Эмдөө менен көп ооруну ооздуктап калдык, бирок көйгөй бар. Ветеринардын маеги

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАйыл чарба фермасынын короосундагы бодо мал
Айыл чарба фермасынын короосундагы бодо мал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Мал ылаңы адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ветеринарлардын айтымында, өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу. Ошентсе да кооптуу учурлар бар.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов болду.
— Жаз, күз айларында малды эмдөө эмнеге байланыштуу жана кайсынысынан баштоо керек?
— Сапаттуу продукция алууда малдын саламаттыгы биринчи кезекте болот. Союз мезгилинде олуттуу мал ылаңына эмдөөлөр байма-бай жасалып, дарттын көбүн жоготконбуз. Эгемендик алгандан кийин ветеринардык кызмат бир аз аксап калганына байланыштуу жеке менчик ээлери малды өз каалаганындай асырап, эмдөө иштерине маани бербей, сырттан көп мал киргендиктен ар кандай оорулар пайда болду. Мисалы, шарп ылаңы мурда жок болчу. Кийин 2000-жылдардын башында өлкөгө сырттан келген малдан жайылды. Өкмөттүн буйругу менен бекилген тизмеде 22 оору бар. Малдын тогуз илдетине (бруцеллез, шарп, кара сан, койлордун кыргыны, күйдүргү, кутурма, канаттуулар жана башка малдын туберкулезу, жылкынын маңка оорусу жана эхинококкоз) каршы профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Быйылкы жылдын тогуз айында 18 миллион 250 миң баш малга ар кандай алдын алуучу иш-чаралар жасалган. Мунун ичинен 881,5 миң башка диагностикалык изилдөөлөр, 16 миллион 824 миң эмдөө, 544,6 миң баш малга мите курттарга каршы аракеттер көрүлдү. Ошентсе да ар кандай оорулардын очогу пайда боло калууда. Алсак, быйыл кутурманын 23 учуру катталды. Кара-Суу районунда колуна жара чыккан адам ооруканага кайрылып, текшере келгенде күйдүргү экени аныкталган. Бирок ооруган малды союп таратып жибергендиктен очогу аныкталбай калды. Жаратылышта кутурманы карышкырлар менен түлкүлөр алып жүрөт. Шилекей аркылуу жугат. Буга каршы эмдөө жүргүзүлүп, жолбун иттер атылууда .Ал эми уйлар санитардык эрежеге ылайык, 14 күндүн ичинде союлуп жок болушу керек. 2007-жылдан баштап эл арасында бруцеллез менен ооруган 4000ге чукул адам болгон. 2009-жылдан бери койлорго бруцеллезго каршы көзгө тамчылатуучу вакцина колдонулуп, азыркы тапта ооругандардын саны 400-500гө түштү. Быйыл вакцина сатып алынбай, ушул жылдын төлү эмделбей калды. Бирок эмдиги жылы жаңы төлгө кошулуп эмделет. Сапаттуу продукция алуу үчүн мал илдеттерин алдын алуу маанилүү.
© Sputnik / Асел Акмат Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов
Заместитель директора Ветеринарной службы при Министерстве сельского хозяйства Бакыт Шарапов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов
— Эмдөө иштерин кантип жүргүзөсүздөр?
— Негизинен элге түшүндүрүү жолу менен өтөт. Ар кандай рычагдарды колдонуп, айып пул салгандан деле алыспыз. Ооруган малга бир топ каражат кетип калат, ал эми эмдөөгө он эсе аз акча сарпталат. Эл муну түшүнүп калды. Кычкылтек жетишпей жабыркатчу илдеттердин түрүнө кирген кара сан менен ооруган мал күйдүргүдөн жабыркаган малдай эле өлүп калат. Айыкпайт. Буттары шишийт. Сандарын басканда кыртылдаган үн чыгат. Ал эми пастереллез дартында малдын башы шишип, дароо өлөт. Муну көргөн чабандар өздөрү эле жазында ветеринарга кайрылып эмдетип калышты.
Эмдөөнүн натыйжасында өлкөдө бруцеллез менен ооруган адамдардын саны кыйла кыскарды. Республика боюнча 1180 жеке ветеринар биз менен келишим түзүп, эмдөө иштерин жүргүзөт. Мындан тышкары, вакциналар мамлекет тарабынан бекер берилип жатат. Бирок дарыгер кызмат акысын алат. Кээ бир мал ээлери акчасын бербей кыйнашат.
— Жогоруда сиз санаган вакциналардын кайсынысы милдеттүү түрдө алынат?
— Шарп, күйдүргү, кутурма, койлордун күл ылаңы, кой-эчкилер кыргыны жана бруцеллезго каршы эмдөө милдеттүү. Ал эми кара сан менен пастереллезго жеке ветеринарлардан сатып алып сайдырышат. Мамлекет тарабынан бекер сайылбайт. Мындан үч жыл мурун уйлардын коркунучтуу дарты катары эсептелген нодулярдык дерматит оорусу өлкөгө келген. Ал Казакстанда кеңири тараган. Эмдөө аркылуу ооруну ооздуктап калдык. Андан кийин катталган жок. Жеке ветеринарлар да эмдөө боюнча акт түзүп, отчёт берип турат. Азыр отчёт электрондук түрдө берилип калган.
