Небензя: БУУнун корутундусу бар, Израилдин өзүн коргоого укугу жок

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя. Архивдик сүрөт
Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
Элчи Москва тараптарды кан төгүүнү токтотуп, арачыларга дипломатиялык чечим боюнча иштегенге мүмкүнчүлүк беришин суранып келерин кошумчалады.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Израилдин баскынчы держава катары өзүн коргоого укугу жок, бул БУУнун эл аралык сотунун 2004-жылдагы корутундусу менен тастыкталган. Бул туурасында Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
Дипломаттын айтымында, БУУнун атайын X сессиясында АКШ жана анын союздаштары жасачу нерсе — "Израилдин өзүн-өзү коргоочу болжолдуу укугу жөнүндө сүйлөшүп, бекемдеп алышы мүмкүн, бирок басып алган держава катары мындай укукка ээ эмес. Бул БУУнун эл аралык сотунун 2004-жылдагы корутундусу менен тастыкталган".
Ал АКШнын жана анын жандоочуларынын "башка жагдайларда "гуманитардык мыйзамдарды сыйлоого чакырып, иликтөө комиссияларын түзүп жиберүү туурасында" айтып, ал эми ондогон жылдар боюнча уланган зомбулукту токтотуунун акыркы чарасын көрүү катары иштерди жүргүзүп жаткандарга санкция киргизүүгө чакырык салууну эки жүздүүлүк деп атады.
"Башка аймактык маанайда жаалданып сындап жаткандар бүгүн Газадагы жүрөк титиреткен талкалануулар боюнча, жарандык объектилерге, анын ичинде ооруканаларга кол салынып, миңдеген балдардын өлүп жатканын көрүп суу ууртап алгансып унчугушпайт", — деген атайын өкүл.
Муну менен катар эле Небензя Россия Израилдин өз коопсуздугун камсыздоо укугун тааный турганын белгиледи.
"Ал нерсеге Палестина көйгөйү БУУнун белгилүү резолюциясынын негизинде адилеттүү, толук чечилгенде гана толук кепилдик бере алат. Биз Израилдин террорчулук менен күрөшүү укугунан баш тартып, каршы чыкпайбыз. Бирок жай жарандар эмес, террорчулар менен күрөшкүлө", — деген Небензя.
Ал Москва карышылашкан тараптарды кан төгүүнү токтотуп, арачыларга дипломатиялык чечим боюнча иштегенге мүмкүнчүлүк беришин суранып келерин кошумчалады.
Муну менен катар эле Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Израилге Газа тилекесинде жердеги операцияларды жүргүзүүгө карт-бланш беришине каршы чыгып сүйлөдү.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болду дегенден бери курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 8,5 миң кишиге жетип, 21 миң адам жаракат алганы айтылды. Ал эми Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 240 адамдын ХАМАСтын туткунунда турганы айтылды.
Газа сектору менен чек арага жакын жерде Израилдин аскерлери аскердик техникада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Небензя: АКШ менен Израиль Газанын тургундарын тукум курут кылуу ниетинде
Жаңылыктар түрмөгү
0