алынып калган жерлер себеп.
Бир эле жерди эки адамга ишеним кат менен сатып салган учурлар да бар. Мунапыстын кечеңдеп жаткан дагы бир себеби ушул. Мисалы, бир эле жер тилкесине мыйзамдаштырып берүү боюнча эки адам кайрылууда. Бул учурда комиссия соттон чечишип келүүгө аргасыз жиберет. Жумушчу топ өзү билип чечип бере албайт, ал колундагы документтерди гана кабыл алат. Соттун чечими менен чектөө коюлган жерлер мунапыска жайылтылбайт.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧолпонбаев: Бишкек, Ош шаарларынын тегерегинде жайгашкан аймактарда жана Кара-Суу, Сузак райондорунда көйгөйлөр көп
Рабочий визит президента Садыра Жапарова в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Чолпонбаев: Бишкек, Ош шаарларынын тегерегинде жайгашкан аймактарда жана Кара-Суу, Сузак райондорунда көйгөйлөр көп
— Бирөө жерди сатып алганы боюнча ишеним кат көрсөтсө, ал эми экинчиси там салып алса, сот кимисине чечип берет?
А.Ч.: — Там салып жашап алган жаранга гана документ беребиз. Ал эми жогорку чыңалуудагы электр зымдары коргоо зонасына кирип калган, андан тышкары, санитардык нормалар бар. Мындан тышкары, темир жол жана башка кызыл сызыкка кирген жерлерге документ берилбейт.
— Ошол кызыл сызыкка салынган үйлөрдүн тагдыры эмне болот?
А.Ч.: — Бул маселе бүгүн ачык турат. Башында анализ жүргүзүлгөндө ушундай көйгөйлүү 5 000 гектар жерге тамдар салынып калганы аныкталган. Санитардык нормалар боюнча аны көзөмөлдөгөн органдар бар. Нормативдерге өзгөртүү киргизип, четинен чечип келе жатабыз. Коргоо зонасынан алып салбасак да, аларга бир аз жеңилдик берилүүдө. Тамын буздуруп элди эшикке чыгарып коё албайбыз. Мисалы, таштанды полигонунун жанында жайгашкан үйлөр бар. Булар мыйзамдаштырылбайт. Анткени эртең кандайдыр бир оорунун очогу чыгып кетиши мүмкүн. Ал тамдын ээсине эле эмес, коомго да жалпы таасирин тийгизиши ыктымал. Бул маселе ачык. Өзүнчө каралат деп эсептейбиз.
— Трансформациянын негизинде жалпы айыл чарба багытындагы жердин канчасы кемиди?
А.Ч.: — Бул жалпы жер мунапысы бүткөндө гана такталат. 29 000 гектар — бул болжолдуу берилген. Жер мунапысы аяктагандан кийин аталган аянт кыйла азайышы мүмкүн. Жергиликтүү комиссиялар жеринен тактап жатышат. Сокулук боюнча 2 251 гектарга жакын жер калктуу конушка которулду. Ар бир облустун өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Чүйдө жалпысынан айдоо жерлерге, айыл чарба багытындагы сугат жерлерге, ал эми Жалал-Абад облусунда токой чарбасынын жерлерине үйлөр салынып кеткен. Баткенде жарандар өз үлүшүнө эле там салып алышкан.
Мыйзамсыз жер басып алууларды болтурбоо максатында президенттин №109 жарлыгы чыккан. Бүгүн тиешелүү мыйзамдарга да өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары мындай өзү билемдик менен турак жай кургандардын да жоопкерчилиги каралат.
© Sputnik / Акылбек БатырбековЧолпонбаев: бир эле жерди эки адамга ишеним кат менен сатып салган учурлар бар. Мунапыстын кечеңдеп жаткан дагы бир себеби ушул
Большой Чуйский канал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Чолпонбаев: бир эле жерди эки адамга ишеним кат менен сатып салган учурлар бар. Мунапыстын кечеңдеп жаткан дагы бир себеби ушул
— Учурда мунапыс болгон айрым жер тилкесине берилген мамлекеттик актыга чектөө номери коюлуп жаткандыгы айтылууда. Муну түшүндүрүп бересизби?
А.Ч.: — Тийиштүү жобонун 29-пунктуна тиешелүү өзгөртүлөр киргизилген. Эгер үлүш ээси өз укугун токтотуу боюнча арыз бербесе жана ошол жер тилкесине там салып жашап жаткан жаран мунапыс аркылуу арыз тапшырып, тиешелүү процедуралардан өткөн болсо, ага кызыл китеп бериле берет. Бирок жер тилкесине укук ээсинин жана кызыл китеп алган жарандын укуктары бирдей катталат. Бул чектөө убактылуу коюлат. Сот тарабынан жер тигил же бул жарандыкы экени аныкталган соң гана чектөө алынат.
— Чектөө коюлган кызыл китептин кадимки кызыл китеп менен кандай айырмасы бар?
— Эч кандай айырмасы жок. Экөө тең укукту тааныта турган документ. Бирок чектөө коюлган кызыл китепти сатууга же кандайдыр бир процедура жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынат.
— Ошто Сулайман-Тоонун этегиндеги курулуштардын маселеси кандай чечилүүдө?
А.Ч.: — Мыйзамда ЮНЕСКОнун объектилерине мунапыс жайылтылбай турганы так белгиленген. Сулайман-Тоо тарыхый мурас болгондуктан мунапыс жүргүзгөн жокпуз. Чек арага жакын аймактарга, Баткен облусундагы үйлөргө кызыл китеп берилип жатат. Бирок такталбаган чек ара тилкелерине азырынча документ бере албайбыз. Мунапыс мыйзамына өзгөртүү кирген жок жана кирбейт. Ал эми анын негизинде кабыл алынган жобого өзгөртүү киргиздик. Эң негизги өзгөрүү жарандардын сунушунун негизинде болду.
Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтосунов (сол жакта) жана жер ресурстары кызматынын маалымат катчысы Тилек Тургуналы уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Кыймылсыз мүлк жаатында документ алуу жеңилдеди. Жер ресурстары кызматынын иши
Жаңылыктар түрмөгү
0