— Мал базарда сатылган малга ветеринардын маалым каты керек эмеспи. Бул канчалык деңгээлде туура? Анткени жеринде эле жазып берип койгонун көрөбүз...
— Жаныбарларды көзөмөлдөө жана идентификациялоо системасы аркылуу ветеринардык күбөлүктөр берилет. Жеке ветеринардын чөнтөк телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлгөн. Кайсы малга эмдөө жүргүзгөнүн доктур билет. Андыктан ушул тиркеме аркылуу ветеринардык күбөлүк түзүлүп калат. Сатууга кеткен мал чыгыштоо номери менен кетет. Аны сатып алган адам ветеринардык күбөлүк менен айылындагы жеке ветеринарга кайрылат да, номери аркылуу мал жаңы кожоюнга кириштелгенде автоматтык түрдө мурунку ээсинен чыгып кетет. Мал союучу жайга барган малдын жеке номери да тиркемеден чыгышталып, ага союлду деген кошумча маалым кат тиркелет.
Ал эми лабораториядан эмне менен ооруганы, кайсы жерден союлганы, кайсы базардан сатылганы тууралуу маалыматтар менен QR коду аркылуу тааныша алышат.
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Майда чарбалар эмес, ири корпорациялар керек. Айыл чарбасы канткенде өнүгөт?
— Азык-түлүк коопсуздугу жагынан алганда азыр эттен жана сүттөн антибиотик же дагы башка зат чыгып калууда?
— Жылына тамак-аш коопсуздугу боюнча мониторинг пландалып, аймактарга жөнөтүлөт. Эт, сүт өндүрүүчү ишканалардан тартып базардагы эт, сүт сатып жаткан жерлерге чейин үлгү алышат. Ал лабораторияга жөнөтүлүп, эттеги антибиотиктер, ГМО жана кайсы малдын эти экени да аныкталат. Анык бир өндүрүүчүнүн продукциясын биз текшере алабыз. Ал эми сүттү бир айылдан бир унаага аралаштырып эле чогултуп келет эмеспи. Мында кимдин сүтүнөн туура эмес анализ чыкканын далилдөө кыйын. Жоопкерчилик ортомчуларга эмес, ишканаларга жүктөлгөндүктөн, алар көзөмөл жүргүзүшү керек. 10 машина келип сүт тапшырса, ар биринен 10 граммдан үлгү алып текшерүү керек. Кайсынысынан чыкса, аны алып келген ортомчуга айтат. Ал сүт саткан дыйкандардын тизмесин жеке ветеринарга тапшырып, мал доктур кыдырып уюн дарылаган жаранды аныктап, андан сүт алууга убактылуу тыюу салышы керек. Мындай иш бизде жүрбөй келет, бирок бул коопсуздук үчүн маанилүү процесс.
— Шаар жеринде тез татымдарда уулануулар көп катталып калууда. Булар негизинен этти кайдан алат?
— Казанга чейин ветеринардык кызмат, андан ары санитардык кызмат жооп берет. Даяр тамактан уулануу көп. Атайын арыз менен 189 тез татымды текшерип бардык. Анда чийки эттен бактериялар табылган жок. Бирок көбү коопсуздук эрежесин сактабайт. Эт ветеринардык күбөлүк менен келиши керек. Ушундан улам 22180 сомго айып салдык. Мыйзамдын чегинде текшерүү дагы уланууда. 1000ден ашык коомдук тамактануучу жайларга мониторинг жүргүздүк. 1-2-кварталда 1681 объект текшерилип, 731 000 сомго айып салынды.
— Республиканы вакцина менен камсыздоого мамлекет жылына канча каражат бөлөт?
— Жылына 86 миллион сомдун тегерегинде бөлүнөт. Былтыр 83 миллион сом берилген. Негизинен 320 миллион сом керектелет. Эгер 22 ооруну эмдесек, анда 562 миллион сомго чыгып кетет. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу фермерлер түшүнүү менен кабылдап, малын эмдетүүдө. Негизинен вакцина Россиядан алынат, болгону күл жана кой-эчкинин кыргынына каршы дары Иорданиядан келет.
— Асыл тукум мал сырттан көп алып келинүүдө. Булар көзөмөлдөнөбү?
— Алгач чек ара кызматы райондук ветеринардык кызматка кабар берет. Жеринде ветеринардык башкармалык ал малды карантинге коёт. Карантин учурунда каны текшерилип, 30 күн ичинде эч бир жугуштуу оору чыкпаса, жалпы малга кошулат. Кулагына бирка тагылып, чип басылып катталат. Асыл тукум мал ооруларга туруксуз келет. Мурда вакцина албаган малга оору жукса катуу ооруйт. Азыр дарылыкка сүттү чийки ичип жатышат. Бул кооптуу. Жазында бээлердин баарын бруцеллезго каршы текшеребиз. Анан гана уруксат берилет. Тилекке каршы, ооруп калгандары да болот.
Товарды маркалоо процесси. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Товарды маркалоо ЕАЭБ алкагында экспортко шар чыгууга жол ачат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0